Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Биз билбеген укуктар


Бүгүн жарык көргөн гезиттер саясат жана энергетика тууралуу жазышты.

“Мекен инфо” гезити журналист Олжобай Токтосуновдун “Бажы биримдиги пайдабы же зыянбы?” деген макаласын жарыялап, аны колдогондор менен каршы болгондордун ойлорун ортого салды. Автор эки тараптын айткандарын салмактап көрүп, калкынын 65 проценти айылда жашаган элет жерлеринде азык-түлүктөрдү кайра иштете турган ишканаларды өнүктүрүү күчөсө, Орусиянын кен рыногу Кыргызстандын айыл чарбачылыгы үчүн ачылса, өлкө даңгыр жолго түшөрүн белгиледи.

Ушул эле гезитке интервью берген “Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары кыймылы” коомунун тең төрагасы Эмил Жайчиев мигранттардын маселеси жана өзү тууралуу кеп салды.

Бүгүн жарык көргөн “Дело№...” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Соттогу өзүмбилемдикти токтотуу керек” деп айткан сөзүн баштема кылган Артур Исаевдин макаласын басты. Өткөн жуманын 17-сентябрында президенттин төрагалыгы менен соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өткөн. Атамбаев ошондо: - Биздин элдин менталитети ушундай, кандай гана кыйынчылык болбосун чыдай алат, бирок адилетсиздикке эч качан чыдай албайт. 23 жылдан бери ыйманы жок соттор каалаганын жасап келатат. Биз мындай өзүмбилемдикти кабыл алына турган жаңы мыйзам менен токтотушубуз керек! Элдин менталитети менен өлкөнүн абалын эстеп койгула. Норвегияда бир кылмышкер 70 адамды өлтүргөндүгү үчүн болгону 21 жылга кесилди. Ал түрмөдөн келери менен жогорку билимге ээ болот дагы юрист болуп иштей баштайт. Биз дагы адам укугу бузулат деп олтуруп, ошолорду туурасак, анда эл үчүн бийликтин баасы бир тыйынга арзыбайт. Биздин максат – Батыштын кайсыл бир баалуулуктарын эмес, өз мамлекетибиздин, өз элибиздин баалуулуктарын сактап калуу болуп саналат ” деп айтты.

“Дело №...” гезити андан ары Жогорку Нарын каскадына салына турган ГЭСтерди куруу иши жүрүп жатканын, маселен дарыяга жакын жердеги Таш-Башат айылында жумушчулар шаарчасы, бетон заводу, кампалар, таза суу менен камсыз кылчу жана акыр-чикирлерди агызып кетчү жайлар курулуп иштеп жатканын, “РусГидро” 2 млрд. рубл бөлүп бергенин, жалпы ГЭСтер үчүн 24 миллиардга жакын рубль жумшаларын, ошентип Жогорку Нарындагы төрт ГЭСтин кубаттуулугу 237 мегаватты түзөрүн же жылына орточо эсептегенде 943 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарын, бул деген бүтүндөй республика керектеп келаткан электр энергиясынын дээрлик жарымын жаба тургандыгын, буюрса бул ГЭСтер 2019-2020-жылдары иштей баштарын жазып чыкты.

Аталган гезиттен сиздер “Башкы энергетик күнөөлүүнү издеп жатат” деген, “Жаңы тарифтер: кайра эле баш айлантмалар...” деген, “Үч фаза кесилбейт” деген, “Энергетика мыйзамдын күзгүсүндө. Биз колдонбой келаткан укуктар бар. Эгер энергетиктер 220 вольттук энергияны бербесе свет үчүн төлөбөй койсо болорун билесизби? Демек энергетиктер мезгил-мезгили менен светти өчүрөрдөн мурда бизди закондуу энергия менен камсыз кылышы керек” деген макалаларды окуйсуздар.

“Дело №...” жумалыгы бул санында “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу бир катар макалаларды жарыялады.

XS
SM
MD
LG