Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Академик Каракеев: романга эскиздер


Үркүнгө арналган сүрөт көргөзмөдөн, Бишкектеги Улуттук тарых музейи
Үркүнгө арналган сүрөт көргөзмөдөн, Бишкектеги Улуттук тарых музейи

«Кимиси дөө, кимиси эр - көзү өткөндө билинээр» деген чын сөз белем, нечен бир замандаштарыбыздын чыныгы баркын, анык жансырын эми гана, алар арабыздан узагандан кийин гана билип отурабыз го, чиркин. Кийинки эле төрт-беш жыл аралыгында эмне деген кишилерибизден айрылдык: чымындай жаны чыркырап тоодой-таштай Чыкебиз кетти арабыздан, андан мурунураак Төлөмүш Океев, кийинчерээк кайран киши Калый Молдобасанов, аны менен катар Асанкан Жумакматов колдон учту. Айрыкча эсил кайран Эстебес агачы, санжы сынчы атанган Салижан Жигитовчу, Камбаралы Бобуловчу, Эрнис Турсуновчу…

Былтыркы жылы кылым жашаарына туура бир жыл калганда тирүү тарых катары сезилген Курман-Гали Каракеев агабыз а дүйнө салды. 99 жаш курагында небере-чөбөрөлөрүнүн кашында. Армансыз өмүр сүрүп, ичээрин ичип, жээрин жеп дегендей. Убагында Каракеев деген ким экенин мектептеги балдар да билээр эле, бирок тарыхтын ташы улам бир жагына оой берген нерсе экен, кийинки жылдарда ал кишини негизинен эмгек ардагери, эң эски академиктердин бири, таанымал тарыхчы, белгилүү коомдук ишмер катары гана кабыл этип жүрдүк.

Бирок кийинки муундар Курман-Гали агабыз төл адабиятыбыздын классиктери Мукай Элебаев менен бир окуу жайда окуп, Жоомарт Бөкөнбаев менен бир мекемеде иштеп, ал гана эмес мактоосун угуп, легендарлуу Касым Тыныстанов менен ага-ини болуп катнаш түзүп, кеп-кеңешин угуп, Төрөкул Айтматов менен чогуу командировкага чыгып, Исхак Раззаковдун доорунда Кыргызстан КП БКнын идеология боюнча секретары, Турдакун Усубалиевдин заманында Илимдер Академиясынын президенти болуп иштегенин, иштегенде да туура 18 жыл эмгек эткенин, ал мезгил бул зор илимий мекеменин эң гүлдөгөн мезгили болгонун баары эле биле бербейт. Эң негизгиси, эч качан иш билбейт деп сынга түшүп же жеди-ичти деп жеме укпай, өңчөй тырышчаактыгы, терең билими, мыкты уюштургучтугу жана иш билгилиги менен жалаң мактоо угуп отуруп, 70 жаштан өткөндө пенсияга узаганы - айтканга гана оңой, бирок аткарганга өтө кыйын нерсе го...

Бирок ошону менен бирге Курман-Гали Каракеев чыныгы доор күзгүсү, нака заман туундусу экен. Тактап айтсак, ХХ кылымдын оомалуу-төкмөлүү тарыхы Курман аганын тагдырына да нечен бир кетпес тагын, өчпөс изин салыптыр. Биринчиден, 16-жылкы Үркүндө кичинекей Курман да ашуу ашып, кымындай кезинде таманын таш тилип Кытайга тентиптир. Кийин качкын кыргыздар жөө-жалаңдап кайта баштаганда бөлөк эл, бөтөн жерде көзүнүн жашын көл кылып уялаш карындашы Алтынбала калып кетиптир. Аны кийин Курман ага кантип издегени, кантип акыры тапканы, кантип кытай бүлөнүн колунда чоңойгон кыргыздын кызы нака кытай болуп калганын жүрөгү тилинип отуруп билгени өзүнчө тарых… Кийинки каатчылык жылдарында нечен жакындарынан айрылып, айрымдарын 37-38-жылдардагы «кызыл террор» жылдарында жоготуптур. Бир тууганы Асан-Гали Улуу Ата мекендик согушта белгисиз жок болуптур. Дагы бир иниси Иса-Гали Сталинградды коргоп жүрүп нечен жаракат алып, бактысы бар экен, аман-эсен кайтып келиптир.

Ошону менен бирге Совет доорунун жаратман шамалына сермелген Курман Каракеев Советтик Кыргызстан кандай заманга тушукса, ошонун баарын көзү менен көрүп, жаны менен сезип, териси менен туюптур. Катардагы комсомолдон Советтик Кыргызстандын бирден-бир саясий лидерлеринин бирине чейин жетиптир. Ысык-Көлдүн комсомол уюмунун жаш активистинен, «Ленинчил жаштагы» катардагы журналисттен баштап, КПнын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы, идеология боюнча секретары, андан соң Илимдер академиясынын 18 жылдык президенти болуп кызмат өтөптүр. Жебей-ичпей. Мансабына чиренбей. Өйдө-төмөн сөз илээштирбей, ар дайым бир калыпта, бир ыргакта дегендей.

Бирок Курман Каракеевдин кылым карыткан биографиясындагы эң урунттуу момент кайсы деп суроо салганда, мен анын чыныгы патриотизми, барып турган кыргызчылдыгы, баарынан да ал Кыргызстандын канат-бутагы жетилип, эгемендикке жетээр бекен деген ички тилеги жана арманы деп айтаар элем. Мен буга анын жеке кагаздарын карап, жазган жазууларын дыкат анализдеп отуруп ишендим. Сталин заманынан тарта сааттын жебесиндей так болуп, жандан башка сак жүрүп көнгөн Каракеев канткен менен Тыныстанов менен Абдрахмановдун, Исакеев менен Орозбековдун чын-чынында эмне күнөөсү үчүн атылып кеткенин жакшы билчү экен. Алардын ой-тилеги Кыргызстан эртедир-кечтир өз алдынча түтүн булата алабы деген арман-тилеги экенин Курман агабыз өз кулагы менен угуп, өз көзү менен көргөн экен. Натыйжада баары «улутчул», «чет элдик шпион», «агент» деген айып менен атылып, жер менен жексен болгонун жакшы билчү экен.

Каракеев бактысы тоодой экен, ошол «шпиондор» менен «агенттер», «улутчулдар» менен «буржуазиялык тыңчылар» ХХ кылымдын соңунда кыргыз элинин улуттук сыймыгына айланганын өң көзү менен көрдү жана ишенди. Баарынан да Кыргызстан ошол алгачкы муун тилегендей акыр-аягында өз алдынча түтүн булатып, күнкорсуз өмүр өтөй баштаганын өз көзү менен көрдү. Ошону менен асман-айга чыгарган Советтик доорду конъюньктурага алдырып, эч качан жаманга чыгарган жок. Бирок эгемен Кыргызстанга да колдон келген жардамын аябады: репрессия болгон замандаштарын актаган комиссияга мүчө болуп, алардын улуттук тарыхтагы ордун тактаганга күч-аракетин аяган жок. Ичинен өлкөбүздүн ийгилигине ичи жылып, жаңылыштыктарына жаны кейиди.

99 жаш курагында, каны-жаны бирге Ысык-Көлүн кайра-кайра маашырлана карап, эли-жерине аманчылык каалап отуруп, а дүйнө салды. Эң бир таза, эң бир эмгекчил инсандардын бири катары тарыхта калды.

XS
SM
MD
LG