Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Трамп айрым саясий нааразылыктар үчүн Обаманы күнөөлөдү


Трамп жана Обама инагурация алдында. Вашингтон, 20-январь, 2017-жыл.
Трамп жана Обама инагурация алдында. Вашингтон, 20-январь, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп республикачыларга каршы өлкөсүндөгү айрым саясий нааразылыктардын артында мурдагы президент Барак Обама турат деген ишенимде.

Ал бүгүнкү телеинтервьюда нааразылыктар жөнүндөгү суроого жооп берип жатып,“мен булардын артында президент Обама турат деп ойлойм, себеби анын адамдары турганы анык”, - деп айтты.

Трамп “Fox News” телеканалына берген маегинде ошондой эле Ак үйдөгү маалыматтардын сыртка чыгып кетишинин артында Обамага жан тарткандар турат деген оюн да кошумчалады.

АКШ президенти бүгүн Конгрессте алгач сүйлөгөнү жатат. Анын кеңешчилеринин айтымында, Трамп сөзүндө шайлоо убадаларын аткаруудагы алгачкы ийгиликтер, аскерий бюджетке, саламаттыкты сактоого, инфраструктурага каражатты көбөйтүү маселелерине кайрылмакчы.

Маселен Трамп АКШнын аскерий бюджетин 54 миллиард долларга көбөйтүүнү сунуш кылууда. Трамптын пикиринде, бул экономиканын чыңдалышынан жана башка чөйрөлөрдөгү кыскартуулардын эсебинен ишке ашырылат. (UE)

XS
SM
MD
LG