Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Калпактан өткөн кооз баш кийим жок


Куш таптап, калпак кийген мүнүшкөрлөр (аманат сүрөт)
Куш таптап, калпак кийген мүнүшкөрлөр (аманат сүрөт)
Кытайдагы кыргыз жаштары калпакты өзгөчө кастарлап кийишет. Жаз-кышы менен башынан ак калпагын түшүрбөй кийип жүргөндүгү менен көпчүлүк кыргыздардан айырмаланган жаш изилдөөчү, азыр Үрүмчү шаарында аспирантурада окуп жаткан Аалы Сүйүнбайга суроо менен кайрылдым:

- Бир жолу Ак-Чийден калпагыңызды үйүңүздөн аптовокзалга чейин кийип келип анан кайра жеңемден берип жибергениңизге күбө болуп "Калпактын кадыры ушуга чейин элеби?" деп сурасам, "Үрүмчүдө башка калпактарым бар, аптооздо бүктөлүп калбасын, дедим," деп жооп бердиңиз эле. Ал калпактарыңызды азыр да кийип жүрөсүзбү?
- Ооба, азырда мына башымда.


- Дайым эле кийип жүрөсүзбү, же бүгүн эле кийип алдыңызбы?
- Үрүмчүдө күндө кийип жүрөм деп айта албайым. Көбүнчө чогулуштарда, тойлордо, майрамдарда дегендей.

-Сизди көргөндө башка улут өкүлдөрү кандай кабыл алышат?
-Таңыркап карашат. Мен алар караган сайын маашыр болуп керилип калам, бир караган сайын бир керилем (күлүп). Кай бирөөлөр окшоп кичирип, кыжалат болбойум. Кайра калпагыма суктанып карап жатышат деп көтөрүлүп, сыймыктанып калам. Анткени биздикиндей жакшы баш кийим дүйнөдө башка эч улутта жок болсо керек. Эгер калпактай баш кийими болгондо башкалар башынан эч качан түшүрбөй кийип жүрмөк деп ойлойм. Ушундай жарашыктуу баш кийим биздики болгонуна сыймыктанам.

- Учурда Кытайдагы кыргыздардын, өзгөчө жаштардын калпакка болгон мамилеси кандай деп ойлойсуз?
- Эми азыр эки нерсе тең-тайлашып түшүп жаткандай. Бир карасаң байырттан келе жаткан айрым жөрөлгөлөрүбүз бүгүнкү ааламдашуунун шардаанына туруштук бере албай унутулуп бараткансыйыт. Дагы бир жагынан карасаң, кайрадан нукура улуттук баалуулуктарына кайтып жаткандай сезилет. Калпакка болгон мамиле да ошондой.


- Калпак күнүнө карата жеке көз карашыз?
- Абдан жакшы идея. Калпакты бир күн болсо да эске салып, ушул күндү белгилеп жатканы жакшы деп ойлойм. Ар дайым ушул күндү белгилеген сайын калпактын сулуулугу, улуулугу улам терең таанылып элдин кызыгуусу артат деп ойлойум. Ак калпак жөнүндө Жүсүп Мамай ата өтө жакшы түшүндүрөт. Каныкей энебизге чейин кыргыздар кара калпак кийип жүрчү экен. «Манаста» айтылат эмеспи, "Тармал ирик жыктырдым, таза жерге кыркттырдым, кыздарга кылын тердирдим..." деп калпактын жасалуусу жакшы баяндалат. "Каныкей энебиз тартуулаган эң таза бул калпак эми кыяматка чейин кыргыздыкы болот", деп айтат Жүсүп ата.

- Кызыл-Суу жакта жүргөндө ар дайым кийип жүрөсүзбү?
- Ак-Чийде көпчүлүк кыргыздар кийип жүрөт. А түгүл айрым айыл жерлерде жылаңбаш жүрүү өөн сезилет. Мен да дайым кийип жүрөм. Артышка барганда да кийип алам. Антсем айрым кыргыздар мени көрүп кыжалат болгонсуйт. Мен аларга таң калам. Башка улутту туурап базарга жылаңбаш барсаң, эч ким саа бир товарын бир сом арзандатып бербейт да. Кудай таала бешенебизге жазган нерседен коркуп-үркпөй эле кийип жүрө бергенибиз оң.

- Ыракмат! Эч качан калпагыңыз башыңыздан түшпөсүн!

Бектур Илияс
Үрүмчү, март, 2013-жыл


P.S. Автордун жазуу стили сакталды
XS
SM
MD
LG