Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Ачык асмандын күңгөй-тескейи


Бишкектен учурда жана пландалып жаткан түз аба каттамдардын картасы.

Бишкектен учурда жана пландалып жаткан түз аба каттамдардын картасы.

Кыргызстандын аба мейкиндигин толугу менен ачуу жана "Ачык асман" тартибин киргизүү дагы деле талаш жаратып келатат. Өкмөттүн өзүнүн ичинде да бул маселе эки ача пикир жаратууда.

Экономика министрлиги жана саякат агенттиктери өлкөнүн аба мейкиндигин толугу менен ачууга кызыкдар. Ал эми Транспорт жана байланыш министрлиги, коргоо органдары, Жарандык авиация агенттиги, авиаторлор жана жергиликтүү авиаишканалар "Ачык асман" тартиби Кыргызстандын авиакомпанияларын банкротко жана чакан аба майдандарды жоготууга алып келет деген жүйөнү карманып келет.

Дал ушул маселени талкуулоого жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышуу иретинде Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев, Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов, "Кыргыз Концепт" компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев жана "Эйр Кыргызстан" авиаишканасынын президенти Жолдошбек Бектурганов Бириккен Араб Эмираттарында иш сапар менен жүрүшөт. Сапардын алкагында алар Эмираттардын авиация бийликтери, "Эмирейтс", "Этихад", "Эйр Арабия" жана "Флай Дубай" авиакомпаниялары, экономика, туризм жана соода министрликтери менен жолугат.

Оштон учурда учкан түз аба каттамдардын картасы.

Оштон учурда учкан түз аба каттамдардын картасы.

Ага чейин ноябрдын аягында Кыргызстанда "Ачык асман" тартибин киргизүү тууралуу Бишкектеги Улуттук стратегиялык изилдөө институтунда тегерек стол болуп өттү. Ага өлкөдөгү жүргүнчү ташуучу авиакомпаниялардын жетекчилиги, Жарандык авиация агенттиги, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы, Транспорт жана байланыш министрлиги, жергиликтүү серепчилер катышты.

Жыйында Экономика министрлигинин сунушунун негизинде Германиянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (GIZ) каржылоосу менен даярдалган "Ачык асман тартибин Кыргызстанда киргизүүнүн экономикалык сереби" изилдөөсү талкууланды. Жергиликтүү серепчилер бардык өлкөлөр менен "Ачык асман" тартибин киргизүүнүн оң жактарын, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин, Грузиянын, Марокконун жана Израилдин тажрыйбаларын ортого салышты.

Серепчилердин айтымында, кыргыз жарандары 2012-жылы авиабилеттерге болжол менен 450 миллион доллар сарптаган. Изилдөө жүргүзгөн серепчилер "Ачык асман" тартибинен өлкөнүн калкы гана утат деген ишенимде. Мисал катары, "Манас" эл аралык аэропорту бир транзиттик же четке учкан жүргүнчүдөн орто эсеп менен 670–730 сом салык төлөмдөрүн жыйнаарын келтирген.

Кыргызстандагы аба майдандардын картасы.

Кыргызстандагы аба майдандардын картасы.

"Туризм экспорту 67 миллион долларга чейин өсөт деген божомолдор бар. Өлкөгө келген туристтердин тең жарымы учак менен келет. Ал эми чет элдик инвесторлордун 85% түз аба каттамдардын көптүгү инвестиция салуунун негизги критерийлеринин бири деп эсептейт", – деди изилдөөнүн автору Рахат Сабырбеков Борбор Азия авиация маалымат порталына.

Анын айтымында, "Ачык асман" киргизилсе, жүргүнчүлөр жылына билеттерге 50 миллион долларга чейин каражат үнөмдөйт. Ал эми туристтердин саны арбып, андан 60 миллион доллар киреше түшөт. Изилдөөнүн автору "Манас" аэропортунун салык жыйындары 5–7 миллион долларга чейин өсөт деп божомолдоду.

Өз кезегинде кыргыз авиаторлору "Ачык асман" тартибине каршы эместигин билдирип, Кыргызстандын асманын ачуу – саясий эмес, экономикалык утуш болушу керектигин баса белгилешти. Жергиликтүү авиакомпаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын аба мейкиндиги башка өлкөлөргө салыштырмалуу ачык экенин айтышты. Бирок андан да кеңири ачуу – тобокел кырдаал жаратарын эскертти. Мисалы: чет өлкөлүк учак жана тик учактарды Кыргызстанда каттоодон өткөрүп номер берип, клону, башкача айтканда, жасалма түгөйлөрү кылмышка шектүүлөрдү жана кооптуу жүктөрдү чет жактарда ташыйт. Өлкөнүн экономикалык жана учуу коопсуздугун да эске алуу абзел деп баса белгилешти кыргыз авиаторлору.

Тамчы жана Каракол аба майдандарынан токтоп калган түз аба каттамдардын картасы.

Тамчы жана Каракол аба майдандарынан токтоп калган түз аба каттамдардын картасы.

Кыргыз авиаторлорунун айтымында, изилдөөнүн авторлору асманды кандай шарттар жана кайсы механизмдер менен ачууну сунуштабаган. Жарандык авиация агенттиги, өз кезегинде, Евробиримдиктин мүчөлөрү, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери жана араб өлкөлөрү менен түздөн-түз "Ачык асман" тартибин киргизүүнү жылдын башынан бери сунуштап келе жатканын эске салды.

"Ал эми Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы бар жана атаандаштык күрөштү жүргүзгөн мамлекеттер менен мурдагы эле эки жактуу паритеттик негизде иштөөнү улантуу зарыл", – деди "Азаттыкка" талкууга катышкан "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын президенти Жолдошбек Бектурганов.

"Эйр Кыргызстандын" президенти Жолдошбек Бектурганов.

"Эйр Кыргызстандын" президенти Жолдошбек Бектурганов.

Серепчилердин изилдөөсү жана методологиясы кыргыз авиакомпаниялар тарабынан "чындыктан алыс жана конкреттүү эмес" деген сынга кабылды. Жыйын учурунда изилдөөдөгү айрым келишпестиктер кызуу талкуу жаратты. Мисалы, Түштүк Корея аба мейкиндигин бардык өлкөлөргө ачкан эмес. Расмий Сеул "Ачык асман" тартибин болгону 27 мамлекет менен эки тараптуу киргизген. Ал эми Грузия аба мейкиндигин толугу менен Евробиримдикке гана ачканы тууралуу Брюсселге кат жөнөткөн. Учурда түркиялык ТАВ компаниясы Тбилиси аэропортуна ээлик кылат.

"Бир жактуу либерализация айынан азыркы күндө Литвада өзүнүн жарандык авиациясы жок", – деп эскертти Бектурганов.

Жергиликтүү серепчилер Жакынкы Чыгыштагы Ливанды мисал келтирип, "Ачык асман" тартиби ал жакта оң натыйжа алып келгенин белгилешти.

Жооп иретинде кыргыз авиаторлору араб өлкөлөрү Кыргызстанга мисал боло албайт дешти. Алардын айтымында, арабдардын жана кыргыздардын өнүгүү тарыхы, маданияты, географиясы, экономикасы жана менталитети асман менен жердей. КМШ жана Европа мамлекеттеринен үлгү алуу абзел деп эсептейт жергиликтүү авиация адистери.

"Авиациядан алыс адамдар изилдөө жүргүзүптүр. Чындыктан алыс серептер авиация тармагын кайра бүлүндүрүп коёт. Мен Ливанга барып, өз көзүм менен көрүп келдим. Ливанда өкмөттүн жоопкерчиликсиз чечимдеринен улам ал өлкөнүн авиациясы көптөгөн проблемаларга туш болду. Андан көрө, өз күчү менен 20 жылдан бери өнүгүп келе жаткан авиациябызга көмөк жана жөлөк болгон изилдөө жүргүзүү алда канча пайдалуу", – деди "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын төрагасы Карим Дамин "Азаттыкка".

"Башка өлкөлөрдүн авиакомпанияларын Кыргызстандан каттам ачууну суроонун өзү экономикалык жактан ойго сыйбаган иш"- деп эсептейт "Эйр Кыргызстандын" вице-президенти Кайрат Итибаев. Кайрат Итибаевдин айтымында, түрктөр Стамбулдан Токиого түз учушат. Ал эми Бишкек аркылуу учуу аларга экономикалык жактан кызыксыз экенин ачык эле айтышкан.

"Эйр Кыргызстандын" вице-президенти Кайрат Итибаев.

"Эйр Кыргызстандын" вице-президенти Кайрат Итибаев.

"Түрк аба жолдорунун Стамбулдан Улан-Баторго Бишкек аркылуу каттам ачышы – саясий чечим. Себеби Монголиянын авиация бийликтери түрк авиакомпаниясына ал жакка түз учууга коммерциялык укуктарды берген эмес. Ал эми Кыргызстанда Монголияга түз учуу укугу бар. Ошондуктан Түрк аба жолдору Манас аркылуу учканга аргасыз болгон", – деди Итибаев.

Итибаев мисал катары Түштүк Кореяны келтирди. Түштүк Кореянын авиакомпанияларында тышкы инвестор жок. Болгону эки толук кызматтуу (full service) жана беш арзан баалуу (low cost) авиакомпания бар. Ал эми 5.5 миллион калкы бар Кыргызстанда 20дай авиакомпания катталган.

Кыргызстан Чикаго конвенциясына мүчө. Ал конвенцияга ылайык, Кыргызстан башка өлкөлөрдүн авиакомпанияларына кыйыр салык салганга укугу жок. Демек, алардан кыргыз казынасына киреше түшпөйт.

Учурда Кыргызстанга 14 чет өлкөлүк авиакомпания каттайт. Жергиликтүү серепчилер изилдөө алкагында 2018-жылга чейин авиажүргүнчүлөрдүн саны 3 миллионго жетет деген тыянакка келишкен.

Ош эл аралык аба майданы.

Ош эл аралык аба майданы.

Кыргызстан авиаишканалар ассоциациясынын төрагасы Таалайбек Окенов изилдөөдөгү сандар менен макул эмес. "Былтыр жүргүнчүлөр агымы 26%, ал эми быйыл 30% өстү. "Ачык асман" тартибин киргизбеген күндө да, ушундай динамика менен үч жыл ичинде авиажүргүнчүлөр саны 4 миллионго жетет", – деди Окенов "Азаттыкка".

Тегерек столго катышкандар изилдөөнүн авторлоруна келечекте так эсептеп, статистикалык маалыматка таянып, кеңири изилдөө жүргүзүүнү сунуштады. Алардын "Азаттыкка" айтымында, Манас аэропортундагы АКШнын Жүк ташуу борборунун чыгышы алып келген чыгымдын 27% жергиликтүү авиакомпаниялар жаап жатышат.

Дүйнөлүк практикада өлкөнүн экономикалык өсүшү авиацияны өнүгүүнүн табигый түрткүсү болуп саналат. "Ачык асман" тартибин киргизген өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, аба мейкиндигин этап-этап менен ачып жана жергиликтүү авиакомпаниялар атаандаштыкка туруштук бере алгандан кийин жигердүү натыйжа берген. Мисал катары, батыш адистери жарандык авиациядан түшкөн салыктардан киреше көбөйгөнүн жана кошумча иш орундары түзүлгөнүн айтышты.

Ысык-Көл эл аралык аба майданы.

Ысык-Көл эл аралык аба майданы.

Атын атагысы келбеген кыргызстандык авиатор "Азаттыкка" сөз соңунда "Асманды ачкандан кандай жыйынтык болоорун толук түшүнбөй, саясий популизмге алдырып жатышат. Ансыз деле мурдагы өкмөттөр кабыл алган чечимдер азыр көңтөрүлүп, бийликтин маңдайына чыккан чыйкан болуп турат", – деп билдирди.

Ал эми Кыргызстандын аба мейкиндигин толугу менен ачуунун тарапкерлери "Ачык асман" тартиби учак жол киресинин баасынын төмөндөшүнө, авиациянын өнүгүшүнө жана авиажүргүнчүлөрдүн агымын арттырууга чоң өбөлгө түзөт деген пикирди карманып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG