Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Улутчулдук менен ооруганда...


Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) лидерлери Топчубек Тургуналиев менен Жыпар Жекше демократиялык реформаларды талап кылган жаштардын алдында сүйлөп жатышат. 5-июнь, 1990-жыл

Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) лидерлери Топчубек Тургуналиев менен Жыпар Жекше демократиялык реформаларды талап кылган жаштардын алдында сүйлөп жатышат. 5-июнь, 1990-жыл

Ал окуялардан бери 25 жыл өтүптүр. Азыркы жаштар көбүн билбей калышты, менден улуулар ал күндөрдөн сабак албагандай.

1989-жылы даана улутчул мен болгом

Жайдын башы болсо керек, университетте чогуу окуган Арстанбек аттуу группалашым: “Сабактан кийин 4-оорукана жакка баралы, жаштар чогулуп алып үй салганга жер талап кылып атышыптыр”, - деп калды. “Аларды ким уюштуруптур?” – деген суроомо: “Керек болсо партиялык жетекчилер тукуруп атышыптыр. Өзбекстандын Фергана облусунан сүрүлүп чыккан түрктөргө үй, жер бергиле деген тапшырма Москвадан келген экен. Ошого өзүлөрү жок дей албай, жаштарга айтышыптыр, силер чыгып жер талап кылгыла деп” – деген жооп алдым. Чын эле анын алдында Өзбекстандын Фергана облусунда түрк жана өзбек тургундар кырчылдаша кетип, жүздөгөн түрк месхетиндери шашылыш башка жактарга чыгарылган эле.

Эмнеси болсо да, ээликкен бойдон сабактан кийин шаардын чет жагындагы 4-оорукананы көздөй жөнөдүк. Биз барганда ал жерде жүздөгөн, а балким миңдеген жаштар, студенттер, жумушчулар, чачтарын ак аралай баштаган мугалим, догдур, жумушчу, айтор ар түркүн кесип ээлери, дээрлик бардыгы кыргыздар чогулуп, митинг уюштуруп жатышыптыр. Андайды өмүрү көрбөгөн жаным тарыхый учурду баштан кечирип жатканыбызга толкундана түштүм. Советтер Союзунун курамындагы Кыргызстандын башкалаасында кыргыз жаштары чогулуп алып, жалаң кыргызча сүйлөп, ондогон жылдар бою топтолгон арыз-арманын асманды жаңырта ачык эле айтып жатышты. Ал жерде айтылган жалындуу сөздөргө шыктанган миңдеген жаштар анын эртеси, кийинки күнү, айтор күн сайын ошол жерге топтолуп чогула баштады. Жумушка, сабакка баргандай эле бизге да ал жерге баруу күнүмдүк милдеттүү көрүнүшкө айланды. Университетте кээ бир мугалим, декандар чогулушка салып, уюштуруучулар менен активисттерди айыптап жатышты. Бирок миңдеген жаштардын агымын токтотуу мүмкүн болбой калганын да сезип, аргасыз алакан жайышты.

Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган кыргызстандыктар Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында ири нааразылык жыйынга чогулду. 5.06.1990

Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган кыргызстандыктар Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында ири нааразылык жыйынга чогулду. 5.06.1990

Кайгы-капалуу баяндар

Азыр эми айтсак болот, бизди ал жерге улутчулдук сезими айдап барып жатты. Шаарда калып, үй-жайлуу болуу мүмкүндүгү катуу чектелген, ырасмий каттоо (прописка) системасына илине албай, он-жыйырма жылдап, же андан да узакка ошол кезде Бишкекте (Фрунзеде) жашап калган бактылуу адамдардын жер тамында кепедей болгон бир бөлмөсүн, же жатаканаларда төрт чарчы бөлмөгө тыгылып жашап аткан жаш окумуштуулар, адистердин айткандарын угуп, жан кейип, көздөр жашылданды. 40тан эбак ашып, 4 баласы менен кепедей бөлмөдө жашап жаткан өзүбүздүн эле агайыбыз “балдарым мектепке ушул эски жатаканадагы бир бөлмөдөн барганда ызаланып ыйладым эле. Эми асты мектепти аяктап калды, дагы эле ошол бөлмөдөбүз” деп добушу каргылдана сүйлөдү. Дагы бир эже: “орус кемпирдин ным баскан бөлмөсүндө он жылдан бери туруп, куураган турмуштун, билбестиктин айынан эки балам кургак учукка кабылды” деп ый аралаш айтып берди.

Митингде ага чейин эч жерде айтылбаган арыз-муңдун баары ачык айтылып жатты. Жогорку окуу жайын, же техникум-училищени бүтүргөн кыргыз жаштарынын көбү шаарда каттоосу жок болгондуктан облус-райондорго, айылга кетүүгө аргасыз болушчу экен. Же болбосо ондогон жылдар бою жанагыдай ижарага алынган кепедей бөлмөдө күн өткөрүүгө мажбур. “Москванын саясаты – кыргыз жаштарын шаарлардан сүрүп чыгып, Кыргызстанга керектүү адистерди башка борбордук республикалардан алып келип, аларды кыска убакыт ичинде үй-жай, жакшы жумуш менен камсыздап туруу. Фрунзе, же башка кыргыз шаарларында жаңы завод-фабрика ачылса, аларга керектүү адистерди Орусия, Украина жана башка жактарда жалдап, ташып келип, жетиштүү камкордукка алат”, - деген олуттуу айыптоолор айтылып жатты. Андай маалыматтарды алгачкы ирет угуп жаткан биздей жаштардын аргасыз кабагы бүркөлүп, мындай адилетсиз саясатка жаныбыз ачып, баарын өзгөрткүбүз келип турду.

Ошол кездеги статистикалык маалыматтарга ылайык, 1980-жылдары кыргыздар башкалаа Фрунзенин калкынын 22% түзгөн. Анда жашаган кыргыздардын 36% биринчи тилим (же эне тилим) орус тили деп эсептеген.

Ал күндөрү ачык асман алдындагы боз талаада өткөн митингдерде далай кайгылуу окуяларды уктум, алгачкы ирет Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасында кыргыздар кандайдыр басмырлоо саясатына туш болгонун аңдадым. Үч-төрт балалуу болгуча бир батирден экинчисине көчүп-конуп жүргөн жаш жана өтө жаш эмес адистер айлыгынын дээрлик жарымын ошол бөлмө ээлерине карматып аларды байытып келишкен. Өзүм да андан мурдараак жолдошум, үч жаштагы балам менен батир издеген күндөрүм болгон. Кызыл-Аскерде көчөмө-көчө кыдырып жүрүп, “националам не сдаем” (кандай которууну да билбейм, “славян эместерге ижарага бербейбиз” десек туура болот ко дейм – автор) деген сөздү көп угуп, үйгө келип ызаланып ыйлаганым эсиме түштү.

КДКнын 1-курултайынын ачылышы (Өмүрбек Текебаев, депутат, КДКнын мүчөсү, Казат Акматов, депутат, КДКнын теңтөрагасы, Дүйшөнбек Отонбай уулу, Кыргызстандын муфтийинин катчысы, Кадыр Матказиев, КДКнын теңтөрагасы, Жыпар Жекше, КДКнын теңтөрагасы) 09.02.1991.

КДКнын 1-курултайынын ачылышы (Өмүрбек Текебаев, депутат, КДКнын мүчөсү, Казат Акматов, депутат, КДКнын теңтөрагасы, Дүйшөнбек Отонбай уулу, Кыргызстандын муфтийинин катчысы, Кадыр Матказиев, КДКнын теңтөрагасы, Жыпар Жекше, КДКнын теңтөрагасы) 09.02.1991.

Өзгөрүүлөр мезгили

Ал митингдерде жаш жана жаңы лидерлер биринин артынан бири чыгып, кыргыз тилинде (!) арыз-арманын, кээде андай акыбалдан чыгуу жолдорун айтып жаткан кезде Кыргызстандын ал кездеги партия жетекчилери, шаар башчылары четте үн-сөзсүз байкоо салып турушту. Митингчилер өлкө жетекчилигинин, Москванын дарегине айткан олуттуу айыптоолорго каяша кылып, же күчкө салып буулуккан элди таратууга аракет кылышпады. Жедеп өзүлөрү да ичтен нааразы болуп жүрүшкөнбү, же Компартиянын Москвадагы жетекчилери карылыктын айынан шайы ооп, бизди ооздуктаганга алы келбей калганбы, азыр айтуу кыйын. Бирок КГБнын кызматкерлери топ-топ болуп чогулган митингчилердин айткандарын кунт коюп угуп, уюштуруучулар тууралуу маалымат топтоп жүрүшкөнү эсимде.

Андай “талаа митингдери” басылмак тургай, күндө улам жаңы жаштар кошулуп келип отуруп, улутчулдук маанайы туу чокусуна жетип калганда, шаардын коммунисттик жетекчилиги үй-жайга муктаж адамдардын тизмесин түзүп, жакында андайларга жер бериле баштаары жарыяланды. Албетте, алар адегенде Москвадан уруксат алышса керек, ансыз болмок эмес. Антпесе “талаа митингдери” кылкылдап отуруп, шаарда улуттар аралык чыр-чатак башталып кетиши толук мүмкүн эле. Толкуган жаштар кээде “мына, мобу тегеректеги үйлөрдүн баары кимдики? Эмне үчүн аларга бардык шарттар түзүлгөн?” деген сөздөрдү айтышса, дуулдап араң турган митингчилер таяк-союлчан жетип барып, тынч жашап аткандарга кол салабы деп коркуп кетчүбүз. Андайга жеткирбеш үчүн миңдеген кыргыз жаш үй бүлөлөрүнө Бишкектин тегерегинде жер үлүштөрү берилип, ар кимиси колунан келишинче үй салууга киришти. Мындай чечим социалдык жарылуу, тирешүүнү токтотту, а бирок башкалаанын архитектуралык, эстетикалык көрүнүшүнө зыяндан башка пайда алып келбеди.

Мен ал “талаа митингдеринде” катуу жуктурган “улутчулдук” дартынан көп узабай сакая баштадым. Бишкекте чоңоюп, мектепти ошол жакта бүтүргөндүктөн, менин ондогон кыргыз эмес мугалимдерим, классташ-группалаштарым башка жактарга көчүп кете баштаганы мени соолуктурду, ойлондурду. Дене тарбия сабагынан он жыл окуткан мугалимим көчүп кетет экен дегенди укканда, үйүнө телефон чалып: “кетпеңиз, сиздин үйүңүз, мекениңиз ушул жакта” деп суранган күндөрүм болду. Кээде айлам кеткенде “мен бир гана улут өкүлдөрү жашаган өлкөнүн келечегин көрө албайм. Кетпегиле”, - деп да суранып жаттым. Турмуш ушундай экен, көпчүлүгү башка жактардан бакыт издеп кетишти, тилекке жараша, баары түп көтөрүлө таштап кеткен жок.

Кыргызстан - азыр да ондогон улуттардын, элдердин уул-кыздары байырлаган өлкө. 25 жыл илгери биз от менен ойногондой эле болуптурбуз, бирок ошол окуялардын далай ачуу сабагы унутулбаса экен деген ойдон кайра бир эске салгым келди.

Макала мындан беш жыл илгери англис тилинде жарык көргөн. Бул жактан таанышсаңыз болот: http://www.rferl.org/content/Kyrgyz_Protests_in_1989_Verged_On_Ethnic_Conflict/1901704.html

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG