Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Окенов: Компенсация маселесинде кылдат бололу


Куткаруучулар кырсык болгон жерде
Куткаруучулар кырсык болгон жерде

Авиация боюнча эксперт, мурдагы учкуч Таалайбек Окенов "Азаттыкка" маек курду.

Азаттык: Таалайбек мырза, кырсыктан кийин иликтөө башталды. Ал кандай ыраатта жүрөт? Адегенде эмнелер эске алынышы керек?

Т. Окенов: Эреже боюнча кырсык каерде болсо аны ошол аймак иликтейт. Кыргызстанда болуп аткандан кийин биз жүргүзүшүбүз керек. Азыр мамлекеттик комиссия түзүлбөдүбү. Анын алдында техникалык комиссия түзүлүп, изилдеп чыгат. Бирок иликтөө жагынан жетиштүү адистерибиз, маалыматтарды чечмелегенге мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) өкүлдөрү да катышат. Алар менен атайын келишим бар. “Боинг” компаниясы да иликтөөгө кошулууга даярбыз деп атат. Учак түркиялыктардыкы болгон үчүн алар да жардам берет. Жергиликтүү жана эл аралык эксперттер иликтешет.

Азаттык: ​Иликтөөнүн тартиби кандай болушу керек?

Т. Окенов: Өзүнүн тартиби бар. Биринчиден, учкучтардын, учактын тарыхы каралат. Авиакомпаниянын учуу эрежелери боюнча көп тармактар эске алынат. Кырсык болгон маалдагы аба ырайынын абалы эске алынат. Экипаж менен диспетчерлердин ортосунда байланыш кандай болгону да чечмеленет. Адегенде "кара куту" деп коет, ошого жазылган маалыматтар: кыймылдаткычтын абалы, учуу бийиктиги, ылдамдык, учкучтардын ортосунда эмне сөз болгону такталат. Ошонун баары ортого салынып анан жыйынтык чыгат.

Бул самолет биздин диспетчерлердин буйругу менен келип конмок. Демек аэропорттун, Кыргызаэронавигациянын кызматы, авариялык куткаруу иштери, иши кылып ар тараптан карап чыгышат.

Азаттык: Демейде мындай иликтөөлөр канчага созулат?

Т. Окенов: Иликтөө жүрүп жатканда улам жаңы маалыматтар пайда боло берет. Бери дегенде жарым жыл, же бир жылда расмий жыйынтыгы чыгышы мүмкүн.

Азаттык: Эми компенсация маселесине келсек. Жакындары курман болгондорго, жабыркагандарга ким, кандай шартта, канча өлчөмдө компенсация төлөп бериши керек?

Т. Окенов: Компенсация комиссиянын жыйынтыгынын негизинде гана көрсөтүлөт. Ага чейин мамлекет жабыркагандарга кандайдыр бир жардамды бере берсе болот.

Эгер авиакомпания күнөөлүү болсо эл аралык конвенциянын негизинде төлөп берет. Мындай конвенциялар бир нече. Кыргызстан Варшава конвенциясына кол койгон. Варшава конвенциясы Гаага конвенциясы менен толукталган. Ага ылайык компенсация өлчөмү 20 миң доллар. Ал эми башка Чикаго конвенциясыныкы 100 миң доллардан көбүрөөк. Бирок Кыргызстан ага кошулган эмес.

Айта кетүүчү жагдай, мен ушул компенсация темасында этият бололу дейт элем. Анткени 2008-жылы Бишкектин жанында болгон кырсыкта да аябай көп талаш-соттошуулар болгон. Анткени эл көп нерсени билбейт. Ар кандай конвенциялар бар да. Бирөөнө бир мамлекет кол койгон, бирөөнө кол койгон эмес. Мамлекет кайсынысына кол койсо ошонун негизинде гана төлөнөт. Анан ушул жерден эл туура эмес түшүнүп алып, тиги эксперт мындай деп айткан, мынча акча бериши керек деп ызы-чуу чыгат.

Азаттык: Кыргызстан буга чейин "Манас" аэропортунда эл аралык жүк ташуучу хаб куруу демилгесин көтөрүп калчу, мындай күтүлбөгөн окуялар кандай таасир этет?

Т. Окенов: Жакшы таасирин тийгизбейт. Бул өтө оор окуя болуп атпайбы. Бирок эмне себептен ушундай болду? Буга учкучтарбы, же биздин кызматтар күнөөлүүбү, муну иликтеп чыккандан кийин гана таасирин айтууга болот.

XS
SM
MD
LG