Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Коноктон мурун догдурга баралы


Соңку жылдары Кыргызстанда эмчек рагына кабылган аялдардын саны өсүүдө.
Соңку жылдары Кыргызстанда эмчек рагына кабылган аялдардын саны өсүүдө.

Кыргызстанда жылына 300 аял жатын моюнчасынын рагы, 400дөй аял көкүрөк рагы менен катталат. Мурдагы жылдардагы ооруларды кошуп отурса, өлкөдө мындай илдеттерден жабыркагандардын саны бир нече миңдеп саналат.

Залалдуу шишикке кабылган аялдардын дээрлик 80 пайызы өтүшүп, 3-4-стадиясына барып калганда араң дарыгерге кайрылат. Андыктан аларды айыктыруу мүмкүнчүлүгү азайып, эң көп дегенде бир же бир жарым жылдык өмүрлөрү гана калат дешет адистер. Эмне үчүн кыргыз аялдарында бул илдет көбөйүүдө?

Лондондо жашаган Эрика аттуу айым былтыр көкүрөгү кичине кабатыр кылып, врачка кайрылган. Бактыга жараша, текшерилип, жыйынтыгы жакшы чыккан. Врач ага көкүрөгүн үйдөн текшерүүнү үйрөтүп, жыл сайын көзөмөлдөп турат. Батышта аялдар милдеттүү түрдө жылына бир жолу рак тестинен өтүшөт.

- Эки жыл мурда көкүрөгүм бир аз ооруп, врачыма кайрылгам. Ал дароо мени ооруканага текшерилүүгө жиберди. Ал жактан эмчекти өзүмчө текшергенди үйрөтүшүп, кылдат карагандан кийин жыйынтыгы жакшы болду. Эми жыл сайын бир жолу көкүрөгүмдү текшертип турам, - дейт Эрика.

Ал эми кыргыз аялдары Эрика сыяктуу догдурга жөн салды текшерилүүгө барбайт. Бизде ден соолукту акыркы орунга койгондуктан, аялдардын дээрлик бардыгы учурунда келбей, оору өтүшкөндө келет дейт Республикалык Онкология Борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиева:

- Аябай өтүшүп кеткенде келишет. Анткени аялдарда маалымат жок. Биздин аялдар үй-бүлө, турмуш, бала-чака деп жүрүп өз ден соолугуна көп көңүл бурушпайт. Ден соолукту экинчи, үчүнчү, төртүнчү планга коюп коюшат. Өтүп кетет, же жөн эле суук тийип калды деп эле жүрө беришет. Анан эң өкүнүчтүүсү аябай өтүшүп кеткенде келишет. Андай оору жакшы дарыланбайт. Ракты эми өзүңөр билесиңер, дүйнө жүзү боюнча аны толугу менен эч ким айыктыра элек. Өмүрүн эле узартчу мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Илдетти дарылоодо адистер чоң кыйынчылыктарга кептелген. Мурдагы постсоветтик өлкөлөр ичинен Кыргызстанда онкологиялык ооруларды дарылоонун абалы өтө начар.

- Бүткүл союздун, азыркы КМШ республикаларынан артта турабыз. Өкмөт биздин абалды оңдош үчүн көп жардам бериши керек, көңүл бурушу керек. Анткени бизге кымбат аппаратуралар МАГАТЭ уюму аркылуу келет. Өзүбүз сатып алганга мүмкүнчүлүк жок, - дейт Бактыгүл Султангазиева.

Тийиштүү аппараттын жоктугунан жатын моюнчасынын шишигин бизде дарылоо мүмкүн эмес, жылына 300дөй аялда бул илдет аныкталат. Өкүнүчтүүсү, алардын дээрлик баары жаш келиндер.

Рак менен ооругандар өз кыйынчылыгы менен өзү жалгыз калган. Кыргыздын колунда бар ишкерлери же атактууларында Батыштагыдай кайрымдуулук кылуу деген түшүнүк жок. 27 жылдан бери аялдардын онкологиялык ооруларын дарылаган, илимдин доктору Бактыгүл Султангазиева ишкерлер тууралуу айтуу да кыйын экенин ырастады:

- Биздин бизнесмендерге эми сөз жок. Бирок анча-мынча дарылар гуманитардык жардам катары келет. Бирок алар дагы мөөнөтү өтүп кеткенде же колдонуу мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда келет. Аны дагы биз көп урунганга мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Кыргызстанда ракка кабылгандарды дарылоо мыйзамдарда акысыз деп жазылганы менен бейтаптар өз чөнтөгүнөн дарыланышат. Бир эле курс дары алганга 7-8 миң сом коройт, мындай курстан 5-6 жолу алышы керек. Колунда барлары Алматы, Москвага жөнөшөт, колунда жоктордун жашоосу ашып кетсе бир жарым жылга гана узарат:

- Той-аштарда жакшынакай эле болуп кийинип, чачтарын жасап, тырмактарын боёп жүрүшөт. Анын ортосунда бир жолу поликлиникага келип кетсе, алар биринчи, экинчи стадияда эле кармалмак. Анан бизге келген көп бейтаптардын басымдуусу татынакай, бир-экиден балдары бар, жакшы жумушута иштеген, жогорку билимдүүлөр. Биздин көп аялзатыбыз көбүнчө өзүн жакшы көрүшү керек да. Өзүн сүйүш керек, өзүн караш керек. Жакшы кийинип, боёнуп-таранып жүргөндүн ордуна эки жылда бир гинекологго, маммологго көрүнүп турушу керек. Биз мурда 45тен кийин, 55тен кийин барып көрүнгүлө дечүбүз. Азыр турмушка чыккан жаш келин эки жолу врачка кайрылышы керек. Ооруйбу, оорубайбы, баары бир көрүнүп турушу керек, - дейт адис.

Албетте бул илдет башталганда эле алдын алууга, ал тургай айыктырууга болот. Андыктан кыргыз аялдары гинекологдун текшерүүсүнө жылына жок дегенде бир ирет барууну тойго же айылчылагандай эле көнүмүш адат кылса, мындай кыйынчылык жаралбас беле.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG