Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

БУУнун аялдарга карата зомбулук боюнча атайын баяндамачысы Кыргызстанда болуп, бүгүн өз иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.


Улуттар уюмунун аялдарга карата зомбулук боюнча атайын өкүлү Рашида Манжу бүгүн Кыргызстанга болгон иш-сапарын жыйынтыктап жатып буларды билдирди:

- Бул иш сапарымда мен өлкөдө зомбулуктун төмөнкү түрлөрү өтө жайылганын аныктадым. Алар: күнүмдүк турмуштагы, ала качуу, бойго жете элек кыздарды күйөөгө берүү, никесин каттоого албоо, адам сатуу, көп аял алуу, сексуалдык жана гендердик өзүн-өзү таануусуна карата жана тартип коргоо органдары тарабынан көрсөтүлчү зомбулуктар.

Кыргыз өкмөтү аялдар укугун коргоого алган көптөгөн эл аралык укуктук документтерди ратификациядан өткөргөн. Улуттар уюмунун аялдарга карата зомбулук боюнча атайын өкүлү Рашида Манжу бүгүн өкмөт өзүнө алган бул милдеттерди конкреттүү аракеттер жана өзгөрүүлөр менен өтөй албай жатат деген таризде сөзүн айтты.

Рашида Манжу 9-16-ноябрга дейре Бишкекте жана Ошто аялдар абалы менен таанышып чыккан. Иш сапары учурунда ал кыргыз өкмөтүнүн, парламенттин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана зомбулуктан жабыркагандардардын өздөрү менен жолугушкан.

Кыргызстандагы аялдардын укуктары жаатындагы абал менен толук таанышкан баяндамачы жакын арада өзүнүн иш сапарынын жыйынтыгы боюнча өз баяндамасын кыргыз өкмөтүнө жана БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине жолдойт. Анда аялдарга карата жасалган зомбулуктар, алардын себептери жана көйгөйдү чечүү боюнча сунуштар камтылат.

Сунуштар демекчи, Рашида Манжу зомбулуктун жою үчүн кыргыз өкмөтүнө каржылык ресурсту көбөйтүү, улуттук гендердик механизмди иштеп чыгуу, зомбулукту жаап-жашыргандарга чара көрүүгө чакырат.

Кыргызстанда зомбулукка каршы иш алып барган “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова аталган борборго кайрылгандардын жарымынан көбүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар түзөөрүн маалымдап, зомбулукка каршы багытталган мыйзам толук иштебей жаткандыгын билдирет.

- Бизге кайрылгандардын 60-70% - үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, ошонун айынан жабыркагандар. Конкреттүү түрдө укугу бузулган аялдарга жардам бере турган уюмдар Кыргызстанда азыраак болуп жатат. Аялдарга көмөктөш болуп, аларга өз укугуңарды тебелетпегиле деп окутуп, үйрөтүш керек. Үй-бүлөдөгү зордук зомбулукка каршы мыйзам деле кабыл алынган, бирок ал жакшы иштебей жатат.

Кыргызстанда зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык эң жогорку жаза – аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат.

Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек. Андыктан өлкөдөгү укук коргоочулар мыйзам үй-бүлө институтун коргой албай жатканын айтышып, аны толуктап өзгөртүү керектигин белгилешүүдө.

Алалы жарандык коомдун колдоо борборлорунун бирикмеси Социалдык технологиялар агенттиги менен бирдикте “Үй-бүлөнү зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамына толуктоолор киргизүү демилгесин көтөрүп жатат.

ИИМдин билдирүүсүндө жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулук айынан 8 миңден 10 миңге чейин арыз түшүп турат. Бирок бул өлкөдө зомбулукка кабалып жаткан айымдар саны ушунча гана дегенди түшүндүрбөйт.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы көбөйгөнү менен бул багытта атайын арыз берип, укук коргоо органдарына кайрылгандар аз келет. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакытбек Сейитовдун айтымында, мындай учурлар көбүнчө ата-энелер, туугандар тарабынан эле чечилип келет.

- Урду, укугумду бузду, зордук-зомбулук болду деген атайын арыз менен өтө эле аз кайрылышат. Шаар жеринде гана айрым учурда кайрылышпаса, бирок анда деле эртеси эки тарап тең келип, арыздарын алып кетип калышат.

Адатта үйдө күйөөсүнөн келтек жеген аялдар муну ачыкка чыгаргандан уялышат. Өз атын атагысы келбеген төмөнкү айым да күйөөсүнөн токмок жеген учурлар болгонун жашырбайт:

- Кол көтөрүп, бетиме чаап жиберген учурлар болгон, бирок катуу жабыркаган учурум болгон эмес. Менин жолдошум өзү кызганчаак, ошонун айынан да көп урушчубуз. Бир жолу үйдө жолдошум экөөбүз калган элек. Достору келип, ичишкен болчу. Алар кеткенден кийин эле “Сен тигилерге күлүп койдуң, сүйлөп койдуң” деп эле мени чаап жиберди. Көзүм шишип, көгөрүп кеткен. Бирок өзү да аны сезбей калды окшойт. Мас убагында да, эртеси да кечирим сураган. Бул кокустан болуп кетти окшойт деп ойлойм. Өзү урбаса керек эле...

Кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө зордук-зомбулукка көп кабылып жатышы алар өз укуктарын билбегенинен жана бул жааттагы мыйзам тууралуу маалыматы жоктугунан дешет адистер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG