Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

“Азаттыктын” видео сүйүүчүлөр арасында жарыяланган "МЕНИН БАЯНЫМ" аттуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргыз жана орус тилинде жарыяланган сынактын шарттарына толук жооп берип, “Азаттыктын” көрөрмандары арасында жогору бааланган төмөнкү авторлор сыйлык ээлери деп табылды.

Бексултан Абубакир "Тиричилик" тасмасы үчүн 1-орунду ээлеп, 500$ менен сыйланат. Тасмада бийик тоолуу өрөөндөгү малчылардын жашоо-турмушу чагылдырылган.

Темир Азем уулу "Максатбек" тасмасы үчүн 2-орунга татыктуу болуп, 300$ менен сыйланат. Тасма майыптыгына карабай өз үй бүлөсүн эч нерседен кор кылбай баккан Максатбектин турмушун баяндайт.

Автандил Абдыкадыр уулу «Жол» деген видео тасмасы үчүн 3-орунга чыгып, 200$ менен сыйланат. Тасма бир адамдын өмүр жолун таасын чагылдырган.

Кызыктыруучу сыйлыктар менен “Алтын чайкаган агай” тасмасы үчүн Аманбек Ажымат, “Келдибек мергенчи” тасмасы үчүн Асейин Мааданбеков жана “Мен ырдасам, мен жашайм” деген тасмасы үчүн​Айзирек Акмолдоева сыйланат.

Сыйлыктар 12-февралда саат 10до Коомдук биринчи каналда “Азаттык+” программасын тартуу маалында тапшырылат.

Сыйлык ээлерин куттуктайбыз!

"Азаттык" сынакка өз тасмаларын жөнөткөн бардык авторлорго терең ыраазычылык билдирет жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

"Менин баяным" сынагына келип түшкөн видео баяндарды бул жерден толук көрө аласыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG