Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:16

Кыргызстанда атынчалардын эле эмес, эркек аалымдардын дарсын угууга ынтызар ислам жолундагы аялдардын саны өскөнүн байкоого болот.

Ушу тапта диний аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун дарсын угууга жума сайын 300-500дөй кыз-келин чогулууда. “Аялдардын маданий борбору” жайгашкан кеңседе уюштурулган дарс маалында шариятка ылайык диний аалым менен аялдар ар башка бөлмөлөрдө отурушат. Байланыш үн күчөткүч аркылуу жүрөт.

“Аялдар маданий борборунун” уюштуруучусу Айша Орозобекова дарска катышууну каалаган кыз-келиндердин саны күн санап өсүп жатканын белгиледи. Арасында атайын ат арытып, Ош, Жалал-Абаддан, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн келгендер, студенттер, улгайган апалар да бар. Чубак ажы Жалиловдун баянына келгендер исламдан тартып, жүрөк өйүгөн күнүмдүк турмуштагы дарылануу, үй-бүлө, бала тарбиялоо тууралуу суроосуна шариятка ылайык жооп алууга аракет кылышат. Арасында жакшы, ыймандуу жигитке турмушка чыгууну каалаганын айтып, телефон номерин таштап кеткендер да жок эмес.

- Жөн эле дарыгер, мугалим болуп иштеген эжекелер келет. Көбүнчө шарият боюнча суроолоруна жооп алуу үчүн, биздин ханафи-масхабында кандай, башкаларда кандай айырмасын билүү максатында келишет. Жаш кыздар жумуш боюнча да суроо узатышат. Мен жоолукчанмын, жумушка орношоюн десем албай жатат деп кайрылышат. Бала тарбиялоо, намаз, даарат боюнча сурашат. Үй-бүлөдө маселе чыкса алар Чубак устазга күйөөсү менен келип, өзүнчө эшиктен кирип кеп-кеңеш угушат. Баласынын, кызынын турмушуна байланыштуу келгендер бар. Кээде аялдарга гана тиешелүү, уяттуу нерселерди да айтышат. Мисалы айыз, төрөттөн кийинки маселелер тууралуу. Андай учурда бул суроо менен аялдарга кайрылгыла деп айтабыз.

Аталган борбордун кызматкерлери кыз-келиндердин суроолорун жыйнап алып, анын маани-маңызына карап иргеп, эшиктен жардамчы жигит аркылуу Чубак ажы Жалиловго берип жиберет. Ошого карабай жеке аялдарга гана тиешелүү маселелер да Чубак ажынын колуна тийип калган учурлар аз эмес. Кызыгы – кыз-келиндер шарияттан тышкары жеке өздөрү чече турган же молдокелер билбей турган медициналык суроолорду да узатышканы.

“Менин бир балам бар, үч жашка чыгайын деп калды. Боюмда болбой жатат. Кесарево менен төрөгөм, коркуп жатам. Күйөөм да көп балалуу болгум келет деп жүрөгүмдү оорутат. Дуба кылып коюңуз”...

“Эгер үч жолу кесарево болуп төрөп, дарыгер андан кийинкиси коркунучтуу деп жатын түтүгүн буудуруп салса бул Алланын каалоосубу же мен күнөөкөр болдумбу врачты угуп?”...

“...Хайыз (айыз) адатка карайт. Үч жолу бирдей күн хайыз көрсө ал анын адаты болуп калат. Эгер төрт айда алты күн келип кала турган болсо анда анын адаты бузулат дагы ай сайын он күн чыгарат деди... Хайыз маселесин түшүндүрүп берип коёсузбу?”

“Ыймандуу балдар менен таанышкысы келген 30 жаштын тегерегинде кыздарга. Имам болуп иштеген. Жашы 35те. Телефонун берип коёсузбу?”

Кыз-келиндер кайрылып жаткан Чубак ажы Жалилов суроолордун баарына жооп бербесе да, айрымдарын түшүндүрүүгө аракет кыларын билдирди:

Чубак ажы

Чубак ажы

- Мен эжекелерден сурап көрөм, эгер алар айыз маселеси боюнча эптей албай турган болсо мен сабактардын биринде түшүндүрүп берем, - дейт Чубак ажы Жалилов.

Элвира Маматова Чубак ажынын баянына маал-маалы менен келип турганга аракет кылат. Ал бул жолу суроо берген жок. Бирок башка маанилүү маалыматтарды алдым дейт.

- Аял кишинин көптөгөн көйгөйлөрү бар да. Чубак ажы бизге көрүнбөй, парда артында сабак өтөт. Кыздар атын жазбай суроо беришет. Ошого шарият боюнча жооп берет. Көйгөйдү чечкенге жардам берет.

Ал эми бул Айпери Рыскулова. Үч-төрт жылдан бери “Аялдар маданий борборуна” келип окуп, ар кандай лекцияларга катышып турат. Биздин маектеш мындай окуулар аялдардын туура жолго түшүүсүнө себепчи деген ойдо.

- Бул жакка келгениме үч-төрт жыл болуп калды. Кандай суроо берсек, ага жооп алып кетебиз. Ислам - бул жашоо системасы, ошону түшүндүрүп, суроолорго канааттандырарлык жооп берип турушат. Кыргызстандын, Кыргызстан аялдарынын туура жолго түшүүсүнө себепчи болуп келет.

Аталган борбордун кызматкерлери келген аялдардын санын алардын бут кийиминен билет. Өздөрүн санаганга жетишпей калган учурларда бут кийимин санашат экен. Эки саатка созулган баяндын алгачкы бөлүгүндө лекция окулат. Экинчи бөлүгү кыз-келиндердин суроолоруна жооп берүү менен өтөт. Бул убакытта 100дөн ашуун түрдүү суроолор даяр болуп калат экен.

- Аялдардын санын биз бут кийиминен билебиз. Алар дарска кирип кеткенде бут кийимин санап, иреттеп коёбуз. Көптөр бут кийимин өзү менен чогуу алып кирип кетет. Суроо бергендер арасында жакшы жигитке турмушка чыгат элем деп телефонун таштаган да кыздар бар. Чубак устаз КАСИге барып дарс окуганда балдар ошентип сурайт экен. Телефондорду берип койсо бул сүннөт, - дейт Айша Орозобекова.

Кыздардын жогорудагыдай суроолорду молдолорго берип жатканы билим берүү сапатынын дагы бир көрсөткүчү. Мисалы биздин убакта андай суроону эч качан бербейт элек.

Адистер Кыргызстанда руханий боштукту динден издеген кыз-келиндердин саны көбөйгөнүн белгилешет. Азыр аялдар арасында бала-чакасына телевизор көрсөтпөй, эмдетпей, гезит окутпай, агартуучулук иштерден караманча алыстатып, ашынган диний идеяларды тутунуп жана ошондой жашоо образына өткөндөр бар. Муну диний эксперт Назира Курбанова мындайча түшүндүрөт.

- Биз каалайбызбы, каалабайбызбы азыр исламдаштыруу процесси жүрүп жатат. Намазга жыгылган адам өзүнүн үй-бүлөсүндө дагы аялын, эгер аял киши болсо балдарын, тууган-уруктарын намазга жыгып светтик болбой, исламдын негизинде социалдаштыруу процесси жүрөт. Кыргызстанда ушундай процесс жүрүп жатат.

Атайын кызматтардын жана эксперттердин иликтөөлөрүнө караганда, диний-экстремисттик уюмдар аялдар аркылуу алардын үй-бүлөлөрүн өз катарына тартуу аракеттерин күчөтүүдө. Буга негизинен маалыматтын жоктугу, билимсиздик, азгырылуу себеп дешет адистер. Мисалы буга чейин Оштун борбордук мечитинде аялдарга диний билим берүү борбору ачылган. Диниятчылар бул айымдардын радикалдашуусун алдын алуу үчүн жасалган кадам экенин айтып келишет. Азыр кыз-келиндердин майда-барат суроолорду молдолорго узатканын билим берүү сапатынан да көрүшөт. Дин таануучу Назира Курбанова мындай дейт:

Жоолук салынган кыздар

Жоолук салынган кыздар

- Кыздардын жогорудагыдай суроолорду молдолорго берип жатканы билим берүү сапатынын дагы бир көрсөткүчү. Эгерде биз жалпы билим берүү системабызды ала турган болсок, азыр сапат төмөндөдү. Мисалы биздин убакта андай суроону эч качан бербейт элек. Анатомия, нике жана үй-бүлө деген сабактар болгон. Азыр эркектер аял киши исламда болсо үйдө эле отурсун, баласын баксын, саясатка аралашпасын, коомдук турмушка кийлигишпесин деп жатышат. Биз деле окуу жайда көп иш-чараларды өткөргөндө бир нерсени байкайбыз. Биздин имамдар менен чет өлкөдөн келген дин таануучу, докторлордун пикири эки башка. Алар аялдын коомдогу орду тууралуу башкача айтышат. Аял киши саясатка аралашканга, иштегенге уруксат деп айтышат. Ортодо чоң айырма бар.

Анткен менен коомчулукта кыргыз кызына эч качан хижаб кийгизбегенин, кыргыз аялдары коомдук иштерге активдүү катышып, өз укуктарын, эркиндиктерин коргоп келгенин айткандар жок эмес. Кыргыз аялы дайыма үйдүн куту болуп, бала тарбиялоого, туугандар менен алака-катышты жакшыртууга, коомдук иштерге, өзүн караганга да жетишип келгенин тарыхчы, изилдөөчүлөр деле белгилеп жүрүшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG