Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Үч саясатчы бирикти


Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев
Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев

Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын катарындагы Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев башында турган саясий топ бир партияга биригип, бир талапкер менен президенттик шайлоого бармай болду.

Бул тууралуу 30-ноябрда уюштурулган маалымат жыйынында аталган үч саясатчы билдирди.

Талдоочулар өз дымагын ишке ашыруу үчүн башка аймактардан да таасирдүү саясатчыларды тартууга аргасыз болорун айтып жатышат.

Максатыбыз - президенттик шайлоо

Мындан аркы саясий багытыбыз бир болот деп жарыялаган үч саясатчы Ташиев, Келдибеков жана Мадумаров кызматташтыктын жаңы формасы тууралуу так малымат беришкен жок. Ачык-айкын жагы президенттик шайлоого катышуу башкы максат экендигин айтып, муну бийлик туңгуюкка кептеген Кыргызстандын абалын оңдоо негизги мүдөөсүнө байланыштырды.

Камчыбек Ташиевдин айтуусунда, жакында өтө турган курултайда үч саясатчынын кимиси президенттикке талапкер боло турганы аныкталат:

​- Негизинен биздин максат эмки 2017-жылы келе жаткан президенттик шайлоо. Ал шайлоодо биз үчөөбүздүн бирөөбүз мамлекетти башкарып, элибиздин эртеңки келечегин аныктоо үчүн бел байладык. Бул биздин негизги максатыбыз.

Ташиев: максатыбыз - шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Саясатчылардын айткандарына караганда датасы али белгисиз алдыдагы курултайда жаңы бир партия түзүлгөндүгү жана бирдиктүү талапкер тууралуу чечимдер жарыяланышы ыктымал.

Оппозициянын биригүү аракети

Оппозициянын биригүү аракети

"Саясатта мындан ары биргебиз" деп чыккан үч саясатчынын бири Адахан Мадумаров өлкөнүн тагдырына кайдыгер эмес күчтөрдүн биригүү жараяны ушул жылдын жай айында эле “Каршылык көрсөтүү” уюмун түзүү аркылуу башталганын билдирди. Муну менен үч саясатчынын катарында Өмүрбек Суваналиев өңдүү саясатчылар да бар экенин кыйытты:

- Бир сөз менен айтканда бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы абалга кайдыгер эмес жарандардын бардыгы жеке амбицияларды тыйып, келечек деген маселенин аркасында биригүү жөнүндө чечим кабыл алдык.

"Аймак чегиндеги лидерлер"

Биригүүдөгү үч адам тең президент болууга амбициясы бийик болгондуктан, саясатчылар макулдашып бир талапкерге токтоло алабы деген суроо кабыргасынан турат.

Саясат талдоочу Турат Акимов бир талапкерди чыгаргандан тышкары, үч адам жалпы Кыргызстанга колдоого ээ боло аларынан күмөн саноодо. Себеби ал үчөөнү тең регионалдуу гана лидерлер деп атады.

​- Биринчиден, бул лидерлер регионалдык масштабдан чыга элек саясатчылар, ошондуктан биригип жатышат. Экинчиден, үчөө тең саясий аренадан кетип калгандар. Үчүнчүдөн, өлкө түштүгүндө калктын 50 пайызы жашайт, андыктан саясатчылар бир муштумга бирикти. Бирок толук добуш алуу үчүн эми түндүктөгү саясатчыларды дагы катарына тарта баштайт. Азыркы “Бир Болдогу” адамдар, Садыр Жапаров, камактагы Кубанычбек Кадыров айтор ушул өңдүүлөрдүн бардыгы бара-бара кошула баштайт.

Мадумаров: келечек үчүн бириктик
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Анткен менен үч саясатчыда парламенттеги оппозициялык күчтөрдү катарына кошуу дымагы бар экен. Айрыкча соңку учурда бийлик менен тынымсыз акыйлашып келаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата негизсиз каралоо болуп, камала турган болсо коргоого да даяр экенин Камчыбек Ташиев белгиледи:

- Эгерде Текебаевди бүгүнкү бийлик мыйзамсыз камаса, биз аны коргогонго даярбыз. Эгерде бийлик көрсөтүп, Белизден келген документтер туура жана мыйзамдуу болуп чыкса, анда ал киши өз жазасын алышы керек.

Бакиевдин камчысын чапкандар деген сынга кезинде кабылган бул үч саясатчынын акыркы чечимин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев колдоду. Атүгүл “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстандын” кол кармашуусу чоң саясий күчкө айланганын айтып, бийлик ачыктан ачык куугунтуктоого өтүп жатканда, ал жаңы түзүлгөн саясий күчтүн колдоосуна муктаж экенин жашырган жок.

- Бүгүнкү күндө бүтүндөй мамлекеттик бийликти пайдаланып Атамбаев өч алуу максатында аракет кылып жатат. Күч органдарына тапсаң да, таппасаң да маалыматтарды тап деп аракет кылып жатат. Мына ушундай учурда биз элдин пикирине гана таяна алабыз. Ал эми элдин пикири коомчулукка башы көрүнгөн Ташиев, Мадумаров сыяктуу адамдардан жаралат. Албетте, мындай адамдар бизди колдоп, туурасын туура, туура эмесин – туура эмес деп айтып турса, бизге күч, дем берип, коомдук пикирди жаратат. Биз албетте андай колдоого муктажбыз.

Келдибеков референдум тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Саясатчылар буга чейин башка партиялар менен биригип шайлоого барган. Камчыбек Ташиевдин “Ата-Журт” партиясы Өмүрбек Бабанов башында турган “Республика” менен 2015-жылдагы парламенттик шайлоого аттанып, “Республика – Ата-Журт” партиясы экинчи орун менен парламентке келген, бирок Ташиев өзү депутат болбой калган.

Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодо “Эмгек” партиясы менен биригип, босогону аттай турчу добушту алган эмес. Айтмакчы “Бүтүн Кыргызстан” бул жолу “Аалам” жана “Ар-намыс” партиялары менен биргеликте Бишкек шаардык кеңешке шайлоого баратканы менен Мадумаров өзү шаардык кеңешке алардын партиясы келерине ишенбей жатканын маалымат жыйында кошумчалады.

Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев 2011-жылы президенттик шайлоого да катышкан. Анда Мадумаров 14,78%, Ташиев 14,32% добуш менен Атамбаевден (62,52%) кийинки экинчи жана үчүнчү орунду алышкан.

Акматбек Келдибеков 2010-жылы “Ата Журт” партиясынын катарында Жогорку Кеңешке келип, спикер болуп шайланган. 2013-жылы Башкы прокуртура Келдибеков салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде кетирген кемчиликтери боюнча коюлган айыптоолор тергөөдө далилденгенин айтып, аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Быйыл 11-мартта шаардык сот Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча аны жарым-жартылай айыптуу деп таап, 10 миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Ушул жылдын 18-ноябрында Келдибеков сот департаментине 10 млн сом айып төлөгөн. Мыйзам боюнча соттолгон жана соттуулугу алына элек жаран шайлоого катыша албайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG