Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Акыркы 2,5 жылда 20 миңдей татар Крымдан чыгып кеткен


Орусия аннексиялап алган Крым.
Орусия аннексиялап алган Крым.

Алар жарым аралды Орусия аннексиялап алгандан кийин кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай маалыматты Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев билдирди. Анын сөзү боюнча, жарым аралдын Кремлге баш ийген бийлиги татарларды кетүүгө мажбурлоодо. 2001-жылкы эл каттоо боюнча, Крымда 250 миң чамалуу татар бар болчу.

Орусия Крымды аннексиялап алышын көпчүлүк өлкөлөр тааныган эмес. АКШ, Евробиримдик буга байланыштуу Орусияга экономикалык санкцияларды киргизген. Өткөн жылы апрелде Орусия Крым татарларынын Межлисин тыюу салынган уюмдардын катарына киргизген.

Ал эми былтыр декабрда БУУ Орусияны баскынчы деп тааныды. Улуттар уюмунун резолюциясында жарым аралдагы крым татарларынын жана украиндердин укугу бузулуп жатканы сынга алынган.

Документ Москваны Межлисти тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарууга чакырган.

Орусия “тарыхый адилеттик калыбына келди” деген жүйөө менен Крымды аннексиялап алганын танып келет.

XS
SM
MD
LG