Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Кыргыздын дагы бир "тоосу кулады"


Ишенбай Абдуразаков "Азаттыктын" студиясында.

Ишенбай Абдуразаков "Азаттыктын" студиясында.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер, дасыккан дипломат Ишенбай Абдуразаков дүйнө салды.

Ишенбай Абдуразаков 24-апрелге караган түнү, 77 жаш курагында каза тапты.
Ал өмүр бою дипломатиялык кызматтарда, коомдук-саясий уюмдарда иштеп келди.

1971-75-жылдары – СССРдин Жапониядагы элчилигинде экинчи жана үчүнчү катчысы, 1975-78-жылдары Жапониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болгон. Туңгуч президент Аскар Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси, кийинчерээк мамлекеттик катчы да болуп иштеген.

Соңку жылдары “Кыргызстан-Жапония” коомунун президенти, Тышкы иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүргөн.

2007-жылы “Данакер” ордени менен сыйланган.

Маркум 1937-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган эле.

Анын жакын досторунун бири, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов Абдуразаков өмүр бою калыстыкты туу тутуп жашап келгенин эскерет:

- Француздардын “досумдун досу менин да досум” деген жакшы сөзү бар. Ошонун сыңары Ишенбай Абдуразаков Салижан Жигитов (залкар жазуучу жана сынчы, публицист – авт.) менен ынак дос болгон. Ал аркылуу биз да таанышып, дос болуп калганбыз. Көп жакшы нерселерди, жакшы ойлорду, жакшы идеяларды айтышчу элек. Бул киши абдан интеллектуалдуу, саясий, маданий, коомдук турмушта дайыма калыс, таза сүйлөгөн, кыргыздардын кемчилигин бетке айткан киши эле. Достукка да, жолдоштукка да, эл-журтка да өзүнүн рухий маданиятын көрсөтүп мамиле кылчу. Бул киши Жапонияга болгон эскерүүлөрүн кеңири жазып чыгам деп жүрдү эле. Биз Манас жөнүндө, анын улуулугун, айтылбай калган жактарын элге жеткирип, айтсакпы деп жүргөнбүз. Эми анын айткандары, турмуштагы, саясаттагы тажрыйбалары, эл аралык мамилелерди билүүдөгү интеллектуалдуулугу замандаштарга, өзгөчө саясатта жүргөндөргө чоң сабак болор эле.

Ишенбай Абдуразаков бир күн мурда, 23-апрелде Бишкек Гуманитардык университетинде өткөн саясат таануучу Нур Омаровду эскерүү иш-чарасына катышып, баяндама жасаган. Анда өлкөнүн келечеги, мамлекеттүүлүк, Кыргызстан алган багыт тууралуу омоктуу ойлорду айткан эле дейт саясат таануучу Элмира Ногойбаева:

- Ишенбай ага мурдагысындай эле күлүп, тамашалап, ошол эле кезде өлкө тууралуу абдан толкундануу менен сөз сүйлөгөн эле. Ал эмне болгондо да биз эркин, көз карандысыз мамлекет экенибизди баса белгилеп айтып аткан. Мамлекеттүүлүк жөнүндө көп ойлонот эле. Акыркы кездерде өлкөнү жаштар гана өзгөртө алат деп көп айтылып атат. Бирок кеп жашта эмес экенин Ишенбай ага даана көрсөткөн. Эң негизги маселе баалуулукта жана позицияда. Өзүнүн жеке позициясы болуп, өзгөрбөй бир калыпта жүрүү өлкө үчүн өтө маанилүү. Ишенбай ага бизге ушуну үйрөттү. Биз азыр канчалык чоң жоготууга учурагыныбызды аңдап-билбей жатабыз. Кечээ эле ал абдан каткырып, чай үстүндө өлкө тууралуу олуттуу сөздөрдү сүйлөшкөн элек. Бизде ал жашоодон кетип калат деген бир да ой болгон эмес.

Ишенбай Абдуразаков өмүр бою дипломатиялык кызматтарда, коомдук-саясий уюмдарда эмгектенген. Бул учурларды бирге башынан кечирген кесиптеши, Дипакадемиянын биринчи ректору Нургазы Кемелбаев маркумдун кыргыз дипломатиясына, өзгөчө эгемендик алгандан кийинки жылдарда сырткы өлкөлөр менен болгон алака-катышты жөнгө салууда кошкон салымы чоң болгонун белгиледи:

- СССР убагында аны Жапониядагы, мени СССРдин Африкадагы башкы консулу кылып бекитишкен. Кийин бул маалымат “Азаттыкка” чыгып кетип экөөбүз чочуп да жүргөнбүз. Көрсө бул жаңылыкты чогуу майрамдаган Тилектеш Ишемкулов “Азаттыкка” айтып койгон экен. Ишенбай Абдуразаков экөөбүз чогуу окуганбыз. Бул инсан дипломатиялык чөйрөгө салым кошкон, кыргыз тарыхында көп эмгек сиңиргени менен тарыхта калат. Тышкы байланыштарыбызды бекемдөөдө салымы зор.

Абдуразаков соңку жылдары Бишкек гуманитардык университетинде эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы болуп иштеп келаткан. Ошол себептен дагы көптөгөн жаш дипломаттар, саясатчылар ал кишини өзүнүн устаты, өзүнүн тажрыйбасын бөлүшкөн, билгенин айткан кеңешчиси катары да билишчү. Аталган окуу жайдан Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар факультетинин деканы Таласбек Машраповдун белгилешинче, Абдуразаков жакында эле Алматыга, Жапонияга барып, мурда өзү иштеген, окуган жерлерин кыдырып келген.

- Дипломатиялык, мамлекеттик кызматтарда жыйнаган бай тажрыйбасын, терең билимин акыркы жылдары студенттер менен бөлүшүп атты эле. Шум ажал минтип арабыздан алып кетти. Ал киши менен баарлашкан учурда дайыма өлкөбүз эртерек алдыга жылса деп, ушул багытта ойлонуп, ошол эле кезде чоң үмүт менен жаштарды үндөп, болгон күч-аракетин ошого жумшайт эле. Европада жана Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын терең үйрөнүшүбүз керек, аны биздин шартка ылайыкташтырып пайдалануу менен оңолобуз деп айтчу. Студенттердин чоң устаты, кеңешчиси, алардын сырдашы, чыныгы демократ инсан эле. Жакында Алматыда бир иш-чарага катышып келген. Ушул эле айда Жапонияга он күндөй барып ар кайсы университеттерге, өзү иштеген, жүргөн жерлерине барып келген. Менимче Жапония менен коштошуп келген сыяктуу...

Ишенбай Абдуразаков - дасыккан дипломат гана эмес, публицист катары да белгилүү. Ал досу Салижан Жигитов тууралуу бир катар эскерүүлөрдү жазган.

Ишенбай Абдуразаков 1959-жылы Москва мамлекеттик экономикалык институтун бүтүргөн. 1959-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо (Госплан) мекемесинде ага инженери кызматынан баштап, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын системасында, Кыргызстандын Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин илим жана окуу жайлар боюнча бөлүмүндө инструктор болуп эмгектенген (1965-ж). СССР Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык жогорку мектепти (азыркы Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академия) бүтүргөн. 1994-жылы Кыргызстандын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт, Президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Көптөгөн совет-жапон сүйлөшүүлөрүнүн, пост-советтик эл аралык конференция, симпозиум жана башка жыйын, жолугушуулардын катышуучусу.

Ишенбай Абдуразаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-апрелде Улуттук кыргыз драма театрында өтөт. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлмай болду.


Ишенбай Абдуразаковдун "Азаттыктагы" соңку маеги, сентябрь, 2013

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG