Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Адвокаттар Алиев өлтүрүлгөнүн айтышты


Рахат Алиев
Рахат Алиев

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин үй-бүлөсүнүн адвокаттары анын киши колдуу болуп өлгөнүн ырасташууда. Австриянын расмий адамдары болсо анын өз жанын кыйганын айтып келатышат.

14-февралда Вена бийликтери абакта отурган жеринен каза болгон Алиевди өлтүрүшкөнүн көрсөткөн юридикалык далилдер жок деп билдирди. Мындан эки жыл мурун анын асынып калган денесин камерасында табышкан. Жакында Швейцариядагы Сен-Галлен соттук медициналык экспертиза институтунун адистери Алиевдин киши колдуу болгонун далилдеген эч кандай издер табылбаганын маалымдаган.

Маркумдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргогон адвокаттар болсо анын көзүн тазалашканын ырастап, кошумча тергөө жүргүзүүнү талап кылышат.

Алиевдин Йозефштадт түрмөсүндө өз жанын кыйганы тууралуу маалымат Назарбаев режиминин көмүскө сырларын ичинен билген адамды атайлап жок кылышкан жокпу деген суроолорго жем таштаган.

Президенттин улуу кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү кайнатасы менен араздашуусуна чейин көп жылдар бою бир топ чоң кызматтарды ээлеп келген эле.

Дарига Назарбаева күйөөсү Рахат Алиев менен. 4.12.2005
Дарига Назарбаева күйөөсү Рахат Алиев менен. 4.12.2005

Маркумдун экинчи жубайы Эльнара Шоразованын адвокаты Клаус Айнедтер 14-февралда "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Алиев үй-бүлөсүнүн юристтери жана германиялык соттук эксперт Бернд Бринкманн Швейцария институту чыгарган бүтүмдү жакшылап карап чыгышат. Адвокат Алиевдин төш сөөгү сынганы Венадагы соттук-медициналык эксперттин көз жаздымында калганын белгилейт. Андай сынык муунтуу же дем алдырбай көкүрөгүн бут же тизе менен басуудан кийин болушу мүмкүн.

10-февралда австриялык депутат Ханнес Йаролим Рахат Алиевдин өлүмүн иликтөөгө чакырган. Социал-демократиялык партиянын мүчөсү төш сөөктүн сынышын бул иштеги бүдөмүк жагдайлардын бири деп атаган.

Швейцариялык эксперттердин тыянагы Бернд Бринкманнга жөнөтүлдү. Адис былтыр декабрда бул иш боюнча сүрөт, башка материал-далилдер менен таанышып чыккандан кийин Рахат Алиевди муунтуп, андан кийин камерасында асып коюшкан деген жыйынтыкка келген.

Бринкманн 140тан ашуун сүрөттү көрүп чыгып, маркумдун сөөгүн союунун отчету менен жакындан таанышкандан кийин “асынуунун эч кандай далилдерин” көрбөгөнүн, муунтуунун белгилерин тапканын айтты:

- Кан уюп калган аябай чоң такты, бетинде, мойнунда, төшүнүн өйдө жагында бир топ майда көгалаларды таптык. Ооба, муунтууга жүз процент дал келет, - деди эксперт "Азаттык" радиосуна.

Андан тышкары маркумдун оозу менен мурдунун тегерегиндеги “кубарган зона” адам асынганда пайда болбойт, - деп айтты Бринкманн. Буга чейин адис таанымал адамдардын – орусиялык олигарх Борис Березовскийдин, италиялык банкир Роберто Калвинин, француз ханзадасы Людовик 17нин өлүмүн иликтөөгө катышкан.

Түрмөнүн мурдагы психиатры Стефан Зекнердин Алиевге берген мүнөздөмөсү да бир топ көңүл бурат. Догдур маркум өз жанын кыюуга жакын эмес болчу деп, анын өлүмүндө абактын бир кызматкери роль ойногонун айткан.

Жогоруда сөз болгон депутат Йаролим да жалданма киши өлтүргүч деп болжолдонгон Аслан Г. (же Чако) Алиев өлөөрдүн алдында ага жакын камерага которулганын белгилеген.

2007-жылы казакстандык эки банкирди өлтүргөн деп айыпталып жаткан Алиевдин жансыз денеси 2015-жылдын 24-февралында табылган. Эки күндөн кийин ал иш боюнча сотто көрсөтмө бермек.

Кайната - күйөө бала кармашы

Алиев 2007-жылы Австрияга элчи болуп жөнөтүлгөн. Кийин президент Назарбаевди катуу сындоого киришип, атүгүл Назарбаевди бийликтен кетирүү ниетин да билдирип келген. Ошол эле жылы Дарига Назарбаева менен ажырашканы жөнүндө факс алып бирок ага макул болгон эмес. Кийин бардык дипломатиялык кызматтардан алынып, 2008-жылы казак соту аны адам уурдоо, мамлекетке чыккынчылык кылуу жана төңкөрүш аракетине айыптуу деп таап, 40 жылга абакка кескен. Казакстан Австриядан анын экстрадициясын талап кылып келгени менен, Вена өз мекенинде адилет териштирүү жүрбөйт деп аны өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Солдон оңго: Рахат Алиевдин атасы Мухтар Алиев, президент Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева
Солдон оңго: Рахат Алиевдин атасы Мухтар Алиев, президент Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева

Алиев ошондой эле Европада жүргөн маалында арам акчаны адалдаган, 2006-жылы оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбаевдин көзүн тазалоого буйрук берген деп айыпталган.

2013-жылы Австрия бийлиги анын Эльнара Шоразовага үйлөнүп алган паспортун жокко чыгарышкандан кийин Мальтага качкан. 2014-жылы өзү Австрия бийликтеринин колуна түшүп, сотко чейин камалган. Алиев түрмөдө жанында отургандар акча талап кылып, коркутушканын айткандан кийин башка камерага которулган.

Адвокат Айнедтер 14-февралда биздин радиого маалымдагандай, швейцариялык эксперттердин отчету жана Алиевдин үй-бүлөсүнүн юристтеринин мындан аркы кадамдарын аныктоого бир нече жума кетиши мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG