Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Кыргызстанда жылына расмий түрдө 13-17 жаштагы секелектер арасында 200дөн ашуун бойдон алдыруу катталат.

2013-жылы миңден ашуун баланы 16-17 жаштагы өспүрүм энелер төрөгөн. Өткөн жылы алтымыштан ашуун эне өлүмү катталса, арасында 18ге толо элек келин төрөттөн көз жумган. Ал эми Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлеген жана өсүү гана үстүндө. Адистер өспүрүмдөр арасында бойдон алдыруу, эрте жашында төрөгөн учурлар азайбай жатканын айтып коңгуроо кагышууда.

Бул маселени “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо борбору иликтеп чыкты. Ошол иликтөөдө 15-16 жашында төрөгөн кыздар башынан өткөргөн окуясын жазып беришкен.

Биринчи кыздын баяны

- Мен ата-энемдин макулдугу менен турмушка чыккам. Алар мени колунда бар тууганыбызга беришмекчи болуп, сен эч нерседен кем болбойсуӊ, акча табам деп башыңды оорутпайсыӊ деп көндүрүштү, мен макул болдум. Анда мен 16, күйөөм 21 жашта болчу. Молдо нике кыйып атканда жашымды сураган жок. Менин ата-энем деле, күйөөмдүн ата-энеси деле мыйзам бузулуп жаткандыгын билишсе керек, бирок эч бири каршы болушпады. Мен 9-классты гана бүттүм. Эч кандай адистигим жок. Турмушка чыккандан бери бойдо болтурбоо каражаттары менен сактанып көргөн эмесмин. Бардык кош бойлуулугум эч кандай пландаштырылган деле жок. Күйөөгө чыккан төрт жыл ичинде үч бала төрөдүм. Улам кийинки боюма болгонун айтканымда, төрөгүн дешти, мен төрөй бердим. Ооруп-сыктап деле жүрдүм, албетте. Кош бойлуу кезимде бутум шишип кетчү. Эрте турмушка чыккандыктан ден соолуктан, окуп, иштөө мүмкүнчүлүгүмдөн айрылдым.

Экинчи кыздын баяны

- Мен 16 жашымда кош бойлуу болдум. Жакындарым 20 жума болгондо билишти. Кош бойлуулук маселесин мен өзүм чечүүгө аракет кылган жокмун – аябай уялдым, корктум. Башында бойдон алдыргым келди, бирок төрөдүм. Анткени кош бойлуулук мөөнөтү чоң болгондуктан, дарыгерлер макул болушкан жок. Жигит болсо дароо башка кызды жандады. Туугандарымдын мамилелери да кайрымсыз, таш боор болду. Бардыгы жаман көрүштү, эч ким, эч качан жардам берүүгө аракет кылган жок, баланын жоопкерчилиги бүт өзүмдүн мойнумда болду. Туугандарым кемсинтишип, айыпташты, баланы өзүң бага албасаң берип салабыз деп коркутушчу.

Үчүнчү кыздын баяны

- Мен бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм, кийин уруша кеттик. Ага жиним келип башка менен жүрдүм. Ал 23 жашта болчу. Эч кандай бойго болтурбоочу каражаттарды пайдаланган жокмун, ал оюма да келбеди. 15 жашымда кош бойлуу болуп калдым. Мен коркуп кетип, теңтуш кызыма айтсам, ал апасына айтып коюптур, андан менин апам угуптур. Биз бойдон алдырып салалы дедик. Бирок дарыгерлер болбой коюшту, кийин төрөбөй каласың деп. Баланын атасы үйлөнүүдөн баш тартты, "баланын атасы мен эмесмин" деп чыкты. Өз жигитимден айрылып калдым. Кош бойлуулукка байланыштуу мектепти таштадым, мугалимдер үйгө келишсе, атам аларды киргизбей койду. Атам мени абдан урушат, эмдигиче дүкөнгө да жибербейт. Мен ал жумушта жүргөндө гана үйдөн чыгам.

Мен күйөөсүз төрөгөнүм үчүн бейкапар жашоомдон кол жуудум. Тилектерим таш капты. Мен актриса болууну каалачумун. Апам бактысыз, атам – ачуулуу болду. Кээде жашагым да келбей кетет.


"Өспүрүмдөрдүн бойдон алдыруусу кагаздагыдан көп болушу ыктымал"

Кыргызстанда укук коргоочулар өспүрүмдөр арасында бойдон алдыруу же эрте куракта төрөгөн учурлар азайбай жатканына тынчсыздануусун билдиришүүдө. Улуттук статистика комитетинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-17 жаштагы кыздардын арасындагы төрөгөндөрдүн саны акыркы жылдары өскөн. Бойдон алдыруу учурлары деле азайган эмес. Мисалы, 2012-жылы секелектер арасында бойдон алдырган 208 учур катталса, былтыр алардын саны 216га жеткен.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетектөөчү адиси Айгүл Бообекова, бул сан расмий катталгандары гана болушу мүмкүн экенин белгилөөдө. Ал реалдуу көрүнүш мындан көп болушу ыктымал экенин айтты:

- 15-17 жаштагы миң кыздын ичинде беш кыз төрөгөн. Жалпысынан алганда 2012-жылы 1312 өспүрүм төрөсө, жыл сайын өсүш байкалууда. Жыл сайын эне өлүмүнүн арасында да бир-эки жаш кыз катталат. Өспүрүм кыздар арасында бойдон алдыруу да орчундуу маселе болууда. Жылына 200дөй учур катталат. Алардын арасында көп эмес, бирок 13 жаштагылар арасында да бирин-экин катталган учурлар болот. Бул расмий статистиканын көрсөткүчтөрү. Бүгүнкү күндө бир катар жеке менчик клиникалар, атайын кабинеттер бар. Ал жерде да бойдон алдыруу болушу мүмкүн. Ошондуктан статистикалык көрсөткүчтөр биз айткандан көбүрөөк болушу ыктымал.


Бообекованын белгилешинче, бойдон алдыруу же эрте төрөгөн учурлар көбүнесе Бишкек шаарында, Чүйдө жана чоңураак шаарларда катталат. Бишкектеги №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекология бөлүмүнүн башчысы Гулбариза Сагынбаева соңку 1,5-2 жылда өспүрүмдөр арасында кош бойлуу болгон учурлар азайды деген ишеничте. Ал адистердин мектептерге барып дарс окуусу таасир берип жатат деп эсептейт.

- 1,5-2 жыл мурда мындай учурлар көбүрөөк катталып жаткан. Азыр азайды. Буга алты ай сайын кыз-келиндерди, өспүрүмдөрдү карап, мектептерге барып дарс окуп жатканыбыз таасир болуп атат деп ойлойм. Андан сырткары бойго бүтүрбөөчү каражаттар бизге да көбүрөөк берилип, бекер таратып жатабыз. Буга чейин боюнда болуп калып, 16-17 жаштагы өспүрүмдөр төрөгөн учурлар катталган.

Адистердин айтымында, азыркы учурда өспүрүмдөр, кыздар тез жетилүүдө. Интернет, телевидениеден ар кандай маалыматтарды көрүп, аны өздөрүнө кабыл алып, иш жүзүндө аткарганга аракет кылышат дешет алар. Бул жабык маселе болгондуктан канча өспүрүм бойдон алдырып атат деген суроого так жооп табуу да кыйын экенин белгилешет адистер. Мисалы Гүлбариза Сагынбаева өзү иштеген соңку жылдагы окуяны мындайча эскерет:

- Бир кызды эжеси кичине толгонсуп, бетине сепкил түшүп жаман болуп баратат деп ээрчитип келиптир. Шарт боюнча ата-энесине айтпай өзү келсе биз карабайбыз, укугубуз жок. Атайын комиссия түзүлөт бойдон алдырууга уруксат бериш үчүн дагы. Бойдон алдыруу өспүрүм кыздарга эле эмес, чоң аялдарга деле зыян нерсе. Айрыкча, биринчи бойго бүткөндө алдырып салуу өтө коркунучтуу. Анткени, бойдон алдырып салгандан кийин кайра төрөбөй калышы толук мүмкүн.

Мамлекеттик медициналык мекемелердеги ушундай тактоо, текшерүүлөрдөн качкан, экинчиден маалыматтык базага түшүп калуудан корккон өспүрүмдөр, алардын жакындары деле көп учурда жеке менчик клиникаларды тандашат. Айына 3-4 секелектер кайрылган учурлар болорун Бишкектеги менчик клиникалардын атын атабоону суранган акушер-гинекологу буларга токтолду:

- Биздин клиникага ушиндай шартта келгендер көп. Бул азыр социалдык көйгөйгө айланып баратат. Өкүнүчтүүсү жаш, мектеп окуучулары кайрылат бизге. Жакында эле бир кыз апасы менен келиптир. Атасы билбейт муну, эптеп бүтүрүп бер ушул ишти дейт. Кээде окуучулар курдаш кыздары менен келет. Сүйлөшкөн жигитим бар эле, бирок экөөбүз тең мектепте окуйбуз дешет. Кээде алардын да максатын ишке ашыруу үчүн тилекке каршы ошондой ишке барабыз. Азыр уялбай эле ушул маселени көтөрүп, талкуулап чечүү керек. Мурда биз мектепте окуганда гинеколог келип кыздарды текшерип кетчү айылдарда да. Кадимкидей кыздар коркчу. Ошондой бир жолдорун кароо керек.

Дарийка Асылбекова.

Дарийка Асылбекова.

Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлегени буга чейин маалымат каражаттарында айтылган. Адистер өспүрүмдөр арасында бойдон алдырган, эрте жашында төрөгөн учурлар азайбай жатканын айтып, коңгуроо кагып жатышат. Жергиликтүү серепчилер кыздардын бул көйгөйүн социалдык-экономикалык оор турмушка жана кыздардын кароосуз, тарбиясыз калуусу, “менин кызым андай болбойт” дегендей элдин кайдыгерлиги менен байланыштырып жатышат. Оштогу “Ак жүрөк” моралдык-психологиялык борборунуна ушундай тагдырга туш болуп, бараар жери жок кыздар да кайрылышат. Аталган борбордун жетекчиси Дарийка Асылбекова ата-энелерди балдарын тарбиялоого чакырды.

- Кыздар ушул куракта кароосуз калып, эненин тарбиясын албай калып жатат. 13-14 жашында тарбиячы, бала бакча катары бирөөлөргө берип коюп жатат. Ошол жерден боюнда болуп калган фактылар бар бизде. Биринчиден, буга энелер күнөөлүү, кыргыздын энелери кайда жүрөт? Калкыбыз саны ансыз да аз болгонуна байланыштуу жогоруда айтылган сандар да өтө көп деп эсептейм. Бул ушинтип улана берсе, эртеңки күнүбүз кандай болорун билбейм. “Ак жүрөк” борборунда убактылуу коргонуучу жай бар. Ошого 15 жаштагы кыз төрөп түштү. Эки жыл ошол жерде жашады. Анткени анын бара турган жери жок, карай турган эч кимиси жок болчу..

Бүгүнкү коомдо кыздардын эрте турмушка чыгып, эрте төрөгөнү көнүмүшкө айлантып жатканын айтып кейиген Дарийка Асылбекова: Ал турсун мектеп окуучусу болуп туруп турмушка чыккан, мектепке келин болуп жоолук салынып барган модага айланууда”, - деп билдирди.


Секелектер бир гана жаман жүрүм-турумунун начардыгынан, тарбиясыз калганынан ушундай тагдырга туш болушпайт. Бишкектеги “Сезим” кризистик борборуна дагы бараар жери жок же айылга баруудан уялган жаңы төрөгөн секелектер кайрылат. Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова көп учурда айылдан келген кыздар алданып же зордуктоого туш болгон учурлар болорун билдирүүдө:

- 9-10-классты бүткөндөр шаарга келип алданып, анан боюнда болуп калат. Башкаларда кандай билбейм, кичине эле уюм деген бизге дагы бир-эки айда 1-2 кыз ушундай акыбалда кайрылышат. Айылга бара албайбыз, боюмдан алдырайын десем түйүлдүк чоңоюп кетиптир же биринчисин алдырса төрөбөй калат экен, ушул жерден төрөп алайын деп жашырынган өспүрүмдөр бар. Төрөт үйүнөн жөнөткөндөр да болот. Биз ушул маселе боюнча эмне кыларыбызды билбей жатабыз.

БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча фонду (ЮНФПА) болсо эстрада ырчылары менен бирге Кыргызстанда эртелей эне болуу, секелек кездеги кош бойлуулук маселесине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында атайын кампанияларды өткөрүп турат. Ага ырчы Каныкей да катышкан болчу. Ал жаштарга көбүрөөк маалымат жеткирүү зарылдыгын белгилеп, бул көйгөйдү чыгармачылык менен чечүү жолдорун сунуштоодо:

- Бүгүнкү күндө көбүнесе кине энелерге коюлуп жатат. Эмне үчүн энелерден мурун, үй-бүлө бул маселеге көңүл буруп жатабы. Айрым энелер аргасыздан балдарын таштап иштөөгө кетип жатышат. Азыр жаштарга кичинесинен билим берсе, маалымат берсе мындай көрүнүштөр аз болмок. Жаш кыз эрте эне болсо, эртелей боюнда болсо эмне болот деген сыяктуу маалымат берилиши керек. Интернетти, Батышты күнөөлөгөн менен биз жаштарды чектей албайбыз. Же Кыргызстанды бүтүндөй тосуп ала албайбыз.

Биз мындай көйгөйлөрдү ач айкырык менен да чече албайбыз. Аны кыскартуунун бир жолу – чыгармачылык деп ойлойм. Чыгармачылык адамдарга эч нерсени таңуулабайт. Ошол эле кино, музыка, ыр, театр менен адам баласын тарбиялоо мүмкүн.


Буга чейин айрым мектептерге таратылган окуучулардын сексулдык сабатын жоюуга багытталган “Репродуктивдүү ден соолук альянсынын” китепчеси коомчулуктун талкуусун жараткан. Ал китепче өспүрүмдөрдүн адеп-ахлагын бузат жана улуттун келечегине коркунуч туудурат деген коомдук уюмдар бийликке кайрылуу жолдошкон болчу. Коомдук уюмдар анда өспүрүмдөрдү никесиз жыныстык байланышка үндөгөн жашыруун үгүт бар экенин айтышкан. Азыр мындай маселелер мектептерде тарбия жана биология сабагына атайын киргизилген.

Бир жылдары Кыргызстанда бойдон алдырууга такыр тыюу салуу маселеси да көтөрүлгөн болчу. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги тыюу салган учурда деле бойдон алдыруу көмүскө жүрө бере турганын, андай шартта балдардын өлүмү, таштанды ымыркайлар көбөйүшү ыктымалдыгын айтып чыгышкан.
Айрымдар бул маселеде балдарын тарбиялабаган ата-энени, өзгөчө энелерди күнөөлөшөт. Кээ бирлери бешиктен бели чыга элек, эне сүтү оозанан кете элек секелекти алдап, пайдаланган эркектер күнөөлүү экенин айтышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG