Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Башмыйзамды өзгөртүүнүн да өзүнчө тартиби бар


Коомдук парламенттин жыйыны, 3-март, 2010-жыл.
Коомдук парламенттин жыйыны, 3-март, 2010-жыл.

3-мартта Бишкекте өткөн Коомдук парламенттин кезектеги жыйынында Башмыйзамды жаңылоо жөрөлгөсү мыйзам тартибине ылайык жүргүзүлбөгөнү белгиленди.

Анда бийликтин кандай да болсо Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети өлкө тагдырын калтыс абалга калтырып коюшу мүмкүн экени айтылды.

Жалпыга жагыш кыйын

Конституцияны улам-улам өзгөртүү ышкысы кандай натыйжаларга алып барарын Коомдук парламент жыйынында чыгып сүйлөгөндөрдүн дээрлик баары баса айтышты. Бийликке каршы ачуу сындардын катарында жалпы маанайга анча коошо бербеген “Айкөл Манас” коомдук фондунун жетекчиси Игорь Трофимов менен Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акундун сөздөрү өзгөчө кызуу талаштарды жаратты.

- 2005-жылы ушул бийликти шайлап алгансыңар! 2008-жылы шайлагансыңар бул бийликти! Эмнеге кыйкырасыңар! Мен сөзүмү аягына чейин айтып алайын. Бул жерге бийлик өкүлдөрү келбейт деп атасыңар. Алар келсе да ушинтип чуу түшүрөт белеңер? Уккула, президентти шайлап алганбыз. Конституциялык өзгөрүүлөрдүн айрымдарын мен колдобойм. Кээ бирөөлөрүн колдойм.

Чуулдаган көпчүлүк сөзүн аягына чыгарбаганына нааразы болгон Турсунбек Акун кызматын аткара албай калган президенттин милдетин Жогорку Кеңеш төрагасына же өкмөт башчысына берип коюу туура болорун, азыркы киргизилип жаткан өзгөрүү боюнча мамлекетти башкаруу кызматын элдик колдоого арзыбаган башка бирөөгө берүүгө түбүнөн каршы экенин билдирип жыйындан чыгып кетти.
Кыргыз элинин ондогон жылдар бою жыйнаган байлыгын эптеп башка бирөөлөргө сатуу жолу менен бир нерсеге акча жасап алып, булар качууга аракет кылып жаткандай сезилет.
М. Чолпонбаев

Улам-улам өзгөрүүлөрдүн уялтчу сыры

“Элдик кеңеш” кыймылынын тең төрагасы Мукар Чолпонбаев Башмыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр парламенттик талкуу учурунда бир да сөзү өзгөртүлбөшү керектигин белгиледи. Эгер сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн бирөө өтпөөй калса бул маселеге парламент мүчөлөрү бир жылдан кийин гана кайрылууга укуктуу экенин ырастады. А бирок ага карабастан, азыркы бийликтин мыйзам тартиби бузулганына кайыл болуп, президенттин кызматын башка бирөөгө бере турган өзгөрүүлөрдү ыкчам киргизүү аракетин М.Чолпонбаев мына бул жагдайга байланыштырат.

- Өзгөчө үй-бүлөнүн жасап аткан аракеттерин карап отурсак ушу кыргыз элинин ондогон жылдар боюнча жыйнаган байлыгын-мүлкүн, миңдеген жылдардан бери ата-бабалардан калган жаратылыш байлыктарын эптеп башка бирөөлөргө сатуу жолу менен бир нерсеге акча жасап алып булар качууга аракет кылып жаткандай сезилет.

Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев 8-ирет өзгөртүлүп жаткан Конституция мыйзам тартибине ылайык жаңыланышы керектигин талап кылып, сотко кайрылыша тургандыгын билдирди. Анын айтуусунда, жакын арада жумушчу топ түзүлүп, алар сотко жөнөтүлчү маселени кылдат иликтөөгө алышмакчы.

- Өзгөртүү киргизүүнүн долбоору Жогорку Кеңеште талкуулоонун жүрүшүндө эч өзгөрбөш керек. Көрүнүп тургандай, бул жерде Президенттик кеңешме болбой калды. Конституциялык сот шектүү деп айтты. Андан кийин Жогорку Кеңеш аны талкуулап өзгөртүп атпайбы. Мамлекеттик кеңеш деп. Бул түздөн-түз кайчы келет. Ошондуктан бул жөрөлгө мыйзамга кайчы келет деп токтотуп же Конституциялык сотко берип, бул иштин тегерегинде чоң укуктук талаш жасаса болот.

Текшерүү башынан башталышы керек
Акыркы өзгөртүү - чектен чыккан өзгөртүү. Дүйнөлүк тажрыйбада жок нерселер болуп атат.
А. Артыков

Белгилүү коомдук ишмер Анвар Артыков жалаң эле кийинки өзгөрүүлөрдү айланчыктабай, 1994-жылдан бери улам-улам көпчүлүктүн колу менен жасалып келаткан конституциялык реформалардын текши баарын кайрадан карап чыгыш керек деп эсептейт.

- Бүт бардыгын, мурунку өзгөрүүлөрдү да ревизия кылып чыгышыбыз керек. Алардын бардыгы Кыргызстанга жакшылык алып келген эмес. Ал эми мына бул акыркы өзгөрүүлөр чектен чыккан өзгөртүү. Дүйнөлүк практикада жок нерселер болуп жатат. Бул жерде да Кыргызстан биринчи болуп атабыз.
Коомдук парламенттин жыйыны, 3-март, 2010-жыл

Конституциялык өзгөрүүлөргө чейин эле өткөн жылкы президенттик реформанын аркасында Башмыйзамда аты жок биртоп мамлекеттик кызматтар түзүлдү. Катардын башында президент К.Бакиевдин уулу Максим Бакиев үчүн түзүлгөн Өнүгүү борбордук агенттиги турат. Өлкөнүн экономикалык тармагына толугу менен жоопкер жаңы кызмат азырынча бюджеттик акчаларды ишкердикке чегерүү, сырттан келчү инвестиция агымын башкаруу, мамлекет ээлигиндеги ири ишканаларга ээ чыгуу менен гана алектенүүдө. Коомдук парламент жыйынында башкаруу реформасы үй-бүлө кызыкчылыгы үчүн гана жасалганы айтылды. Кирешелүү ишканалардын итбекер арзанга сатылышы, электр, коммуналдык кызмат акысынын опсуз көтөрүлүшү ансыз да жону жука калкты оор абалга кириптер кылганы маалымдалды. Түзүлгөн жагдайды чогуу-чаран чечүү аракети азырынча байкала элек. Бийлик Ынтымак курултайын, оппозиция Элдик курултай чакырып саясий-экономикалык, социалдык кырдаалды чогулуп талкуулоо ошентип эки жээкте өткөнү калды окшойт.

XS
SM
MD
LG