Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Сариев: Маданиятты колдоо жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди. Ал быйыл башталган иштер улантыларын, 2016-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый маанилүү окуяларга бай болорун белгиледи.

Өкмөт башчы эгемендиктин 25 жылдыгын, Үркүндүн 100 жылдыгын татыктуу өткөрүү үчүн жакшы даярдык керектигин айтты. Анын белгилешинче, 2016-жылы маданиятты колдоо жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат жана улуттук маданияттын үлгүлөрүн жайылтууга басым жасалат. Мындан сырткары Кыргыз өкмөтү улуттук экономиканы чыңдоо, өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында иштерди улантат.

30-декабарда президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо боюнча буйрукка кол койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG