Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:42

Жолдо адам өмүрү менен ойнобогула!


Ош шаарында эки окуучуну машине уруп кетип, мерт болду. Республикалык жол коопсуздук башкармалыгынын маалыматына караганда, акыркы учурда жол эрежесин сактабаган айдоочулардын айынан мерт болуп калган балдардын саны өсүүдө. Жыл башынан бери 100гө жакын тестиер жол кырсыгынан ажал тапкан.

Ош шаардык жол кайгуул кызматынын маалыматында, кырсык 8-ноябрда эртең менен болгон. Мектепке бараткан 12 жаштагы Жаркынбай уулу Бекзат менен 13 жаштагы Алмаз Алановду катуу ылдамдыкта келаткан “Хюндай” үлгүсүндөгү машине уруп кеткен. Эки өспүрүм ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей жатып жан беришти.

Ош шаардык жол кайгуул бөлүм башчысы Рашид Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, кылмышка шектүү айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайда сурак берип жатат:

- Бул жерде окуучулар өз жолу менен эле көчөнүн боюндагы тротуарда кетип бараткан экен. Анан машиненин айдоочусу башкара албай калып, сүзүп кетип жатпайбы. Кырсык жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсүнөн эмес, айдоочунун түздөн түз күнөөсүнөн болгон. Айдоочу ичимдик деле ичпептир, катуу ылдамдыкта келатып, машинени башкара албай калган окшойт.

Республикалык жол кайгуул кызматынын маалыматында, акыркы жылдары Кыргызстанда жол кырсыгынан ажал тапкандардын саны көбөйүп жатат. Маселен, кырсыктын кесепетинен ушул жылдын тогуз айында 716 адам мерт болсо, анын ичинен 97си балдар.

Эрежелер унутулганда...

МАИ кызматкерлери жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүн айдоочулардын жол эрежелерин сактабай, жоопкерчиликсиз мамиле кылганына байланыштырышат. Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Кылычбек Мурзалиев буларды билдирди:

- Бизде жыл санап эле жол кырсыктары көбөйүп баратат. Ал эми ар кандай себептен улам чыгат. Бирок негизгиси жол кыймылынын катышуучуларынын эрежелерди сактабаганынан улам чыгууда. Айдоочулар кетирген кемчилиги абдан көп. Алар бири-бирине тоскоол болуп, авариялык абалды түзүшөт. Анын айдоочуларга багыт бере турган сызыктардын жоктугу, жалпы эле жол шарттарынын начар болушу кырсыктын көбөйүшүнө алып келүүдө.

Ошондой эле МАИ кызматкерлери акыркы жылдары өлкөдө машиненин саны эпсиз көбөйгөнүн, ага жараша рулга жаңы эле отурган тажрыбайсыз айдоочулар арбыганын айтышат. Алардын жүйөсүндө, мындай айдоочулардын көпчүлүгү күбөлүктү акчага сатып алат. Жол кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Темиркан Керимбаев бул жаатта бир катар өзгөрүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилейт:

- Бүгүн айдоочулук күбөлүктү Мамлекеттик каттоо кызматы берет. Алар кандай шартта, эмненин негизинде айдоочулук күбөлүк берип жатканына кийлигише албайбыз. Бирок жол эрежесин билбей эле айдап жүрүшөт. Маселен, Бишкекте 18-20 жаштагы балдарга эл ташуучу автобусту айдоого укук берип, күбөлүк берип жатышат. Алардын тажрыйбасына караган эч ким жок. Негизи эл ташуучу унааларга тажрыйбалуу адамдарды отургузуш керек эле. Биз көзөмөлдү күчөтөлү эле дейбиз, бирок мындан майнап чыкпай жатат.

Мындан улам Керимбаев жол кайгуул кызматына айдоочулук күбөлүк берүү укугун кайтарууну сунуштоодо. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынан мындай дооматтар боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Көзөмөлсүз жол

Анткен менен коомчулукта инспекторлор жол эрежелеринин сакчысы болбой, тыгындарды жөнгө салбай эле, айдоочуларды айыпка жыгып, каражат өндүрүүгө кызыкдар деген пикир жаралган. Айдоочулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев кырсыктар жолдордун начардыгынан көбөйүп жатат дейт:

- Бизде жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Катуу бараткан машине чуңкурга түшсө эле кырсыкка кабылат. Ошондой коопсуз жол кыймылын уюштурушу керек болгон жол кайгуул кызматы бул жактагы жоопкерчилигин унутуп койду. Алар жол бузук болсо, аны оңдотуш керек. Жол белгилери жок болсо аны койдуруш керек. Андан болбой жатпайбы.

Ал эми Бишкек шаардык автоинспекциясынын мурдагы жетекчиси Касымбек Раимкул уулу жол кайгуул кызматы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жетиштүү аракети көрбөй жатат деген пикирде:

- Кырсыкка айдоочулар күнөөлүү жана башка деген менен көзөмөл органдарынын ишинин начардыгына байланыштуу десем болот. Маселен, жол кайгуул кызматкерлери ары-бери өткөн унааны токтотуп эле документ карабай, жол кырсыгы эмнеге көбөйүп жатат, кайсы учурда көп болуп жатат, айдоочулардын кайсы категориясы туш болууда деген анализдерди жасап, ага жараша чечим кабыл алыш керек болчу. Бизде болсо андай иштер жүргүзүлгөн жок.

Өткөн жылы жол коопсуздук башкармалыгын реформалоо башталып, жол кайгуул кызматы болуп түзүлгөн. Ошондой эле өлкөдөгү бир катар жолдорго видео көзөмөл орнотулуп, коопсуздук чаралары күчөтүлөөрү убада кылынган. Бирок бул ишке ашпай, кечеңдеп жатат. Жол кайгуул кызматы реформа тууралуу бардык сунуштар өкмөттүн кароосунда экенин айтуу менен чектелүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG