Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Ош облусунда ажылыкка аттанчулар чүчүкулак кармоо калыс өтпөгөнүнө нааразы болушууда.

Зыяратчыларды тандоодо жүргүзүлгөн компьютердик программа адамдардын ат-жөнү алдын ала даярдалып, көбү тааныш-билиштик менен тандалганын жергиликтүүлөр айтып жатат. Алар бул үчүн Ош облусунун казысын кетирүүнү талап кылууда. Казыят болсо бул айыптоолорду четке кагуу менен, ажыларды тандоо акыйкат өткөнүнө ишендирүүдө.

Мындан 5 күн мурда өткөн ажылыкка чүчүкулак кармоо акыйкат болбой калганын ага катышкандар эми гана айтып чыгышты. Квотага илешпей калгандар чүчүкулак кармоону кайра өткөрүүнү, облус казысы Ниязалы Ариповдун жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Оштогу өкүлү Курбаналы Узаковдун кызматтан кетишин талап кылып жатышканын карасуулук аксакал Мамат Арынов билдирди:

- Ажылык боюнча Оштун райондорунда өткөн чүчүкулак кармоону биз гипноз, алдамчылык, көз боёмочулук деп эсептейбиз. Компьютер дешип, эптеп башты айлантышты дагы, бүт ажыга барчуларды алдап уюштуруп жиберишти. Биз компьютерге ишенбейбиз. Бул иштерди өткөргөн казы, казынын орун басары, дин иштер боюнча комиссия жетекчиси бүт кызматтарынан кетиши керек. Чүчүкулак сөзсүз түрдө кайрадан өтүүсү зарыл.

Арыновдун пикиринде, чүчүкулак кармоону кадимки эле эле кагаз менен өткөрсө туура болмок:

- Чүчүкулак бул эми, кыргызда илгертен кагазга эле өткөрүлүп келген. Кичинекей баракка адамдардын атын жазып, аралаштырып, анан ошодон бирөөнү сууруп чыкканда кимдин аты чыкса ошол уткан. Ошол барат, барбайт, бар же жок деген белгилерди койчу эле. Анан ошентип кагаз менен эле өткөрүп, ошондо мени барбайт дешсе, нааразы болбойт элем. Мына азыр компьютер менен акыйкатсыз фактыларды айтып берейин. Маселен, Жоош айыл өкмөтүндө бир участкадан 16 адам болсо, анын баары жанагы компьютерден чыгып калып атат, а башка участкадан бир да адам чыкпай калууда. Ал программа акыйкат болсо, ушундай да жыйынтык чыгарабы?

Ош облусунунан ажылыкка баруучулар үчүн 838 адамга квота бөлүнгөн. Ал эми катталган талапкерлердин саны 3101 адам. Бирок бул ар бир районго ылайык бөлүштүрүлүп, чүчүкулак да өз-өзүнчө өткөн.

Ажылык үчүн тандоо процессине нааразы болгондор негизинен Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунан. Аравандык карыялардын бири Абдимажит Оморалиев бул иш түшүнүксүз өткөнүн айтып кейийт:

- Бизди алгач бир тизме жазып колубузду койдуруп алышты. Ага түшүнбөй эле кое берипбиз. Анан кийин уксак анысында “компьютерге каршы эмеспиз” деген жазуусу бар экен. Ошентип шашкалактап атып, мечитке киргизишти. Ал жерге 1000дей адамдын 400ү гана араң батты. Бир маалда “компьютерде бардыгыңардын тизмеңер бар, азыр айлантабыз, кимиңдин атын чыкса барасыңар, кимиңдин атың чыкпаса каласыңар” деди да кнопканы басышты. Бир маалда эле биздин аттарыбыз катары менен туруп, чийилип калыптыр да, ошо жерде төртөөнүкү катары менен өтүп кетиптир. Бул жерде кандайдыр бир махинация болгондой. Акчасын алып алып, анан ошо кишилерди, же өздөрүнүн тааныштарын компьютерге алдын ала киргизип коюшкандай.

Казыят болсо бул айыптоолордун баарын четке кагууда. Облус казысы Ниязалы Арипов зыяратчыларды тандоодо эч кандай кемчилик кетирилбегенин, ажыга баруучулардын фамилиясы компьютерлештирилген системанын негизинде аныкталганын билдирди:

- Бул система Кыргызстан дин башкармалыгы – муфтияттын Ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан текшерилип, такталып, бир топ тажрыйбадан өткөн атайын компьютердик, электрондук программа. Аны баштап атканда да ошол жердеги көпчүлүк макулбуз, ушуга даярбыз дегенден кийин гана ишке кирди. Компьютердик бул программада эч кандай бирөөнүн атын жазып коюп, же кимдир бирөөгө артыкчылык берип коюу таптакыр мүмкүн эмес нерсе. Ал эми нааразы болуп аткандар буга өздөрү өтпөй калганы үчүн капа болуп атышат. Аларды деле түшүнсө болот, анткени кээ бирлери, 2-3 жылдап ажылыкка өтө албай атышат. Ал эми бешенеден. Бирок бул компьютердик системабызды Ошто калк түшүнүү менен эле кабылдап атышат.

Ошол кезде байкоочулар, диниятчылардын чүчүкулак кармоонун салттуу ыкмасынан качкан себебин, дагы деле алардын кызыкчылыктары менен байланыштырууда. Серепчи Жолдошбек Бөтөнөев мындай дейт:

- Жылына бир эле жолу өтүүчү ажылык сапарын ызы-чуусуз эле, объективдүү өткөрүп коюшса болмок. Бардыгыбыз эле билебиз, дүйнөлүк тажрыйбада кайсы тармак болбосун, футбол оюндарында, маданият кечелеринде, билим берүү жаатында кагаз менен, салттуу түрдө эле ишке ашып келген. Азыр да миң өнүккөн өлкөлөр деле ушул практиканы колдонуп келишет. А бизде болсо ачык-айкындуулук кимдир бирөөлөрдүн, тагыраак айтканда ушул иштерди уюштуруп жаткан кишилердин пайдасына чечилбей калат. Ошону үчүн булар жаап, жашыруун түрдө, же болбосо түшүнүксүз түрдө өткөрүүгө аракет кылышат. Мына бул жолу компьютерге шылтап атышат. “Азыр деген 21-кылым, компьютердин заманы, ал кандай чыгарса ошол боюнча чечилет, кагаз менен кылсак, кол ийрисин тартат” деп, кагазды эски ыкма катары көрсөткүлөрү келишет. Анан жыйынтыгында минтип дагы нааразылыктар күч болуп кетти.

Быйыл муфтият ажылык сапарга барчу кишилерди чүчүкулак аркылуу тандоо ыкмасын киргизген. Дин башкармалыгынын дагы бир талабы боюнча акыркы үч жылда зыяратка барып келгендерге кайра барууга быйыл уруксат берилбейт. Бирок жыл сайын эле ажылыкты уюштуруу түрдүү чырлар менен коштолуп келет.

Сауд Арабиясы ажылык үчүн Кыргызстанга быйыл 3600 квота бөлүп берген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG