Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Манастын шаары


Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010
Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010

Гезиттер эмне жөнүндө жазышат?

“Кыргыз туусу” гезити “Көңүл борборунда - Кыргызстан” деген тема алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинен учкай кабарлады. Андан кийинки маалыматтарында Кыргыз президенти Роза Отунбаеванын туулган күнүнө байланыштуу бир катар мамлекет башчыларынын куттуктоолорун баскан.

“Кыргыз эли эзелтен бери эле кыздарын сыйлап, төргө олтургузуп, урмат көрсөтүп келген эл. Сиз бүтүндөй эл ишенимине ээ болуп, мамлекеттин милдетин моюнга алып, туу көтөрүп чыккан бүткүл КМШ өлкөлөрүнөн кыздардан биринчи президентсиз. Муну бүткүл дүйнө эли баса белгилеп жатат. Биз, Кыргызстандын эли, буга аябай сыймыктанабыз!” деп айтылат гезит куттуктоосунун биринде.

Биз, “Азаттыктын” жалпы эмгек жамааты да мына ушул каалоо-тилектерге кошулуу менен кыйын күндөрдө калк башына келген Роза айымга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалап, канчалаган азап-тозоктордон кийин анын Кыргызстандын бактылуу өлкөгө айланышына жол салып берген, акжолтой президент болуп калышына чын жүрөктөн тилектештегибизди билдире кетмекчибиз!

“Кыргыз туусу” мындан кийин вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдин Чүй өрөөнүндөгү жолугушууларын баяндаган макалага орун берди.

Эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев баш болуп кол койгон согуш ардагерлеринин, айрым академик аксакалдардын каты “Бишкекти “Манас шаары” деп атайлы” деген ат менен жарык көрдү. Каттын бир көчүрмөсү президент Роза Отунбаевага да жөнөтүлгөндүгү эскертилген.

Президенттик администрациянын өзгөчө кырдаалдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Марат Исаковдун маеги “Көңүл чордонунда - Ош жана Жалал-Абад” деп аталат. Маекте өткөн коогалаңдан кыйраган имараттар менен турак жайларды кайрадан куруу тууралуу кеп болот. Марат Исаков өз сөзүндө: “Биз азыр эки жолду тандап жатабыз. Биринчиси – эгер чет өлкөлөрдөн келген даяр үйлөрдө жашайбыз дегендер болсо андай үйлөрдү койдуруп алып жашай беришсин дедик. “Жок, мен пайдубалы менен үй салдыртам” дешсе, биз үстөксүз кредит менен үй салып беребиз. Мындай болгондо мамлекет кышты, шыйпырды, цементти заводдун баасы менен алып берет. Ошондой эле 10-15 жылга жеңилдетилген кредит алып, бүтпөгөн жерлерин бүткөрүшөт” деп айтты.

“Кыргызстандагы апрель, май, июнь окуяларынан кийин өзбектер, кыргыздар болуп 20 миңге жакын адам Россияга жана башка мамлекеттерге чыгып кеткен. Ата Мекендин башына кыйын күн түшүп турганда эмгек мигранттарынын арасынан Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн салымын кошо ала турган кишилер бар болду бекен? Ушул суроого жооп издеген “Кыргыз туусу” бүгүнкү санына дүйнөгө чачырап кеткен кыргыздын уул-кыздарынын айрымдарын сөзгө тарткан. Ал “Чет өлкөдө жүрсөм да каным кыргыз” деп аталат.

Баяндамабыздын мындан кийинки бөлүгүн “Форум” гезитиндеги маалыматтар түзмөкчү.

Гезит журналист Баратбай Аракеевдин “Ууру түрмөдө олтурушу керек” деген макаласы менен жаңы санын тартуулады.

Макалада түрмөгө олтурат дегендердин дээрлик баары эле үйүн түрмө кылды деген шылтоо менен бошоп-бошоп чыга беришкенин, оппозиция башчыларынын 7-апрелден кийинки “кылмышкерлерди камаш керек!” деген сөздөрү айтылган жерде калганын, эми Акаевдин кол тийбестигин алып салуу менен Убактылуу өкмөт элге жага турган иш кылса, албетте адегенде Акаевдин өзү, анан жакындары, аны менен мамлекетти чогуу жегендер бул чечимге макул болбой, декретти мыйзамсыз деп чыгышканына токтолуп: “Буга чейинки декреттер турмушка ашып эле жатпайбы, анан Акаевге келгенде эле мыйзамсыз болуп калат бекен?” - деп суроо койду.

Аракеев андан ары Акаевдин жер сатканын, башка кылыктарын санап келип Бакиевдерге өтөт. Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров өңдүүлөрдү сөзгө алат. Автор Бекназаров тууралуу “Баягы Бекназаров жок, тилекке каршы ал Бекназаров башка, азыркы Бекназаров башка. Кудайга шүгүр бийликке деле жетти. Бирок бир топ бузулгансып кетти. Бир кездерде бир беткей шыбап келген үкаларына эми адвокат болуп алды” деп жазды.

“Форум” гезити муну менен бирге эле “генерал Исмаил Исаковдун “Азаттык” партиясынын кошулушу менен Алмаз Атамбаевдин Социал-демократтар партиясы абройлуу күчкө айланды” деп, “саясатташкан элдин айтымында, ушу тапта дагы бир Кубан Алиев деген жигит Россия тарабынан жиберилип, кайсы бир капчыктуу партиянын шайлоо штабында иштеп жатыптыр” деп, “Урмат Барыктабасов тууралуу ушак тарады, чын-бышыгы белгисиз кептерге караганда Барыктабасов ушу кезде абакта жок имиш. Ал эч кандай шайлоолорго катышпоого убадасын берип, Ысык-Көлдү ЕвроАзиянын №1 туристтик аймагына айландырам деп Ысык-Көлдүн губернаторлугун сураптыр”деп, “ЖККУнун Ереванда өткөн саммитинде Кыргыз президенти Роза Отунбаевага адаттан тыш мамиле жасалды. Орус президенти Д. Медведовдун сунушу менен ЖККУ төрагасы Н. Бордюжадан кийин эле эң алгачкы сөз Роза айымга берилди” деп кабар таратты.

“Бекназаров менен Мырзакматовдун тандеми...” деген макалада Ош шаар башчысынын айланасында болуп өткөн акыркы окуялар талдоого алынган.

“Элибиздин биримдиги, ынтымагы үчүн кызмат кылабыз!” деген аталыш менен генерал Исмаил Исков маек куруп, алдыдагы шайлоо өнөктүгү жөнүндө кеп кылды.

Журналист Темирбек Токтогазиевдин макаласы “Уучу бала же Роза Отунбаева эмне үчүн президент болду?” деп аталып, “Алтай-Ала-Тоо” жүрүшүнөн кайтып келген автор качандыр бир тарых бүктөмүндө калган Уучу бала деп аталган кыргыз кызынын уламышка айланып кеткен тарыхын баяндаган. Тышкы карөзгөй күчтөрдөн Ата Журтун сактап калган уламыштагы кыргыз кызына окшоп президент Роза Отунбаева да мамлекетибиздин чачылып кетишине жол бербей, бекем турса экен, эл-журтунун энеси атагына татыса экен деген тилегин билдирген.

Ушул эле басылма журналист Эртабылды Аттокуровдун “Сыйыртмак” учу ташталды, саясый шоу башталды” деген макаласын сунуш кылды. Макалада Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт жана шайлоо тууралуу бандалат.

XS
SM
MD
LG