Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

5-декабрга карата аба ырайы


5-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан сокон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +4...+9 градус;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +4...+9 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +5...+10 градус;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз -1...+4 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз - 5...- 10 градус суук болот.

5-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…+2°, күндүз +6…+8° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG