Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Рене Канья – Франциянын Кыргызстан менен Өзбекстандагы аскерий атташеси кызматын аркалаган. Борбор Азия жөнүндө бир катар китептердин жана “Дүйнөдөгү кыргыздар” деген сүрөт альбомдун автору. Беш жыл мурун 7-апрелде Ошто жүргөн француз дипломат өз байкоолорун ортого салат.

"Азаттык": Рене мырза, Кыргызстанда Апрел ыңкылабынын беш жылдыгы белгиленүүдө. Кыргызстанга байма-бай каттаган адам катары сиз соңку беш жылда кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?

Рене Канья: Мен чындыкты айтсам, өзгөрүүлөр аз. Бирок анын сабагы катары, эми Кыргызстанда эл маселенин маанисин терең түшүнөт. Мурда адамдар маселенин тамырын карап, өлкөдөгү маанилүү иштерге анча маани берчү эмес. Эми болсо адамдар маселени гана көрбөстөн, ага реакция жасап, аны чечүү керек деген талапты коюшат. Эгер бийликтегилердин туура эмес жүрүмүн көрсө, мындайга чыдабайбыз дегенди так кесе билдиришет. Бир гана маани берчү нерсе – кыргыз эли кыргызстандыктардан куралган. Ошон үчүн өлкөдөгү бардык элдердин маселесине бирдей карап, алардын бири-бири менен бир тууганча өмүр сүрүүсүнө шарт түзүү керек.

"Азаттык": Президент Атамбаев жакында эле Европада, анын ичинде сиздин мекениңизде иш сапарда жүрүп кетти. Ыңкылаптан кийинки Кыргызстандын башкы жетишкендиги катары өлкөдөгү туруктуулукту айтып, Украина, Араб өлкөлөрүндөгү башаламандыктарды мисалга келтирди. Сиздин көз карашыңызда Кыргызстандын жетекчилигинин жүйөсү канчалык негиздүү?

Коррупция гүлдөгөн Кыргызстанда кантип парламентаризм ишке ашмак эле деп эле ойлоп жүрдүм.

Рене Канья: Менин оюмча беш жыл мурун бийлик алмашканда, ал кезде өлкөнү башкарууга келген Роза Отунбаева абдан жигердүү иштеди. Акыр-аягында өлкөнү аман-эсен сактап калып, кризистен ийгиликтүү алып чыкты. Анткени Отунбаева эмне үчүн өлкө ошол абалга кептелгенин, ошол маалда эмне болуп жатканын кыраакылык менен билип, көрүп турган. Андан кийин бийликке келген президент Атамбаев Отунбаева баштаган ишти жакшы улап кетти. Албетте, бул жолдон тайбай, ишти улантуу азбел. Мындан ары мафиоздук башкарууга жол бербей, андайды жектеп, андан таза арылуу керек.

"Азаттык": Кыргызстан 2010-жылы парламенттик башкарууга өттү. Кыргыз парламентаризми кайсы нукта өнүгүп баратат? Сизге кандай сезилет?

Рене Канья: Бул татаал суроо. Биринчиден, Кыргызстанга парламенттик башкаруу туура келбесе керек деп ойлогом. Анткени парламентаризм өзү татаал система. Коррупция гүлдөгөн Кыргызстанда кантип парламентаризм ишке ашмак эле деп эле ойлоп жүрдүм. Бирок кийинчерээк Кыргызстандын жетекчилиги, президент Атамбаев бул системаны ийкемдүү ишке киргизе баштады. Аны көрүп туруп, ар кандай кландарга, урууларга, аймактарга бөлүнгөн, түрдүү улуттар жашаган Кыргызстанга парламенттик система туура турбайбы деген ойго келдим. Анткени кыргыз коомунун түзүлүшү өзгөчө эмеспи.

"Азаттык": Борбор Азиядагы коңшулары өз ичинде Кыргызстандагы эки ыңкылапты терс көрүнүш катары чочулоо менен карайт. Бул чөлкөмдү ичинен билген адис катары Борбор Азиядагы мамлекеттердин өнүгүүсүнө Батыш демократиясы канчалык шайкеш келет деп ойлойсуз?

Кыргызстандын президенти болуу Франциянын президентинин жүгүн көтөргөнгө караганда салыштыргыс оор милдет.

Рене Канья: Биринчиден, Кыргызстанда демократиянын учкуну уланып, өнүгөт деп үмүттөнөм. Анткени Борбор Азияда Кыргызстанда гана демократиянын башаты түптөлгөн. Эң башкысы сөз эркиндиги бар. Демократия ошондон башталат.

Бизде Франция дагы татаал жолду баскан. Кыргызстанда дагы эле ачык-айкын, теңчилик жетпеген тармактар толтура. Маселен, басма сөзгө мамлекеттин таасири дагы эле сакталган жерлер бар, сот адилеттиги аксайт, алардын ишинде толгон-токой кемчилик бар. Мыйзамдуулукту өлкөнүн бардык жеринде бирдей орнотуп, аны бирдей сактоо керек. Кыргызстан өзү гана өнүкпөй, аны менен Борбор Азиядагы башка коңшуларына өрнөк болуусу керек. Өзбекстанга, алтургай Казакстанга Кыргызстандын өнүгүү жолу мисал катары өтө маанилүү. Ушул тапта Кыргызстан өзүндөгү эркиндиктин учкунун жол көрсөткөн маяк катары сактоосу керек.

Албетте, президент Атамбаев дүйнөдөгү эң кыйын ишти аткарып жатат деп айтаар элем. Кыргызстандын президенти болуу Франциянын президентинин жүгүн көтөргөнгө караганда салыштыргыс оор милдет. Мен кыргыз элин сүйгөн адам катары мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргызстандыктарга айтаар кеңешим – өзүңөрдөгү эркиндикти туу тутуп, бири-бириңерди урматтап жашагыла. Коңшулар менен достук мамиледе болуп, өлкөдө теңдикти камсыздоо абзел. Дагы бир жолу айтарым – коррупция менен аёосуз күрөшүп, аны жеңип чыгуу керек. Кыргызстанда жогорку жетекчилерден тарта ар бир карапайым кишиге чейин коррупция менен күрөшүп, аны акыр-аягына чейин жок кылабыз деген максат турганда гана жеңиш колуңарда болот.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG