Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Чек ара ачылганы тууралуу маалымат төгүндөлдү


Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдан бери жабык турат.
Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдан бери жабык турат.

6-мартта Тажикстандын Транспорт министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык”, “Гүлистан” көзөмөл-өткөрмө жайлары ачылып, 39 жүк ташуучу унаа ары-бери өткөнүн билдирген.

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы учурда жабык экенин, көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен Тажикстандын жүк ташуучу унаалары өтпөгөнүн ырастады. Аталган кызмат 5-мартта “Карамык” өткөрмө бекетинен Кытай бийлигинин өтүнүчү менен аталган өлкөнүн жүк ташуучу унаалары гана Тажикстанга өткөнүн кошумчалады. Ошондой эле "Карамык" бекети аркылуу, келишимге ылайык, НАТОнун жүктөрүн ташыган машинелер да өтүүдө.

Чек араны оозеки "ачкан" тажиктер

Тажикстандын Транспорт министрлигинин кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык”, “Гүлистан” көзөмөл-өткөрмө жайынан 39 жүк ташуучу унаа ары-бери өттү деген маалыматын кыргыз тарап жокко чыгарды. Вице-премьер-министр Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасы 11-январдагы жаңжалга баа берилгенден кийин гана ачыларын айтууда.

- Азыркы убакта кыргыз-тажик чек арасы жабык бойдон турат. Бирок Лейлектин, Алайдын, Чоң-Алайдын жана Баткендин айрым жарандары чек араны ачып бергиле деп кайрылууда. Бирок биз азыр анализ жүргүзүп жатабыз. Биздин өкмөт чек ара маселесин талдап чыккандан кийин гана чечим кабыл алат.

Коңшу өлкөлөрдүн бири-бирине саясий кыр көрсөтүп, чек араны ачпай жатышы эки өлкөнүн тең экономикасына пайда алып келбейт. Мындай оюн мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди:

- Биздин бийлик коңшуларга кыр көрсөтүп чек араны жаап койду. Бул туура эмес. Анткени чек арага жакын жашаган кыргыздар да, тажиктер да кыйналып жатат. Алар илгертен соода-сатык кылып, алакада болушкан. Цемент, күйүүчү май жана башка товарларын сата албай калышты. Ошондуктан чек араны ачып, элге мүмкүнчүлүк бериш керек.

Кыргыз-тажик соодасы 10 эсеге азайдыбы?

Ал ортодо Тажикстандын Бажы кызматы чек аранын жабылышынан улам эки өлкөнүн товар айлантуусу 10 эсе азайганын билдирди. Коңшу өлкөнүн маалыматына таянсак, эки өлкөнүн товар айлантуусу 2013-жылдын январында 11 млн. 567 миң доллардан ашык болсо, ушул жылдын январында 1,2 млн. долларды түзгөн.

Деген менен Баткен районунун акими Сейитмурат Калыковдун ырасташынча, жергиликтүү эл чек аранын жабылышынан эч кандай зыян тарткан жок.

Чек арадагы базар
Чек арадагы базар
- Бизге эч кандай зыян болгон жок. Жергиликтүү эл чек ара маселеси чечилгенче жабык турушуна каршы эмес.

Ал эми чек ара маселелерин иликтеген жергиликтүү эксперт Назгүл Алдашева эки өлкөнүн катташпай жатышы Тажикстанга күйүүчү май, көмүр ташыгандарга эле залакасын тийгизбесе, карапайым калкка арзанчылык келди деген пикирде:

- Мурда баткендиктер өрүктү Тажикстан аркылуу экспортко чыгарып келишсе, эми жергиликтүү ишкерлер Орусия аркылуу сыртка чыгарып жатат. Мурда тажиктерден келген товар эми Бишкектен келүүдө. Мындайча айтканда, ишкерлерге чоң эле стимул болуп жатат. Айрым товарлар арзандады. Маселен, көмүрдүн баасы 3 эсе ылдыйлады. Ошол эле учурда эт-сүт азыктары Бишкектен келгендиктен бир аз кымбат болуп жатат.

Чек ара жабык болгону менен күйүүчү май, көмүр сыяктуу товарлар түнкүсүн аткезчилик жолу менен тажик тарапка өтүп жатканын жергиликтүүлөр жашырбайт. Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдагы чек арачылардын атышуусунан бери жабык. Аталган маселе боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 3-мартта кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү менен жарытылуу майнап чыккан эмес. Ошентсе да тажик тарап Кыргызстандын каршы пикирине карабай жакын арада чек ара ачыларын маал-маалы менен кыйытып келет.

XS
SM
MD
LG