Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

А.Абеков: Билим берүү тармагы комплекстүү реформаларга муктаж


Билим берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Алмаз Абеков “Азаттыкка” курган маегинде тармактагы айрым көйгөйлөргө кайрылды.

“Азаттык”: Мына жакында эле PISA уюмунун иликтөөсүндө кыргызстандык окуучулар билим деңгээли боюнча арткы орундарга сүрүлүп калды. Сиз бул боюнча кандай пикирдесиз, мунун эң негизги себептери эмнеде болду, абалды оңдош үчүн эмнелерди кылуу керек? Байкоочу кеңеш бул жаатта абалдын өзгөрүшүнө түрткү боло алабы?

Алмаз Абеков: PISA уюмунун чыгарган жыйынтыгы боюнча эң акыркы 65-орунда болуп калды. Эми бул уюмдун жыйынтыгын, талдоосун карап көрсөк, ошол 65 мамлекеттин ичинен Кыргызстанда билим берүү тармагына эң аз каражат бөлүнөт. Ошол 65 мамлекеттин ичинен Кыргызстанда мугалимдердин жетишсиздиги эң көп. Кыргызстанда 65 мамлекеттин ичинде мугалимдердин эмгек акысы эң эле аз.

Ошол системалык түрдөгү көп жылдардан бери келаткан проблемалардын кесепетинен улам Кыргызстан акыркы эки иликтөө боюнча, ушул уюмдун мурдагы иликтөөсүндө да акыркы орунда болчу, азыр да эң акыркы орунда болуп калды. Ал деген кадимкидей эле көрүнүш. Эгер бул тармакка каражат бөлүнбөсө ушундай боло берет, акыркы орундарда кала берет.

“Азаттык”: Сиз ушул абалдан чыгуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүш керек деп атасыз. Андан сырткары башка да системалык реформалар керектир?

А.Абеков: Биздин көз караш боюнча комплекстүү реформалар керек. Себеби бир эле каражатты көбөйтүп койгондо маселе чечилбейт. Албетте каражатты көбөйтүш керек, бирок аны коштоп реформаларды жүргүзүү зарыл. Мисалы байкоочу кеңештин мурдагы отурумунда биз Билим берүү министрлигинин бюджетин карадык. Ошондо 2011-жылга мисалы, 31. 11-берене деп коёт, “имараттар, курулуштар, машиналар, керек-жарактар” деген бөлүгү. Бул берене мектептерди оңдоо, класстарга жабдыктарды алууну карайт. Бирок бул боюнча кийинки жылга таптакыр каражат каралган эмес, нөл.

Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Демек ошол мектептерде бор, керек-жарактар үчүн эч кандай каражат жок. Мындай учурда мугалимдер кандай кылат? Эптеп-септеп колдо бар оокат менен сабак берүүгө аракет кылат. Ошого жараша билим берүүнүн деңгээли кандай болот? Мугалимдердин өз жумушуна көз карашы кандай болот? Себеп дегенде алар айтып атышат, “ушул 4000 сомду айлык деп ойлошсо, анда өкмөт бизди иштеп атат деп ойлосун” деп. Ал мыйзам ченемдүү нерсе. Ошондуктан мугалимдердин айлыгын көбөйтүш керек.

Бирок ошол эле убакта билим берүү тармагында 15 жылдан бери топтолуп келаткан проблемаларды системалуу түрдө чечиш керек. Мисалы ошол эле билим берүү, окуу программалары, ошол эле колдонулган китептер, окутуу методологиясы. Алардын бардыгын азыркы заманга жараша жаңылаш, реформалаш керек. Себеби баарыбызга эле белгилүү, биздин билим берүү системасынан бүткөн балдарга, алардын дипломдоруна ишенич жок. Жогорку окуу жайын бүтүп келдим дейт, бирок жумушка алып аткандардын бардыгы алардын дипломун карабайт. Диплом – жөн эле кагаз болуп калган. Көп жылдан бери ЖОЖдор көбөйүп кеткен, сапаты начар. Ушул сыяктуу маселелерди ойлонуштуруп чечиш керек. Менимче бардык жагынан караганда комплекстүү реформа керек.

“Азаттык”: Билим берүү тармагы өлкөнүн келечек кадрларын даярдайт. Ошол кадрлар кандай даярдалса да кийин мамлекеттин жетекчилигине болобу, кайсы тармагына болобу келет. Мына 15-20 жылдан бери бир катар эл аралык уюмдар биздин билим берүү тармагына жардам беребиз деп каражаттарды берип келишти. Жыйынтыгы кандай болду башка маселе. Министрликке келип аткан ошол каражаттар кандай колдонулуп атканы ачык болушу үчүн кандай чаралар керек? Мисалы аларга жакшыраак интернет сайт түздүрүп, бардык каражаттар тууралуу маалыматтар ачык жарыяланып туруш керектир?

А.Абеков: Албетте билим берүү системасына бөлүнгөн каражаттар кандай колдонулуп атканын билүү үчүн коомдук көзөмөл керек. Ал жагынан бизде министрлик менен туура көз караштабыз. Биз мурдагы отурумда кабыл алган жобо боюнча бардык тендерлик комиссияларга байкоочу кеңештин үч мүчөсү катышат. Ошондо биз каражат кандай бөлүнүп, каякка кетип атканын көзөмөлдөйбүз. Анан коомдук пикир түзүп, элге жарыялайбыз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG