Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңеген мыйзам долбоору даярдалып, парламентке берилди.

Тажик бийликтери болсо Тоолуу Бадахшанда илимий иликтөө жүргүзгөн жигитти тыңчы деп кармап, чет элдик уюмдарды “кырдаалды курчутууда” деп айыптады. Вашингтондогу Жорж Мейсон университетинин профессору, Борбор Азиянын саясаты боюнча адис Эрик МакГлинчи "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Өзүңүз билгендей, Кыргызстанда демократиялык реформаларды ишке ашырууда бейөкмөт уюмдардын салымы барандуу болгонун эч ким тана албайт. Орусияда бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчыларга теңеген мыйзам Кыргызстанда да кабыл алынса, демократиялык артка чегинүү болбойбу?

МакГлинчи: Эгер парламент бул мыйзамды кабыл алса, албетте жакшы кадам болбойт. Ошол эле бейөкмөт уюмдар азыр парламенттеги бардык фракциялар, өкмөттүк структуралар менен кызматташып, жалпы эле Кыргызстандын социалдык-саясий турмушуна активдүү аралашкан эмеспи. Алар кыргыз өкмөтүнүн, жарандык коомдун өнөктөшү катары башкаруу, сот реформасы, билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу белдүү тармактардын ишин алга жылдырууда активдүү иштешип жатпайбы. Өкмөт менен бейөкмөт уюм - өнөктөштөр. Экинчи жагынан көпчүлүк бейөкмөт уюмдар эл аралык донорлордон финансылык колдоо алышат. Ошол эле маалда алардын көбү өлкөнүн ичинен дагы каржыланат. Бирок эл аралык донордон акча алса эле аны ошол чет өлкөлүк уюмдардын же башка мамлекеттердин эмгек күчү катары кароо туура эмес. Алар өлкөнүн сыртынан, ошол эле маалда ичтеги булактардан каржыланып, иш жүргүзө беришет.

"Азаттык": Мына сиз кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын долбоорлорун карап, жактырган Вашинтондогу бир катар комиссияларга катышып жүрөсүз. Акча берген тарап атайын тапшырма берген учурлар болобу? Маселен, саясий өнөктүктү же бир саясий күчтөрдү колдоо, пропаганда жүргүзүү дегендей...

МакГлинчи: Кошмо Штаттардын өкмөтү Кыргызстанда демократиялык башкарууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул айдан ачык иш. Кошмо Штаттардын өкмөтү, Мамлекеттик департамент жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги сыяктуу Кыргызстан менен кызматташып жаткандар тескерисинче, өлкөнү либералдаштыруу, демократиялык башкаруу орнотуу жана жарандардын укуктарын коргоонун үстүндө иштеп жатышканын жашырбайт. Мындай уюмдар кайсы бир максатты көздөйт, атайын тапшырма менен келет дегени – ооба, туура. Бирок ал кандай максаттар, эмне тапшырма экени ачык-айкын, аны АКШ өкмөтү, Конгресстин мүчөлөрү өз билдирүүлөрүндө жашырбай эле айтышат. Ал – демократияны жайылтуу. Демократиялык өкмөт авторитардык өкмөткө караганда стабилдүү. 2005 жана 2010-жылдагы бийликтердин кыйрашы дал ошол бийликтеги демократиялык башкаруунун жоктугунан болбодубу.

"Азаттык": Эгер чөлкөмдү карасак, коңшу Тажикстанда дагы бейөкмөт уюмдар кыйын кырдаалга туш болчудай. Чет өлкөлүк уюмдарды “өлкөдө кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат” деп кыйыр түрдө айыпташууда. Алар менен иштешкен жергиликтүү бейөкмөт уюмдарга кысым башталбайбы?

МакГлинчи: Албетте, бул жерде тобокелдик турат. Тажик бийликтери чөлкөмдөгү башка коңшу өкмөттөрдөй өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарды жана жеке адамдарды “чет элдиктердин өнөктөшү” деп сөөмөй кезей алышат. Ооба, иш жүзүндө ошондой. Мына, Александр Содиков британ элчилигинин илимий гранты менен Тоолуу Бадахшанда жаңжалдарды чечүү боюнча иштеп жүргөн. Ал жерде эмне иш кылып жүргөнүн эч жашырган эмес. Ал кирген иликтөөчүлөр тобу – жаңжалды чечүүнүн жолдорун сунуштоо максаты бар экенин жашырган эмес.

"Азаттык": Өткөн жылы Тоолуу Бадахшанда өзүңүз иликтөө жүргүздүңүз. Анда сизге бирөөлөр келип, эмне жасап жүргөнүңүздү сурап кызыкты беле?

МакГлинчи: Мен Хорог шаарындагы Ага Хан университетинде саясат таануу илиминдеги методдор боюнча лекция окудум. Албетте, Хорогдо студенттерге сабак өтүп жатып, ал жерде болгон конфликт тууралуу сөз кылбай коё албайсың. Мен негизинен илимий иликтөөнүн методологиясы боюнча лекция гана окудум.

Александр Содиков Хорог шаарында сурак берүүдө (20.06.2014)

"Азаттык": Содиковдун тыңчы деп камалып, ага оор кинелер коюлуп жатканы деги эле илимий эркиндикти чектебейби?

МакГлинчи: Албетте, бул Тоолуу Бадахшандагы жаңжалдын себептерин иликтөөгө барган, Тажикстандын бул багыттагы саясатын түшүнүүгө аракеттен изилдөөчүлөргө, академиялык чөйрөгө муздак суу сепкендей эле таасир берет. Эми мен Тоолуу Бадахшан тууралуу илимий иш жазасам, анын алкагында тажик коллегаларым менен кызматташа аламбы же жокпу деген суроо кабыргасынан турат. Менин тажик өнөктөштөрүм ошондой тобокелде турса – мен алар менен чогуу кандай иликтөө жүргүзө алам... Тоолуу Бадахшанга баруу үчүн өлкөнүн ичинде өзүнчө уруксат кагазын алуу керек. Бул дагы чет элдик иликтөөчүлөрдү бул аймакка өткөрбөй чектеп коюунун жолу.

"Азаттык": Кыргызстандан америкалык аскерий база толугу менен чыгып кетти. Көпчүлүктү эми эки өлкө ортосундагы мамилелер кандай болот деген суроо кызыктырат. Ушун эле суроону сизге жолдоюн?

МакГлинчи: Эки өлкөнүн мамилеси “Манастагы” база кеткенден кийинки алдыдагы жылдары дагы өнүгөт ден ишенип турам. Эки өлкө мындан ары дагы Кыргызстанда демократиялык башкаруунун, жарандык коомду өнүктүрүүнүн, билим берүү, саламаттык сактоо системаларын жакшыртуунун, экономиканы либералдаштыруунун үстүндө долбоорлор улана берет деп ишенгим келет. Учурда көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашырылууда. “Манастагы” база кеткенден кийин дагы эки өлкө маанилүү кызматташтыкты улантат деп баарыбыз ишенип туралы.

"Азаттык": Кыргызстандын тышкы саясаты негизинен Москвага гана бурулуп калды деген пикирге Вашингтондун көз карашы кандай?

МакГлинчи: Кыргыз өкмөтүндө түрдүү кызыкчылыктары бар көптөгөн оюнчулар бар. Алардын айрымдары Орусияга ийе тартып, Москва менен иштешсе, дагы башкалары Бээжинге ыктап, Кытай менен иштешет. Дагы бирөөлөр балким Европа биримдиги, Кошмо Штаттар менен кызматташат. Кыргызстандын башкаруу системасы ар түрдүү күчтөрдөн, кызыкчылыктардан куралган. Бул Кыргызстанды башкалардан өзгөчөлөй турган белгиси. Бул өлкөдө саясий плюрализм менен кызыкчылыктардын күрөшү бардыгын көргөзөт. Алар болсо өкмөттү түрдүү өлкөлөр менен кызматташып, көп жактуу саясат жүргүзүүгө түртөт. Албетте, алардын ичинен Москва менен алака бир топ тыгыз экенин түшүнөм. Ошол эле маалда Вашингтон, Бээжин жана башка эл аралык өнөктөштөр менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын дагы унутпайлы.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG