Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Жакырчылык деңгээли боюнча Кыргызстан Борбор Азияда Тажикстандан кийинки эле экинчи орунда. Анткен менен кыргыз өкмөтү жакырчылык жыл сайын төмөндөп жатканын билдирүүдө.

Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү боюнча министрлиги жүргүзгөн изилдөө боюнча Кыргызстан Борбор Азияда Тажикстандан кийинки орунда турган жакыр өлкө. Бул изилдөө боюнча Кыргызстанда жумушсуздук деңгээли 12 пайызга жакын.

2000-жылы алтымыш пайызга жеткен жакырчылык деңгээли 2007-жылы отуз беш пайызга чейин түшкөн. Бирок буга карабай Кыргызстан жакырчылык торунан чыга албай келет. Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта өлкө калкынын отуз беш пайызы кедей.

Жакырчылык маселесин бир топтон бери изилдеген экономист Шамсия Ибрагимованын айтымында, акыркы жылдары жакырчылык деңгээли төмөндөөдө:

-Жыл сайын жардылык деңгээли орто эсеп менен үч пайызга төмөндөп жатат. Өкмөт эл аралык уюмдар менен бирге бул маселени чечүү боюнча иш-аракеттерди көрүүдө. Жакырчылыкты жоюу, кедей-кембагалдарга колдоо көрсөтүү боюнча программалар иштелип чыккан.

Дегени менен дагы деле эки миллионго чукул адам кедей-кембагалдардын тизмегинде. Алардын ичинен төрт жүз миңге жакыны карандай чай менен нан жеп отуруп калгандар.

Ал эми колунда жокторго мамлекет тарабынан жөлөк пул каралган. Быйыл анын суммасы 140 сомду түзөт. Мисалы киреше булагы жок, жакырчылыктын торунан чыга албай калган эки балалуу үй-бүлө айына алты жүз сомго жетпеген акча алат.

Экономист, экономика илимдеринин доктору Зарылбек Кудабаевдин ырасташынча, инфляция өсүп, баалар асман чапчып жатканда жарды үй-бүлөлөргө жарыбаган каражат берүү менен абалды оңдоо мүмкүн эмес:

-Өнүккөн мамлекеттерде ишсиз калган, колунда жоктор өкмөттөн өз жанын багып кетүүгө жете турган каражат алат. Ал жакта жардыларга көмөк көрсөтүү боюнча мыкты система иштелип чыккан. Кыргызстанда болсо ал суммага бир мүшөк ун дагы келбейт. Жөн гана бизде да ушундай көмөк бар дегенсип жасап коюшкан. Андыктан мамлекет кедей-кембагалдарга берилчү каражаттын суммасын көбөйтсө жакшы иш болоор эле.

Маектештин айтымында, аталган көйгөйдү чечүү үчүн мамлекет тарабынан ири иштер аткарылышы зарыл:

- Жакырчылык өтө кеңири проблема. Аны чечүүдө үстүртөдөн мамиле кылбастан, бир нече жылды камтыган стратегияны иштеп чыгып, жең түрө киришүү зарыл. Алгач, албетте, экономиканы өстүрүү керек. Күчтүү экономикасы бар мамлекетте гана жакырлар аз болот. Инфраструктураны жакшыртып, калкты электр энергиясы менен үзбөй камсыздап, жолдорду ремонттоо керек. Ошондой эле айыл-чарбасына дагы көңүл бурулуп, дыйкандарды транспорт, күйүүчү май менен камсыз кылып, продукцияны экспорттоого жол ачуу зарыл. Айтор ушул өңдүү иш-чараларды жасоо менен жакырчылык маселесин чечүүгө мүмкүн.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигин өкүлү Чолпон Асаналиеванын айтымында, жакырчылыкты жоюуда калк мамлекетти гана карап отура бербей, өз турмуш абалын оңдоо үчүн аракет жасоосу зарыл:

-Биз жакырларды аныктоо үчүн өлкөнүн булуң-бурчтарын кыдырып турабыз. Айрымдар колубузда жок, нан менен чайды гана карап калдык дешет. А чынында болсо иштелбей жаткан жерлери бар. Мамлекетти карап отура бербестен жер иштетип, аракет жасап, жашоо шарттарын жакшыртса болот эле го. Мамлекет жакырларга деп жылына бир миллиардай сом бөлөт. Эгерде биз ошол каражатты чын эле кыйналып аткан адамдарга берсек кандай жакшы болот эле. Ал эми иш жүзүндө эмгекке жарамдуу бирок жөн гана жалкоолуктан арыла албагандарга да ал каражат кетип калып атпайбы. Жардылыктан арылуу үчүн аң сезимди дагы оңдоо зарыл.

Колунда жоктордун жетимиш пайыздайы айыл жергесинде жашайт. Андыктан, серепчилер өзгөчө элеттиктерге көмөк көрсөтүү керек экенин айтышат. Кочкор районундагы кооператив ээси Топчубек Рыспаев дагы ушундай ойлорго толук кошулат:

-Элетте жакырлар көп дейбиз. Бул туура. Бирок алардын санын азайтуу үчүн шарттарды түзүү керек да. Мисалы кооперативдерди түзсө болот. Буга алгач жаштарды тартса жакшы. Анткени жаштар жакшы идеяларга бай, аларды окутуу да оңой. Эмнеси болсо да жакырчылыкты жоюу үчүн өзүбүз эле аракет кылбасак болбойт.

Ал эми Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен маалым болгондой, ушул тапта колунда жокторго берилчү жөлөк пулдун суммасын көбөйтүү боюнча талкуу жүрүүдө. Бул маселе жыл аягына чейин чечилиши күтүлүүдө.


XS
SM
MD
LG