Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Өкмөттүк эмес уюмдар тыңчыбы?


Кыргызстандык бейөкмөт уюм өкүлдөрү пикетте. 21-октябрь, 2010-жыл.
Кыргызстандык бейөкмөт уюм өкүлдөрү пикетте. 21-октябрь, 2010-жыл.

Четтен каржыланып, саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик тыңчы деп атоо демилгеси кайра көтөрүлүүдө.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болсо мыйзам эл аралык эрежелерге дал келбей турганын белгилеп жатат. Буга чейин алар аталган мыйзам долбоорду колдобоону өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылган.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Нуркамил Мадалиев жана Турсунбай Бакир уулунун бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзам долбоору тиешелүү комитеттердин кароосуна жиберилди. Нуркамил Мадалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ал керектүү процедуралардан, юридикалык, лингвистикалык экспертизадан өттү. Аты аталган депутаттар "саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өз уставындагы ыйгарым укуктардан аша чаап кеткен өкмөттүк эмес уюмдар чет элдик тыңчы катары кабыл алынышы керек" деген демилге көтөргөн. Бул үчүн алар "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", “Юридикалык уюмдарды жана филиалдарды каттоого алуу жөнүндө” мыйзамдарга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылууда.

- Кыргызстанда катталган коммерциялык эмес уюмдардын саны да, иштеген багыты да ар түрдүү болуп жатат. Кээ бирлери каттоодо өз максаттарын башка көрсөткөнү менен иш жүзүндө башкача болуп, саясатка аралашып кетип жатат. Ошолорду жөнгө салуу максатында киргизилген.

Мыйзам чыгаруучулардын мындай демилгелерине өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү тынчсыздануусун билдиүүдө. Буга чейин айрым уюмдар аталган мыйзам долбоорду колдобоону өтүнүп парламентке кайрылган болчу.

Ал ортодо 4-июнда Бишкекте “Кыргызстандагы жарандык коом: теория жана практикада” деген аталыштагы конференция өтүп, анда бейөкмөт уюмдар менен мекемелер өнөктөш катары иштеши керектиги айтылды. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Гүлзада Медералиеванын белгилешинче, бул мыйзам долбоордун артынан бир топ жакшы программалар жабылып калышы ыктымал:

- Бейөкмөт уюмдарды душман көрбөй эле өнөктөш болуп иш алып барса жакшы болмок. Кээ бир мамлекеттик структураларга караганда бейөкмөт уюмдар көп жакшы, алгылыктуу иштерди жасап жатат. Балким бул мыйзам жаман эместир, бирок “бөрк ал десе баш алган” учурлар жок эмес. Ошондуктан бул мыйзамга шылтоолоп, анын артынан жакшы саамалыктар жабылып калышы мүмкүн.

Депутаттар демилгелеген мыйзам долбоордо өлкөдө катталган өкмөттүк эмес уюмдарды жылына бир жолу пландуу текширип туруу, мындан сырткары алардын ишмердүүлүгү, каржылык булактары боюнча отчет алуу, негизи болсо 6 айга ишин токтотуу сунушталууда.

Кыргызстанда жаңы демилгеленип жаткан мыйзамды 2012-жылдын соңунда Орусия кабыл алган. Өлкөдө активдүү иштеген көптөгөн уюмдар анын негизинде каттоодон өтүүдөн баш тарткан эле.

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова болсо бул мыйзам долбоор Орусиядагыдай эле бейөкмөт уюмдарды тизгиндөө максатында жасалып жатат деп эсептейт:

- Кайсы тарапта иштесең ошону гана бил дегендей акырындан биздин иштей турган тармактарды азайтуу аракети болуп жатат. Мисалы биз ар кандай маселелерди көтөрөбүз. Саясатка кийлигишпе дешет, бирок чыныгы саясат – бул бийликке келүү. Биз ага кийлигишпей эле турабыз. Анткен менен социалдык жардам туура эмес көрсөтүлүп жатса ал социалдык саясат, сот системасында туура эмес иш болсо ал укук маселеси боюнча саясат, коопсуздук саясаты деп отуруп биздин жашообуздун баары ар кайсы түрдөгү саясат болот экен.

Эми долбоорду Жогорку Кеңештин эки комитети карап чыгышы керек. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев коомчулукта өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу түрдүү пикир бар экенин, алардын иши ачык-айкын болусу зарылдыгын айтат:

- Каражат бир кишиге эмес, мамлекетке жана бир максатка келет. Ошондуктан алардын иши ачык болуп, эмне кылып жаткандыгын коомчулук билиши керек.

Кыргызстанда он миңден ашуун бейөкмөт уюм катталган. Бирок алардын ичинен 1,5 миңдейи гана активдүү иш жүргүзөт. Өкмөттүк эмес уюмдардын бир жылда мамлекетке салык түрүндө төккөн акчасы бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2,5 пайызын түзөт.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев Кытайга мамлекеттик сапары учурунда "өкмөттүк эмес уюмдар кимдир бирөөнүн акчасын актоо үчүн иштеп жатат" деп айтканын айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Бирок ал буга байланыштуу мыйзамды катаалдатууга барбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG