Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

“Ата Мекен” фракциясы Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну караган мыйзам долбоорду өкмөткө жана парламент комитетине жөнөттү. Жыл башында Кыргызстан менен "Центерра Голд" 50/50 үлүштүк биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө меморандумга жетишкен. Эгер Кумтөр алтын кени улутташтырылса, кандай тобокелдиктер менен кесепеттери болот?

Кумтөр кенинин курулушун канадалык “Камеко” компаниясы 1994-жылы баштап, 1997-жылы ишке берген. Ошол эле жылдын май айында өндүрүш башталып, 1998-жылы алтындын алгачкы куймасы алынган.

1992-жылдын 12-январындагы келишим боюнча "Кумтөр Голд Компанинин" акциялары: 33,3% канадалык "Кумтөр Маунтин Корпорейшен" жана 66,7% "Кыргызалтынга" тийген.

Кумтөр жаңжалы 2003-жылы долбоор реструктуризацияланганда тутанган. Жаңы келишим боюнча Кыргызстан өз үлүшүн "Камекодон" бөлүнгөн "Центерра Голд инк." компаниясына берген. Компания Кумтөрдөн түшкөн кирешенин бөлүгүн Монголия менен Невададагы кендерди өздөштүрүүгө жумшай турган болгон.

2003-жылкы келишимде "Центерра Голд" Кыргызстандын бюджетине казылган алтындан эмес, түшкөн кирешеден төлөп турууга макулдашкан. Ошол эле маалда Кумтөрдүн алтынынын өздүк наркы коммерциялык сыр катары кыргыз өкмөтүнө беймаалым калган.

"Центерра" Кумтөрдөн канча пайда көрүп жатканы да белгисиз болгон. Кен казган компания өз кирешесин менеджментке кеткен чыгымдардын эсебинен азайтып көрсөтө алаары жашыруун деле эмес. Эксперттер мындай баш айланткан “сырдуу схеманы” алтын казган компаниялар кеңири колдоноорун белгилешет.

Кумтөрдөн түшкөн кирешенин бүдөмүктүгү алтын жаңжалын ырбаткан себептердин бири. Эксперттердин эсептөөлөрүнө таянсак, алтын казууга кеткен чыгым – унциясына 500-1000 доллардын тегерегинде. Түндүк Американын алтын арзан казылган кендеринде унциясына 598 доллар, Кумтөрдө унциясына 800 доллардын тегерегинде.

1997-жылдан тарта 2010-жылдын 30-июнуна чейин Кумтөрдө 7,8 млн. унция же 242,5 тонна алтын казылган. 2008-жылы алтындын баасы 1000 долларга, 2011-жылы 1790 долларга жеткен.

"Центерра Голд" компаниясы 2014-жылдын алгачкы үч айында 116 миң унция, же 3.3 тонна алтын өндүргөн. Анын 2.91 тонна Кумтөрдөн алынган. Компания былтыр биринчи кварталда 3,36 тонна саткан, анын 2.54 тоннасын Кыргызстанда казылган алтын түзөт.

"Центерра" биринчи кварталда былтыркыга салыштырганда 4% аз, же 3,24 тонна алтын сатты. Сатылган алтындын 2.88 тоннасы Кумтөрдөн казылган. Компания алтынды унциясына 1292 доллар орточо баа менен саткан. Былтыр ушул маалда алтындын унциясынын орточо баасы 1619 доллар турган.

"Центерра" 2014-жылы Кумтөрдөн 17 тоннага чейин алтын өндүрүүнү пландаган жана бул жылга коюлган максаттар толук ишке ашарына ишенери интернет сайтына чыккан.

Улутташтыруу: тобокели менен кесепети

Эксперттердин ар кыл анализдери төмөнкүдөй тыянактарды берет:

Биринчиден, улутташтыргандан кийин Кумтөр азыркыдан көп киреше берерин так эч ким эсептеп чыга элек. Анткени кенден канча киреше түшөөрү, биз жогоруда айткандай, так белгисиз. Кумтөрдө 1 унция алтын казуу канча турарын "Центерра" коммерциялык сыр катары эч кимге чыгарбайт.

Кендеги эсептөөлөрдү жүргүзүү компаниянын алдына койгон стратегиялык максаттарына, кенди өнүктүрүүгө салчу инвестициясына жараша өзгөрө берет.

"Центерра" менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы чыр дагы канчага созулаары беймаалым. Андыктан "Центерра" ушул тапта мүмкүн болушунча кенден максималдуу пайда табууга артыкчылык берет.

Экинчиден, улутташтыруу жараяны туура эмес маалда башталды. 2005-2012-жылдары алтындын дүйнөлүк рыноктогу баасы кескин кымбаттаган. Кыргызстан Кумтөрдү улутташтыргандан кийин дүйнөлүк рынокто алтындын баасы кандай болоорун эч ким боолгой албайт. Учурда алтындын баасы унциясына 1208 доллар, көпчүлүк эксперттер 1200 доллар босого экенин белгилешет. Ал тургай дүйнөдө кирешсиз делген шахталар жабылып, иликтөө иштери токтоп калууга мажбур болду.

Эксперттер алдыдагы 18 айда бир катар алтын казган кендер өзүн актай албай калгандыктан токтойт деп боолголойт. Алтын казууга рыноктун өзгөрүүсү, башкаруучу режимдин саясаты, инвестициялык климат таасир этип, күтүлбөгөн жерден кенди иштетүүнү башка нукка салуусу мүмкүн. Айрыкча Кумтөр сыяктуу табигый шарты катаал кенди иштетүү тобокелдиктерге бай.

Үчүнчүдөн, коррупция жана жабык система. "Центерра" компаниясынын ишинде коррупциялык элементтер болсо жана алар жоюлбаса – ошону негиз кылып, кенди мамлекет өзүнө алып коет. Бирок улутташтырылган кенди башкарууда коррупциялык иштер болбойт жана ачык-айкын система түзүлөт деген кепилдикти эч ким бере албайт.

Muszkat Consultants компаниясынын иликтөөсүндө “Камеко” компаниясы 2002-жылы “Кумтөр” боюнча жаңы келишимди түзүүдөн бир жыл мурун кыргыз бийлигине төрт миллион доллар акчаны пара катары берген болушу мүмкүн деп көрсөтүлөт. Юридикалык компания Жогорку Кеңешке жиберген катта кыргыз өкмөтүнө “Камекого” каршы 3.5 млрд. доллар өлчөмүндө чыгым келтирди деген доо арыз берүүнү сунуштаган.

Төртүнчүдөн, Кумтөрдөгү экологиялык зыяндар жана алардын кесепеттери боюнча дооматтарды анализдөө өтө маанилүү. Казуу иштери экологиялык мыйзамдардын бузулушу менен жүрүп жатканын эл аралык жана жергиликтүү экспертизалар бир нече ирет аныктаган. Эгер кен улутташтырылса, экологиялык зыяндарды толугу менен жоем деп эч ким убада бербейт.

Бешинчиден, дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, 2011-жылы Латын Америкасындагы Венесуэла мамлекети алтын кендерин толугу менен мамлекетке алгандан кийин учурда бул стратегиялык тармак кризиске белчесинен батып турганы белгилүү.

“Улутташтыруу айла кеткендеги амал”

Кумтөр кени боюнча 33 барак иликтөөнүн автору Ишенбай Кадырбековдун "Азаттыкка" берген маеги:


Ноябрь айында Кадырбековдун эксперттик баяндамасын Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы талкуулап, Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну караган мыйзам долбоорду өкмөткө жана парламент комитетине жөнөттү.

“Кыргызалтын” ишканасы болсо Кумтөрдү улутташтырунун чыгымдары 3,5 млрд. долларды түзөөрүн эскертет.

"Кен азыр 1,5 млрд. доллар турат. “Ата Мекен” 2026-жылга чейин 2 млрд. 700 млн. киреше берет деп эсептеп чыккан. Ал кирешенин 67% бул түшпөй калган киреше болуп саналат. Ошондо баарын кошкондо чыгым 3,5 млрд. долларга барып жатат. Бул биздин эл аралык кеңешчилер аныктаган сандар. Кумтөр боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алардан мурун калыс, бейтарап маалымат болуш керек. Биз ошол маалыматты бердик" - деди "Азаттыкка" ишкананын директорунун орун басары Кылычбек Шакиров.

Венесуэла: алтын да, акча да жок

Венесуэла алтын запасы боюнча дүйнөдө 15-орунда турат. Жылына расмий түрдө болгону 150 миң унция алтын алынат. Экс-президент Уго Чавес жылына ошончо көлөмдөгү алтын мыйзамсыз казыларын айтканы бар.

2009-жылы Чавестин өкмөтү канадалык Brisas - Gold reserve компаниясы иштеткен кенди мамлекетке алуу чечимин чыгарган. Өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан кен – Латын Америкасындагы эң чоң алтын кени деп саналат. Канадалык компания болсо Венесуэланы Эл аралык арбитраждык сотко берген.

2011-жылы Чавес Торонтодо жайгашкан, орусиялык Агаповдор ээлик кылган Rusoro Mining Ltd компаниясынан өлкөдөгү эң чоң алтын кенин тартып алган. "Русоро" Choko 10 жана Isidora кендерин Каракас менен 50/50 үлүштүк өлчөмдө иштеткен. "Русоронун" активдери миллиард доллардан ашуун деп бааланган. 2012-жылы компания Эл аралык арбитражга арызданууга мажбур болгон.

Алтын кендерин улутташтыруу менен бирге Батыш банктарындагы 211 тонна алтын запасын кайра алам деген Чавестин саясатынын жемиши кандай болду? Өткөн жылы популист жол башчысынан айрылган, 28 жарым миллион калктуу өлкөдө алтын кендери мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин эмне өзгөрдү? Биз бул суроону ушул тапта Мексикада кен казуу тармагы бюнча кеңешчи болуп иштеп жүргөн, инженер-металлург Абыл Сыдыковго узаттык:

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча 50/50 үлүш менен биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө меморандум кабыл алган. Ага кошумча ондон ашык келишим түзүлүшү керек эле. Парламент өкмөткө документтерди күзгө чейин даярдоону тапшырган. Эми бул мөөнөт 15-декабрга чейин узарды. 14-октябрда Канаданын Онтарио соту Кыргызстандын "Центеррадагы" 60% акциясын камакка алды.

Дүйнөдө жылына 2500 тонна алтын алынат. Азыркы технология 1 тоннада 1 грамм алтыны бар руданы иштетип, металлды бөлүп алууга күчү жетет. Кумтөр кенинде болсо 1 тоннадан 4,5 грамм алтын алууга болот.

"Форбс" журналы түзгөн дүйнөдөгү 12 алдыңкы алтын казгандардын тизмесинде америкалык Newmont Mining, канадалык алты компания, түштүк африкалык эки компания, австралиялык, перулук жана орустардын бирден компаниясы бар.

2012-жылы АКШ - 260 тонна, Орусия - 200 тонна, Түштүк Африка - 180 тонна, Канада - 110, Өзбекстан - 90 тонна казган. Кыргызстан 2003-жылы 23 тонна алтын казып, мурдагы СССР аймагында үчүнчү орунга чыккан. 1990-жылдардын ортосунда жылына 1,5 тонна алтын казылса, Кумтөр ишке киргенден кийин алтын казуу он эселеп өскөн. 2013-жылы расмий маалымат боюнча 18,6 тонна алтын алынган. Кыргызстандын алтын запасы 530 тонна деп бааланса, анын 514 тонна Кумтөрдө.

Алтынды негизинен борбордук банктар, эл аралык финансы уюмдары жана улуттук өкмөттөр сатып алышат. АКШнын Улуттук банкында (8,133 тонна), Германияда (3,401 тонна), Италияда (2,451 тонна) жана Францияда (2,435 тонна) алтыны бар. Орусиянын Борбордук банкында 775,2 тонна алтыны бар, ал эми Кыргызстандын Улуттук банкында 3,8 тонна алтыны бар. Дүйнөдө алтын запасы боюнча 87-орунда турат.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG