Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28
Жашы өтүп калган жездем бар. Мындан көп жыл мурун айылга барып калсам сарайынын үстүндө чөбүн жыйып атып "бул ээги сынган эгемендүүлүгүңөр өттү. Ушинтип кыйналып эгемен өлкө болбой эле койбойсуңарбы" деп атпайбы. Сүйлөсө куйкум аралаштырып, аракты «тишке жумшак, бизге ушул ылайык» деп ичүүгө себеп тапкан жездемдин андагы «ээги сынган эгемендүүлүк» деп уйкалыштыра айткан сөзүнө кыткылыктап күлгөнүм болбосо көп деле маани бербепмин.

Акаевдин күлкүсүн туураган алайкуулуктар

Жаңы эле сом киргизилген убак болчу. Мен Оштогу педучилищени бүтүрүп, райондун борборундагы бир мектепке музыка сабагынан окутуп, жумуштан кийин кезекке туруп, дүкөндөн бир бөлкө нан алганга араң жетишер элем. Анткени ар бир адамга талон менен бирден гана нан берилчү.

Атамдын банкка сактаган самандай сапырылган акчасы көз ирмемде он беш сом болуп калганы эсимде. Ошол он беш сомдун баасы азыркы он беш миң доллардай эле бар экен. Айтканым, ошол акчасына Оштон эки бөлмө үй алып койолу дегениме көнбөй айылга барып өзүнө ат сатып алган. Мындай карасаң кечээ эле болгондой көрүнөт, ортодо ондогон жылдар аралык гана бөлүп тургансыйт.

Акаев азыркыдай качкын президент эмес, күлкүсү таза, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болчу. Алайкуулук туугандарым жакшы көргөн адамынын кылык-жоруктарын астейдил туурап, сый-урматын ошондон билдиришчү эле. Бир жолу барсам баары эле ак калпак кийип, жумшак сүйлөп, майда басып калышыптыр.

Элдин көпчүлүк бөлүгү эми мындан ары эмне болот деген күтүү менен гана жашап калышкан. Так эле азыркыдай жакшылыктан үмүт арткан күтүү. Бирок азыркы Орусияга, Казакстанга кетип, талаалап жүргөндөрдүн негизги бөлүгү өз үйлөрүндө эле. Демократия, приватизация, дагы башка тил сындырган жаңы сөздөр, жаңы түшүнүктөр пайда болуп, карапайым эл аңдап түшүнө албай, ал эми саналуу "билимдүүлөр" эчак менчиктеп, сатканын сатып, калганы таланып, тонолуп "прихватизациялап" жаткан.

Дагы бир жолу үйгө барып калсам совхоздун койлорун көнбөгөн оюбузга койбой таратып берди деп 25 чакты тиешелерин багып атышыптыр. Кийин ал койлордун ордуна тапшырылчу эт, жүн тыйынчалык туруп калганда "ка-ап, ошондо 25 эмей эле 75 кой албай не болдум" деп атам дагы түтөп калганы эсимде. Көрсө тил сындырган дагы бир инфляция дегени келген экен.

Эсти оодарган эки окуя кокустукпу же дал келүүбү?

90-жылы Ош окуясы чыкты. Анан эсиме жара чыкпаса бир жыл өткөндөн кийин 91-жылдын август айында Курманжан датка энебиздин 180 жылдык тоюн Алайда белгилешкен. "Ала-Тоодой эт тартып, ала колдой чык жасап" дегендей эле кеп кылышкан билермандар.

Алайлык чабандес кыздардын ат кулагы менен жарыша чапканын, айтылуу Бекмамат Осмонов рахматы "кырк чоросу" менен трибунага дейре келгенин, анан кудум илгеркидей конок аттарын алган «жигиттер» да дайын турганын, ошол жерде тургандар дүргүй кабыл алышканын, бул кишинин айбаттуу сүрү бир туруп Алымбек датканы элестетсе, бир туруп мынакей датка эненин урпактары дегенди билдиргенин аңыз кеп кыла келишкен.

Өмүрү өлчөлүү экен көрсө. Ошондон көп өтпөй эле оңбой калды... Болбосо раматылык Мелис Эшимкановдун «Түштүк картасы» боюнча ал «корол көзүр» эмес беле...

Эми болсо 2010-жылы Ош окуясы чыкты. Дагы бир жыл өтүп быйыл 2011-жылы Курманжан датка энебиздин 200 жылдыгы белгиленүүдө. Сүрөттөрдү карасам баягы 20 жыл мурункудай боз үйлөр катар тизилиптир. Анда 180 боз үй тигилди дешкен. Эми болсо саны 200гө жеткендир. Кеп анда эмес дечи. Мени таң калтырганы, айтайын дегеним ушул эки окуянын 20 жыл өткөрүп дал келгени. Бул тагдырдын тайгүлүк ташыбы? Кокустукпу же жөн эле дал келүүбү?

Саясатка жигит болуп кирип, чачын ак аралаган Текебаев

Раматылык Бекмамат Осмонов ал кезде Жалал-Абаддын губернатору, Өмүрбек Текебаев орун басар эле. Ар жылы күздө башталган пахта сезонунда студенттер кул катары кызмат кылышчу. Керелден кечке норма толтурам деп жанталашып, анан да күндүзү нормага жетпей калгандарды түнү талаага айдаган күндөр өткөн.

Ошондой учурдун биринде "студенттер эмнеге эмгек талаасына чегерилиш керек?" деп тарс айтылган сөз баарын селт эттирген. Бул сөздүн ээси, «бунтарь» катары эсте калган кадимки эле Өмүрбек Чиркешович Текебаев. Бул киши ошондо кандай принципиалдуу, так, таза, чынчыл, коррупцияга булганбаган, идея үчүн күрөшкөн адам катары таанылса, 20 жылдан кийин дагы эле ошондой боюнча калды. Бир гана айырмасы - андагыдан тажрыйбалуу, андагыдан кагылды согулду, бышты, башкысы анда 30 жаштын тегерегиндеги апакай жүздүү солкулдаган бойдок жигит болсо, эми болсо чачын ак аралаган, ортолоп калган жашы элүүдө.

Мени «Алиш палван» деп атагыла деген

Анда да кримдүйнө азыркыдай баш көтөрүп чыккан. Айрыкча Ош окуясынан кийин шаардын базарын аралагандан корккон студенттер зыркырап турушчу. "Базардын балдары", "Алиштин балдары", "рэкеттер" деген каймана жана ачык аттар пайда болду.

Кудайдын куттуу күнү окуу жайдын бир жатаканасын талкалап, эркек балдарын сабап, кыздарын тоноп кеткен күндөр өттү. Шаардагы ашкана, ресторандар алар үчүн дайым «ачык», тамак-ашы «бекер» болчу.

Каалагандай ичип-жеп, тебелеп, тепсеп чыгып кетишсе да, эч ким унчуга алчу эмес. Укук коргоо органдары алсыздык кылып, көрсө да көрмөксөн болду. Алардын негизги аргументтери - Ош окуясынан кийин өзбек улутунун баш көтөргөндөрүнөн карапайым кыргызды "коргоо" эле. Канчалык коргогонун ким билсин?

Бир күнү "Оштогу университеттин дагы бир жатаканасынын балдарын жана комендантын да сабап кетти" деген үрөй учурган кабар угулду. Окуу жайдын жетекчилеринин айласы түгөнгөндө алар менен мунасага келүүнү ылайык көрдүбү, кримавторитет Алиш аттуусу менен окуу жайдын студенттерин жолугушууга чакырган.

Кадимкидей эле шайлоо астындагы талапкерге окшоп суроо берип, жооп алып, окуу жайдын чоң залында сүйлөшүп отурганбыз. "Мен рэкет эмесмин, Өзгөндүн кулуну болом, спорт менен машыгам, «Алиш-палван» деген болом" деген күрсүйгөн жансакчылардын коштоосунда келген ошол олбурлуу сарычийкил киши. Эгер ушул сөзүм жалган болсо окуу жайдын тарбия иштери боюнча ошол кездеги башчысы Кайып Ибраев агай айтсын.

Муну менен албетте мен аларды күнөөлөгөн жокмун. Азыркы саясатчылар менен тең ата болуп, өлкөбүздүн башында отургандар менен коюн колтук алыша келген «черныйлардын» башаты кайда экенин айткым келет. Кайсы жерде мамлекет алсыз, жөндөмсүз болсо, ошол өлкөнү каргашалуу кримавторитет башкарып, а калганы ошол авторитеттин оозун тиктеп каларыбызды айткым келет.

ОшМУнун тарых факультетине өтүүнүн парасы 40 миң рубль болчу.
Ушул сумманы өтө жакшы эстейм. Пара дейбизби, "шапка" дейбизби улуттук акчабызга айланар кезде мурунку акчанын баркы кетип, самандай сапырылып калганын айтып өтпөдүкпү. Ошол 1992-жылы ОшМУнун тарых факультетине өтүп, жогоруда айтылган сумманы төлөй алган эмесмин.

Бир жыл мурун эле Ош педучилищени кызыл диплом менен аяктаган менин фамилиям тарых факультетинин 1-курсун аяктай албай кийинки жылы окуу жайдан айдалгандардын тизмесине илинген. Мен ал үчүн тарых изилдөөчү, факультеттин ошол кездеги деканы Ташмабет Кененсариевге азыр рахматымды миң айтып түгөтө албайм. Тек гана коррупциянын андан берки гүлдөшү кайсы чекке жетип, азыр окууга өтүүнүн парасы канча өскөнүн окурмандарым салыштырып баксын деген ниетте жаздым муну.

20 жылдан берки жашообузда эгемендүүлүк эмне алып келди, айырмасын билесиңерби деп коюлган «Азаттыктын» суроосуна аздыр-көптүр жооп берип, жанагы жездемдин айткан сөзүнө ой тегеретким келди.

Эми ошондогу төрөлгөн бала деле деле жыйырмага чыккан кер мурут жигит болуптур. А мамлекет дале телчигип басып кете албай тушалып турат. Болгон "жетишкендигибиз" - эки жолу революция жасаганга үлгүрдүк. Мамлекет деген атыбызга да коркунуч келип, эки жолу катуу "жыгылып" турдук.

Экономика сабагынан берген мугалимибиз айтып калар эле. Адам коркунучтан эркиндик, материалдык жактан эркиндик, руханий жактан эркин болгондо гана каалаганына жетишет деп. Жыйырма жыл мурун шапкебизди көккө ыргытып, эгемен болдук деп кыйкырганыбыз менен, өз алдынча башкаруу жүргүзүп, өз желегибизди көтөргөн менен ушул эркиндикке ээ боло албай келебиз...


Карамат Токтобаева,
эркин журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG