Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Кара карлыгач 10 ай бою конбой учат. Омурткалуулар өткөн 40 жылда 58% азайган. Адамзатты азык-түлүк менен генетика камсыздайт. Ийилчээк музыкалык смартфон чыкты.

Кара карлыгач 10 ай бою конбой учат

Кара карлыгач (Apus apus) Европаны байырлайт. Ал Европада эки ай гана жашап, бул учурда тукум басып, балапан чыгарганга үлгүрөт. Алар балапандары жетилер менен Африкага учуп кетип, 300 күндөн кийин кайтып келишет. Буга чейин окумуштуулар кара карлыгачтар Либериянын үстүнөн учуп өткөнүн көрүшкөнү менен алар жолдо конуп өткөн эч бир да жайды билишчү эмес.

Орнитологдор 19 кара карлыгачтын денесине атайын сенсорлорду жабыштырып, аларды Скандинавия менен Африканын аралыгында байкашкан. Ар бир сенсорго чымчыктын учуу ылдамдыгын каттаган акселерометр жана анын көк мейкиндиктеги ордун спутник аркылуу көзөмөлдөп турчу GPS-трекер орнотулган.

"Кара карлыгачтар август айында миграция башталганда уясын таштап, Батыш Африка аркылуу Борбордук Африканын тропикалык токойлорун көздөй учуп жөнөшөт,- дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Швециянын Лунд университетинин (Lund University) профессору Андерс Хеденстром (Anders Hedenström).

- Алар ошо кеткен бойдон 10 айдан кийин балапандоо үчүн кайтып келгенче жерге конушпайт. Кээ бирлери кыска убакка же кышкысын түн бою конуп, жумуртка басышы мүмкүн. Бирок башкалары бул маалда такыр жерге конбойт.

Жалпысынан алганда кара карлыгачтар балапан баспаган 10 айдын 99 пайыз убактысын асманда учуп жүрүп өткөрөрүн изилдөө көрсөткөн.

Орнитологдун эсептөөсү боюнча кара карлыгач өз жашоосунда Жер менен Айдын ортосундагы аралыктан жети эсе алыс жолду учуп өтөт. Окумуштуулардын боолгошунча кара карлыгачтар күндүз өйдө көтөрүлгөн жылуу абанын агымында канатын жайып калкып учуп, күч топтоп алышат. Андан тышкары изилдөө көрсөткөндөй, таң алдында жана күн батар маалда алар эки-үч чакырым бийиктикке көтөрүлүшүп, анан акырындап ылдыйлап учуп отурушат. Ошо маалда куш уйку салып, чырм этип алышат деген гипотеза бар.

Бир нече айлап тынбай учуу көп энергияны талап кылгандыктан чымчыктардын өмүрү кыска болот деген түшүнүк бар. Бирок маалыматтар кара чыйырчыктар 20 жашка чейин жашаганын ырастайт.

Ала карлыгач (Tachymarptis melba) миграция маалында жарым жыл бою тынбай учат. Эквадордун жээгин байырлаган пеликандар түркүмүнө кирген фрегаттар (Fregata minor) болсо эки ай океандан балык кармап жеп, жерге конбой учуп жүрө беришет.

“Жалпысынан эволюциянын натыйжасында карлыгачтардын денеси абаны жеңил жиреп, канаты узун жана ичке болуп, аз күч сарптап, абага жеңил көтөрүлүп, абдан эффективдүү учканга ыңгайлашкан”, - дейт профессор Хеденстром (Anders Hedenström).

Германиядагы Макс Планк атындагы орнитология институнун нейробиологу Нильс Раттенборг: «Көптөгөн жаныбарлар кара карлыгачтардан алда канча аз уктабай калса катуу кыйналышат. Кара карлыгачтар эволоюциянын натыйжасында аз уктаганга мүмкүндүк берген сыйкырдуу касиетке ээ болушкан,” - дейт. (Булагы: http://phys.org, http://www.nature.com, http://www.cell.com/current-biology/fulltext/S0960-9822(16)31063-6)

Омурткалуулар өткөн 40 жылда 58% азайган

Жер бетиндеги жапайы сүт эмүүчөлөр, амфибиялар, балыктар жана башка омурткалуулардын саны 1970-2012-жылдар арасында эки эседен көп азайганын Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду (World Wildlife Fund(WWF) жана Лондондун зоологиялык коому (Zoological Society of London (ZSL) билдирди.

“Тирүү планета 2016” (Living Planet 2016) докладында белгиленгендей, мындай абал “токойлорду кыюу, браконьерчилик жана адам ишмердигинин кесепетинен климаттын өзгөрүүсү сыяктуу кубулуштардан улам болгон. Анын кесепетинен омурткалуулардын жашоо чөйрөсү тарып, өзгөчө дарыяларда жашаган омурткалуулардын саны 81% кыскарган. Береги тенденция улана берсе 2020-жылга карай дүйнө омурткалуулардын үчтөн экисинен айрылат”.

“Адамдын Жердин бардык бөлүгүндөгү, таза суулар менен океандардагы аракеттери жандыктардын түрлөрүн жана табигый системаларды жардын кырына такоодо”, - дейт WWFтин башкы директору Марко Ламбертини.

Омурткалуулардын абалы тууралуу ар эки жылда жарыяланчу анализ үч миңден көп булактын, анын ичинде алардын абалына узак жана кыска мөөнөттүк мониторингден алынган маалыматтардын негизинде жасалат. Мунун алкагында омурткалуулардын 3700 түркүмүнүн 14152 түрүнүн абалы талдоого алынат. Бирок береги маалыматтардын негизги бөлүгү Батыш Европада топтолгондуктан анализ географиялык жактан толук эмес экени докладда эскертилет.

(Булагы: http://www.nature.com, http://www.wwf.org.uk)

Адамзатты азык-түлүк менен генетика камсыздайт

Болочокто дүйнө элин азык-түлүк менен камсыздоо абдан талылуу маселеге айланат. Анткени күнүнө дүйнө эли орточо 200 миң адамга көбөйүүдө. Эксперттердин эсебинде демография ушундай ыргак менен кете берсе 2050-жылы азык-түлүккө болгон талап азыркыдан эки эсеге өсөт. Аны канааттандыруунун бирден бир жолу айыл чарба азыктарынын, өзгөчө дан азыктарынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу. Бирок табигый алааматтар, анын ичинде аба ырайынын же климаттын кескин өзгөрүүсү сыяктуу адамга көз карандысыз жагдайлар бар.

Илимпоздордун айтымында температура улам 1 С° жогорулаган сайын буудайдын түшүмдүүлүгү 6% төмөндөшү мүмкүн. Дан азыктарынын түшүмдүүлүгү азыркыдан жакшыртылмайын, агрономия, инженердик жана химиялык технологиянын инновациялык жетишкендиктерин пайдаланмайын келечекте элди тамак-аш менен камсыздоо мүмкүн эместиги Британиядагы Plant Impact PLC илимий-өндүрүштүк компаниясынын соңку изилдөөсүндө айтылат.

Буудай, күрүч, жүгөрү, картошка ж.б.у.с. бир жылдык негизги өсүмдүктөрдө окшош физиологиялык процесс жүргөндүктөн, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу маселесине токтолгондо буудайды үлгү катары алышат. Физиологиялык анализ көрсөткөндөй буудайдын түшүмдүүлүгүн эки эсеге көбөйтүп, гектарына 15 тоннага жеткирүү мүмкүн. Азыр Британияда 1 гектар жерден 8 тонна буудай жыйналат. Селекционерлер ар 10 жылда буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына жарым тоннага жакшырганы менен акыркы 15 жылда дыйкан чарбаларындагы түшүмдүүлүк 8 тоннадан ашпай келет. Ошого британ окумуштуулары буудайдын генетикалык потенциалын пайдалануу абзел дешет.

Бул дан азыктарын өндүрүүдө инновацияга таянуу: (I) түшүм байлаган учурду мурдатан чектеп алуу, (II) сууну жана жер семирткичтерди берүүнү оптималдаштыруу, (III) өсүмдүк ысыктан алчу стресстин зыянын жеңилдетүү, (IV) фотосинтетикалык эффективдүүлүгүн жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүүсүн жакшыртуу, (V) жаңы байлачу түшүмдү оорулардан, зыяндуу курт-кумурскалардан жана отоо чөптөрдүн кысымынан коргоо зарыл деген.

Ошондо да зыяндуу курт-кумурскалардын, ооруу козгоочу бактериялардын жана отоо чөптөрдүн эволюциялык өсүүсү генетикадагы, агротехникадагы жана химиядагы жаңы технологияларды айыл чарбасында колдонуудан озуп кетсе, айыл чарба азыктарынын түшүмдүүлүгү пастап кетиши мүмкүн.

(Булагы: http://news.agropages.com, http://www.plantimpact.com)

Ийилчээк музыкалык смартфон

WhammyPhone деп аталган смартфондун экранын ийгенде музыка чыгат. Ал жараткан үндөр электрогитара, скрипка, фортепиано жана башка музыкалык аспаптардын үнүнөн эч деле айырмаланбайт. Кээ бир адистер аны дүйнөдөгү биринчи ийилчээк музыкалык смартфон деп аташууда. Музыкалык смартфон Канаданын Кингстон шаарындагы Куинс университетинин Human Media лабораториясында жасалган.

"WhammyPhone смартфонун пайдалануу үн менен иштөөнүн такыр жаңы жолу. Ал салттык музыкалык аспаптар чыгарган үндү жаратууга мүмкүндүк берет," - дейт Куинстин профессору, доктор Ройл Ветегаал (Roel Vertegaal). Илимпоздун айтканы боюнча аппарат музыка ойногондо аспаптын кылы, клавишасы кандай тапталганын, ошондой эле адамдын ойноо өгөчөлүгүн эске алат.

Музыкалык смартфондун 1920х1080 пикселдик FOLED (Flexible Organic Light Emitting Diode) ийилчээк экраны атайын сенсорго туташтырылган. Бул сенсор анын кай жерде канчалык ийилгенин сезип, ага жараша тийиштүү үндү чыгарууга буйрук берип турат.

Доктор Вертегаалдын түшүндүрүшүнчө WhammyPhone кыл же клавишага манжалар тийгендегидегидей эле кинестетикалык байланышты камсыздайт. Бул музыканттардын кандай музыка ойногонун көзөмөлдөп турууну камсыздайт. Андыктан аны музыкалык аспап жана диджейлердин микшердик пультун башкаруучу элемент катары пайдаланса болору айтылат.

Береги ийилчээк музыкалык смартфондун жүз ачаары Адам жана компьютердин өз ара байланышы (Human-Computer Interaction) боюнча Токиодо өткөн эл аралык жыйында өттү.

(Булагы: http://www.digitaltrends.com, http://newatlas.com. http://www.hml.queensu.ca)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG