Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Тегеранда өрттөнүп ураган имаратта набыт болгондор бар


Бул тууралуу Ирандын Ирна маалымат агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, каза болгондор негизинен өрт өчүрүүчүлөр. "Ассошиейтед пресс" агенттиги Ирандын Пресс ТВсына шилтеме жасап, каза болгондор саны 30 экенин маалымдады.

19-январда Ирандын борборундагы Пласко имараты өрттөн урап түштү. 15 кабаттуу имаратта өрт башталганда адамдар эвакуацияланып, бирок өрт өчүрүүчүлөр жалынды токтотууга аракеттенип жатышкан. Иран маалымат каражаттары 200дөй адам жабыркаганын маалымдады.

Пласко имараты 1960-жылдардын башында курулган. Ал Тегерандагы эң бийик курулуштардын бири катары эсептелип келген. Ал жерде соода борбору жана кийим тигүү цехтери жайгашкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG