Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Мечит эмес мектеп салууга мезгил жетти


Пакистанда мечитте окуган балдар. 16-апрель, 2015

Пакистанда мечитте окуган балдар. 16-апрель, 2015

Жаңы эгемендик алган жылдары өлкөдө өспүрүмдөрдүн, орто жана улуу муундагылардын арасында кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол салуу, зордуктоо жана башка терс көрүнүштөр өтө сейрек болчу. Андай иштер кокус болуп калса, адамдар арасында таң калууну, иренжүүнү пайда кылып, эң жогорку жазаларга тартылчу.

Ал учурдагы тарбия да таасирлүү жана жугумдуу болгон. Анткени билимдин да, илимдин да пайдасы, кадыр-баркы баарынан жогору турган.

Ошол эле учурда ал кезде мечиттердин саны да аз эле. Район боюнча беш же он гана негизги борбордук мечит болуп, аймактарда жума жана айт намаздары ошол жерлерде гана окулчу.

Адамдар устат-шакирт алакасын мыкты өздөштүрүп, аалымдарды, мугалимдерди сыйлап, урматтап турчу. Азыркы күндө көчө сайын мечит, айыл сайын медресе ачылып, ар бир айылдан аалым - уламалар чыгып жатканына карабастан, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салып, түшкө кирбес терс көрүнүштөр байма-бай орун алып, көнүмүш адатка айлана баштагандыгынын өзү - азыркы күндөгү диний таалим, мектептеги билим берүү, тарбия саясатынын канчалык деңгээлде "туура" жүрүп жаткандыгынан кабар берип турат.

Анткени жогорку даражадагы жетекчилер, имамдар, мугалимдер тарбия маселесине канчалык көп көңүл бурбасын, ошончолук терс көрүнүштөр да көп болууда. Ар бир айылда экиден мечит курулуп, бирок ал мечиттерде болгону 10-15 адам гана намаз окуп жатса, ал эми кээ бир айылдарда 2000ден 4000ге чейин үч жаштан беш жашка чейинки балдардын саны өсүп, алар үчүн бир же эки гана балдар бакчасы иштейт. Ал бакчаларда да болгону 50 же 60 гана баланы тарбиялоого мүмкүн. Ушунун баары коомчулуктун баланын билимине болгон "мамилесин" көргөзүп турат.

Мечит же медресе куруу үчүн зекет же садага деп акчалай, же башка материалдык каражаттар менен жардам берүүгө ашыккан, дин менен жашоо гана адамдардын жашоосун туура багытка алып барат деп ишенип, ошого жараша аракет кылгандар миңдеп саналат.

Бирок, ошол эле учурда билимдин, тарбиянын очогу болгон бакча же мектептин бир муктаждыгы үчүн 10 сом берип алып, анын аркасынан ар кандай сөздөрдү таратып жаткандар да жок эмес.

Мечиттердин ачылышы да элдин, жаштардын ыймандуулукка карай кадам таштоосуна зор мүмкүнчүлүк дечи. Ошентсе да мечит менен бирге кылмыштын мурда адам укпаган түрлөрү да өсүүдө. Андыктан коомчулук балдарга тарбия берүүнүн башка да тармактарына өзгөчө көңүл бура турган мезгил келди окшойт.

Анткени жердеги ар бир тирүү жан бала үчүн жашап, бала үчүн ар кандай кыйынчылык менен күрөшөт.

Албетте, акыркы күндөрү билимдин келечектеги баалуулугун түшүнүп, аны колдоого алып жаткандар да жок эмес. Алар алдыңкы өнүккөн мамлекеттерде эң биринчи капиталды билим үчүн жумшап, ага шарт түзгөндө гана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн зор мүмкүнчүлүк болоорун билип, ошого жараша аракет кылууда.

Туура, биздин өлкө жетекчилеринин да акыркы мезгилде бала бакчаларын ачууга, сатылып, же менчиктештирилип кеткен бакчаларды кайрадан мамлекетке кайтарууга жасап жаткан аракети, 1-4-класстын окуучулары үчүн чашке чайларын берип жаткандыгы билим берүүнү реформалоонун алгачкы кадамы катары бааланууда. Бирок ошол демилге жалпы коомчулук тарабынан колдоого алынбай жаткандыгы өкүндүрөт.

Зайнабидин Мамасадыков,

педагог-мугалим, Ноокат району

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG