Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Адамзаттын алгач космоско учканына 50 жыл болду. Ал эми СССР Илимдер Академиясынын Космосту иликтөө институтунун Кыргызстандагы “Аалам” конструктордук өзгөчө бюросу дээрлик жоюлуп, анын имараты тигүүчү цехке айланып калган кези.

Советтик космонавт Юрий Гагарин 1961-жылдын 12-апрелинде биринчи болуп космоско көтөрүлгөн. Жергиликтүү илимпоздор космосту изилдөөгө Кыргызстандын да салымы чоң болгонун айтышууда.

1964-жылы Бишкекте, ал кездеги Фрунзе шаарында СССР Илимдер академиясынын Космостук илим изилдөө институтунун конструктордук бюросу түзүлгөн.

Аталган бюронун мурдагы жетекчиси Төлөндү Курманалиев Кыргызстанда жасалган тетиктерсиз космоско учуу мүмкүн болбогонун эскерет.

Союз учурунда аталган институттан 200дөн ашуун илимий тетиктер ойлонуп табылып, даярдалган экен.

- “Фрагмент”, Айды изилдөө үчүн “Лима”, гамма телескоп, “Кедр”, “Метеор-жаратылыш” деген тетиктерди жасаганбыз. Мисалы, “Метеор-жаратылыш” төрт диапазондо инфро-кызыл, ультрафиолет түстөрдө жерди сканерлейт. Бул айыл чарба үчүн да абдан жакшы. Мындан сырткары “Каналдардын эсеп блогу” – бул маалыматты иштеп чыгып, жерге маалымат берет. Ушул сыяктуу абдан көп тетиктер жасалган.

Кезинде Марс, Венера планеталарын изилдөөгө кошкон салымы үчүн Курманалиев эки жолу орден алган. Азыр эми космосту иликтөө эмес, мектептерде астрономия сабагы араң өтүп жаткан кезде мындай илимпоздор унутта калып жаткан экен. "Ой, кайдан, кайсы өкмөт? Мени көптөрү таанабайт",-дейт ал.

Мындан сырткары Айды изилдөө үчүн топурак алып келүүчү машинаны кыргызстандык илимпоздор ойлоп тапканын да сыймыктануу менен айтып келишет. Алгач бул тапшырманы ар кайсы өлкөнүн окумуштуулары аткарып, Айдан 40 см. тереңдикте топурак алып келет. Бирок бул Айда база куруу үчүн аздык кылып, илимпоздордун купулуна толбойт.
Ошол кезде 3 метр тереңдиктен ар бир катмарын бузбай жер алып келүү тапшырмасын кыргызстандык академик Олег Алимов аткарган экен. Бул тууралуу Инженердик академиянын президенти Самудин Абдраимов мындайча эскерет:

- 40 см. жер көп илимпоздорду канааттандырган эмес жана бул база куруу үчүн иликтөөгө аздык кылган.

Жердин катмарын бузбай алуу да өзүнчө чоң маселе. Анткени ар бири өз ордунда калыш керек. Машина 2 метр 40 см. жер кыртышын алып, атайып аппаратка салып жерге жөнөткөн. Бизге шар эле келген, ал машина ошол жерде кала берген. Бул дүйнө жүзүндө жалгыз эксперимент. Аны башка эч ким жасаган жок. Ошонун негизинде азыр инженердик академия илимди алып барып, жаңы машиналарды жасап жатабыз. Азыр дүйнө жүзүндө биринчибиз.

Космостон тигүүчү цехке карай жол

Анткен менен дүйнөдө адамзаттын алгач космоско учканынын 50 жылдыгы белгиленип жаткан кезде, Кыргызстандагы “Аалам” космосту иликтөө институту дээрлик жоюлуп, анын имараты тигүүчү цехке айланып калган кези.

Институттагы космосту иликтөө үчүн орнотулган жабдыктар союз менен кошо эле жоюлган дешет адистер. Ал эми имараттын бир бөлүгү гана “Ааламга” калса, калгандары ижара берилип кетиптир. Азыр эми космос үчүн эмес, башка майда-барат иштер жасалат дейт “Ааламдын” башкы инженеринин орун басары Александр Новиков.

Учурунда 1500ден ашуун адам иштеп, кирип-чыккан адамдын көптүгүнөн эшиги жабылбаган төрт кабаттуу бул имаратта дагы деле киши үзүлбөйт экен. Бирок мурдагыдай илимпоздор эмес, тигүүчү цехке жумуш издеп, заказ бергени келгендер арбын.

Новиков космос үчүн иштеген программа мындан үч жыл мурда жок кылынганын, эми аны кайтаруу мүмкүн эместигин айтууда. Буга негизинен каржылоо соолгундап, ойлоп табылган тетиктер өзүн актабай калганы себеп болгон.

Жалгыз планетарий да жок

Бишкекте өлкө боюнча жападан жалгыз планетарий бар эле. Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан имарат менчикке өтүп, түнкү клубга айланган. Азыр ал да жабылып, имарат таланып ээн турат. Астрономияга кызыккан окуучулар буга абдан нааразы.

Дүйнөдө астрономия илимине кошумча толуктоолор аптасына эмес күн санап кирип турган чакта, кыргыз мектептеринде астрономия сабагы кыскарып отуруп, 11-класстар үчүн жумасына бир жолу гана өтөт.

Жаштарды астрономия илимине тартуу ишин азырынча “Алтын түйүн” борбору аткарып келет. Бул жерде 20-30дай бала ийримге катышып турат экен. Борбордун жетекчиси Жаркын Бапанова бул илимге кызыккан жана учкуч болууну каалаган жаштар көп экенин, буга өкмөттүн көңул буруусу зарыл экенин белгилейт.

Улуттук илимдер академиясынын акдемиги Асылбек Айдаралиевдин билдиришинче, Кыргызстан глобалдык коопсуздук менен байланышкан "МАКСИМ" эл аралык космостук программасына катышууга арыз берди. Аталган эл аралык космостук программа өткөн жылы иштеп баштаган, анын курамында азыр 48 мамлекет бар. Жергиликтүү окумуштуулар бул программада иштөөгө даяр экенин белгилешүүдө. Эми акыркы чечим өкмөттө турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG