Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Абийир туткундарынын тизмеси


Балыкчыда 23-июлда президенттик шайлоо күнү каршылык акциясына чыккандарды милициянын атайын даярдыктагы күчтөрү сабап кармап кетип жатат
Балыкчыда 23-июлда президенттик шайлоо күнү каршылык акциясына чыккандарды милициянын атайын даярдыктагы күчтөрү сабап кармап кетип жатат

Саясий куугунтукка каршы комитет бийликтин куугунтугуна кабылган абийир туткундарынын тизмесин жарыялады.

Саясий куугунтукка каршы комитети түзгөн тизмеге ылайык Балыкчыда 19, Бишкек шаары менен Чүй аймагы боюнча 35 абийир туткундары бар. Алардын ысымдары бүгүн “Бакиев, репрессияны токтот!” чакырыгы алдында жарыяланды.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтымында, бул тизмедеги адамдарга президенттик шайлоодон бери болуп көрбөгөндөй басым-кысымдар уюштурулуп, куугунтук жасалууда.

Бийлик өкүлдөрү өз кезегинде өлкө аймагында эч кандай куугунтуктоолор жок экендигин, оппозиция койгон айыптар жалган жалаа экендигин айтып келатышат

Ананьево айылында № 8 кесиптик лицейде окуутучу болуп иштеген Жаныбек Кудайбергенов шайлоодо БЭК атынан бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү болгондугу үчүн азыр жумушунан айдалып жатканын билдирди:

- Баарыбызга эле белгилүү болуп турат. Бул – куугунтук. Артыбыздан түшүп атат. Менин эле эмес, менин артымдагы жолдошумду жана тегерегимдеги чогуу иштешкен үгүтчү, байкоочуларды артынан түшүп камап атышат. Мен бул жерге качып келдим.


Шайлоодо кармалып-камалгандардын саны боюнча так маалымат болбой жаткандыгын белгилеген Топчубек Тургуналиев Балыкчыда абакта жаткандар кыйноолор дуушар болуп жаткандыгын айтты.

Саясий куугунтукка каршы комитетине ылайык, бүгүнкү күнгө айыпталып жаткан 21 адамдын он төртү Балыкчынын убактылуу кармоо жайында кармалып, алты киши өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил кат жазып, боштондукка чыкты. Камалгандардын бирөө саламаттыгы кескин начарлап кеткендиктен учурда бейтапканада жатат.

Бул адамдарга массалык баш аламандыкты уюштурду, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылды деген айыптар тагылууда.

Саясий куугунтукка каршы комитети уюштурган жыйында укук коргоочу Азиза Абдырасулова БЭК мүчөлөрүн Балыкчыда кармалгандар боюнча толук маалыматы жок экендиги үчүн сынга алууда. “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси оппозиция элди көчөгө алып чыгуудан мурда, аларды укуктук жардам менен камсыз кылуу жагын ойлонуштурушу зарыл экендигин белгилейт.

- Элди акция, протесттерге үндөгөн убакта же ушу шайлоо кампаниясын өткөзүп жаткан убакта саясатчылар экинчи жагын унутуп атышат. Булардын артынан ишенип ээрчигендерди юридикалык жардам менен камсыз кылуу жагын унутуп коюп атышат. Анан автоматтык түрдө ошондой милдет бизге окшогон укук коргоочулардын мойнуна түшүп калып атат.

XS
SM
MD
LG