Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Ооган кыргыздары азайгандан азайууда


Оогандык кыргыздын үйү, "Кыргыз бутагы" уюмунун аманат сүрөтү

Оогандык кыргыздын үйү, "Кыргыз бутагы" уюмунун аманат сүрөтү

Кыргызстандан жакын арада оогандык кыргыздарга гуманитардык десант жөнөгөнү жатат. "Кыргыз бутагы" уюмунун өкүлү Гүлзат Болотованын айтымында, Ооган кыргыздарын ордунан козгогонго айрымдар каршы болгон менен, көчүрүп келбесе, алар тукум курут болуп кетиши мүмкүн. Ай башында Кыргызстанда өткөн дүйнө кыргыздарынын конгрессинде Жаңыл Жусупжан менен маегинде теги ооган, түркиялык кыргыздардын өкүлү Касым Шакир уулу да ушул эле пикирин билдирди.

Касымбек Варол Шакир: Мен Ооганстанда, Кичи Памирде туулгам. Анда мен кичинерээк элем. Кийин Түркияга көчкөн экенбиз.

Жаңыл Жусубжан: Гүлзат, силер жакында Кичи Памирге барып келген экенсиңер. Маселенин ток этер жерин айтканда, оогандык кыргыздар келиши керекпи же калышы керекпи?

Гүлзат Болотова: Биз 3 жылдан бери Ооган кыргыздарына - Кичи Памирге барып, ал-акыбалын сурап, 2011-жылы статистикалык изилдөө жүргүзүп келгенбиз. 2009-жылы барганда 2000ге жакын кыргыз барбыз, 5000ге чейин кыргыз барбыз деп айтып аткан. Элдин санын такташ үчүн биз 2011-жылы барып, үймө-үй кыдырып 2 жуманын ичинде санап чыктык. Жыйынтыгы ушул, Кичи Памирде 720 кыргыз бар экен. Улуу Памирди кошкондо 1100гө жакын.

(Ооган кыргыздарынын ырын бул жерден угуңуз, жаздырып алган Реми Дор)


Жаңыл Жусубжан: Алар санын эмне себептен 5 миң деп көбөйтүп айтып жатышат?

Гүлзат Болотова: Көбүрөөк айтып атканынын себеби - Ооганстандан кеткен Түркиядагы кыргыздар дагы Кыргызстанга көчүп келгиси келет экен. Ошол себептен туугандардын «көбүрөөк айтып койгула, силерге жер берип койсо, биз да келип калабызбы» деген ниеттери бар экен. Башында биздин максатыбыз аларды көчүрүп келүү эмес болчу, бирок биз барып, ошол эл менен аралашып жашагандан кийин, аларды көчүрүп келишибиз керектигине көзүбүз жетти. Ошол элдин «бизди көчүрүп кеткиле» деген суранычы боюнча мамлекетке кайрылып атабыз.

Жаңыл Жусубжан: Силер референдум өткөрдүңөрбү? Балким баары эле келгиси келбейттир?

Гүлзат Болотова менен Касымбек Варол Шакир уулу

Гүлзат Болотова менен Касымбек Варол Шакир уулу

Гүлзат Болотова: Биз референдум өткөргөн жокпуз. Кыргызстанга келүүнү каалабагандар бар экени чын, бирок анын себеби алар «мал-жаныбыз кантет, малсыз каяка барабыз?» деп чочулашат. Тоонун башында топоз кайтарышат эмеспи, анан эгер биз Кыргызстанга көчүп кетсек, мамлекетибиз жер берсе, ошол жерге малыбыз менен көчүп келсек деген тилектери бар.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстанда дагы жерлер бөлүнүп кетти, оогандык кыргыздар эмес, өзүбүзгө жайыт жетпейт деп жатышпайбы?

Гүлзат Болотова: Эгер пейилди кенен салса батат болуш керек. Жер сөзсүз табылат, Кыргызстандын ичинде эле канча жерлерибизди башкаларга сатып жиберишти.

Жаңыл Жусубжан: Ооган кыргыздарын Кытайга сатылган Үзөңгү-Куушка жайгаштырсак болот беле?

Гүлзат Болотова: Албетте болмок, сөзсүз болмок.

Жаңыл Жусубжан: Касымбек мырза, оогандык кыргыздардын Кыргызстанга кайтып келгени туура болобу же болбойбу?

(Маекти толугу менен бул жерден уга аласыз):


Касымбек Шакир: Туура болот, негизинде оогандык кыргыздардын жашоосу кыйын, ал жакта эч нерсе жок. Биз да мурун жашаганбыз да ал жакта оорукана, жол, азыркы дүйнө жүзүндө болгон эч нерсе жок. Ал жакка машина да барбайт да. Оокат-кечек жиберсек, атка жүктөп алып барыш керек. Бир, эки алып барган менен алардыкы чечилбейт деле. Ооруканалары болбогондуктан аялдары төрөгөндө көбү өлүп калат, балдары өлүп калат, анан ал жака бир, эки жолу алып барган менен, эч ким да турбайт, доктур барса да турбайт, качып кетет.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызда “Туулган жердин топурагы алтын деп айтат го? Киндик кан тамган жерин таштап кетиш кыйын болот эмеспи?

Касымбек Шакир: Эми биз да ошол Памирде төрөлгөнбүз да, биздин да киндик каныбыз ошол жерге тамган эле...

Жаңыл Жусубжан: Силердин кетип калганыңар туура болгонбу?

Ооган кыргыздары, Кыргыз бутагы уюмунун аманат сүрөтү

Ооган кыргыздары, Кыргыз бутагы уюмунун аманат сүрөтү

Касымбек Шакир: Биздин кетип калганыбыз... азыр Түркиядагы айылда 2000 – 2500 киши, 500 киши ар кайсы жагында, бардыгы 3000 киши жашайбыз.

Жаңыл Жусубжан: Бирок силерди түрктөшүп кетти деп атышат...

Касымбек Шакир: Биз да эми түрк болуп калдык.

Жаңыл Жусубжан: Бирок амансыңар.

Касымбек Шакир: Ооба, аманбыз, жакшыбыз.

Жаңыл Жусубжан: Кааласаңар Кыргызстанга келесиңер?

Касымбек Шакир: Ооба. Биздин жаштарыбыз кыргызчаны унутуп калды. Кыргызчаны билбейт. 30 жыл эле болду барганыбызга. Жылда унутула берет экен. Эми дагы 30 жылдан кийин кандай болот билбейбиз. Мен ар кимдин өз тили менен чоңойгонун каалаймын.

Жаңыл Жусубжан: Эгерде оогандык кыргыздарды алып келе турган болсок, аларды алгачкы жылдары резервацияга жайгаштырыш керек деп айтып жатасыңарбы?

Гүлзат Болотова: Ооба, алгачкы жылдары. Негизи алардын өздөрүнүн суранычы боюнча Алай тарапка (жайгаштырсак болот), анткени ошол жактагы кыргыздардын көпчүлүгү алардын туугандары болот. Уруулары да бир: Тейит, Кесек, Найман, Кыпчак уруулары Алайда да бар.

Ооган кыргыздарынын балдары мектепте, Кыргыз бутагынын аманат сүрөтү

Ооган кыргыздарынын балдары мектепте, Кыргыз бутагынын аманат сүрөтү

Жаңыл Жусубжан: Буга алайлык кыргыздар эмне деп атышат?Жайлоолорубузду бөлүшөбүз дейби?

Гүлзат Болотова: Биз Ооганстанда тартып келген фильмди көрсөткөндөн кийин коомчулугубуздун көбү ошол элди алып келгиле, 700 кыргызыбыз бар экен, анан жетөөсү калганда алып келебизби деген көп ойлор, пикирлер көтөрүлүп атат.

Жаңыл Жусубжан: Оогандык кыргыздар орус тилин билбейт, жазууну билбейт, сабаты ачылган эмес. Алар Кыргызстандагы бүгүнкү жашоого даяр эмес. Анан кийин алардын интеграция, ассимиляциясы кандай жүрүшү керек деп ойлойсуңар? Канча жылды, канча убакытты алат?

Гүлзат Болотова: Биринчи аларды Кичи Памирдин өзүндөгү мектепте кыргызча окуталы. Аларды ошол жактан даярдап, видео фильмдерди, мультфильмдерди көрсөтүп, кыргыздардын жомокторун алып барып берели деп жатабыз. Ошолорду көрүп, аң сезимине кайра ошол нерсе кирсин, анткени алар революция учурундагыдай эле «биз барсак бизди кулака тартат, камайт, малыбызды тартып алат» деген түшүнүк менен жашашат. Биз барып маалымат беришибиз керек, ал жака соодагерлер барат экен да, «силер Кыргызстанга көчүп барсаңар, малыңарды алат да, өзүңөрдү Кытайга сатып ийет» деп айтышат экен.

Жаңыл Жусубжан: Балким, сатып ийбестир, бирок жакшы билсеңер керек түркиялык кыргыздар Кыргызстанга мекенибиз экен деп келип, кээ бирлери тапкан-ташыганын бүт алып келип, бизнес ачканда, аларды шылуундар орусча келишимдерге кол койдуруп, алдап кетишкен. Ошондой болуп, ооган кыргыздары да ар кимге жем болбойбу? Алардын эсебинен туйтунгандар чыкпайт деп ким кепил боло алат?

Гүлзат Болотова:Тарыхта ар кандай нерселер болуп атат, анан бир болгон нерсеге эле токтоло берсек, анда биз качан жылабыз?

Жаңыл Жусубжан: Алардын укуктарын коргой турган конкретүү чаралар барбы?

Гүлзат Болотова: Ошол себептен биз мамлекетке кайрылып атабыз. Коомдук бир кичинекей фонд бул нерсени чече албайт экен. Бул мамлекеттин деңгээлинде чечиле турган нерсе. Ошол себептен биз мамлекетти ушул нерсеге тартып атабыз. Бул меники эмес, бул бүтүндөй Кыргызстандын жоопкерчилиги. Мисалы, ооган кыргыздарында 50-30 кишиде эле документ болбосо, калганында документ жок, ал эми паспорт маселесин чечүү биздин колубуздан келбейт. Алар Ооганстандын жеринде турат, бирок жарандыгы жок, паспорту жок, алардын кимдигин ким далилдей алат. Мисалы, Касымбек десе Касымбек экенин эмне менен далилдеп бере алабыз? Канча жаштасың деп сурасаң, мен атам согушка кеткенде же сары уй тууганда төрөлгөм дешет. 32-40 жаштагы келиндер качан төрөлгөнсүң десе, жылын билбейт. 13 жаштагы кызды 15 жашка чыктың деп турмушка беришет.

Жаңыл Жусубжан: Кандайча силер ушул иш менен алектенип калдыңар?

Гүлзат Болотова: Биз 2004-жылы Түркиядагы Ван кыргыздарына барып, андан кийин досторубуз аркылуу 2008-жылы Ооганстанда кыргыздарыбыз бар экендиги жөнүндө угуп калдык. Ошондон өзүбүз демилге көтөрүп, 9 адамдан турган экспедиция түзүп, өзүбүз каражат таап бардык. Тажикстанга барып, андан ары Вахан коридору аркылуу 4 күн дегенде ат менен, жөө-жалаңдап кыргыз элибизге жеттик. Ошондогу элди көрүп, зээнибиз кейиди.

Уркуя деген эжекебиздин үйүнө киргенде эжебиз оор абалда төшөктө жаткан экен. Жашын сураштырып келгенде 46дагы эже бүкчүйүп, 80 жаштагы кемпирге окшоп калган, ооруп жаткан экен. Ошол эжебизге «Ой эжеке, сиздей эжелерибиз бизде жап-жаш, солкулдап жүрөт десек, “Ооба, силерде жашоо жакшы. Бул жакта биз топурактын артынан топурак, топоздун артынан топоз болуп баратабыз. Мен өлөөрүмдө Кыргызстандан келген сиңдилеримди көрдүм» деп буркурап ыйлап жиберди.

Ошол ый бизди элибизден кабар алып турууга шыктандырды. Элдин абалын угуп, көргөндөн кийин биз кайрадан келип мамлекетибизге кайрылуу жазадык, кат таштадык. Улам бир президент алмашып, каттарыбыз толук жетпей келген. Азыр Алмазбек Атамбаев келгенден кийин, даректүү тасма теледен көрсөтүлгөндөн кийин коомчулук көтөрүлө баштады.

Азыр өкмөттүн алдында иш тобу түзүлгөн. Азыр үч этап менен, биринчи этап бул жака Кичи, Чоң Памирден өкүлдөр келип кеткен ошолордун суранычы боюнча, мугалимдерди жана врачтарды алып баруу маселеси көтөрүлдү. Жакындан бери 30 кишиден турган комиссия даярдалып атат, бирок азыркы күндө Тажикстандын Тоолу Бадахшанындагы окуядан соң токтолуп турабыз.

Кеч болсо, сентябрдын 15ине чейин жолго аттанабыз. Эки мугалим, эки врач, бардыгы болуп 30 адамдан турган чоң гуманитардык экспедиция барганы жатат. Саламаттыкты сактоо министирлигине тапшырма берилип, экспедициянын мүчөлөрү медициналык кароодон өтүп атабыз.

Жаңыл Жусубжан: Экспедиция демек убактылуу, кыска убакытка барат экенсиздер да? Мугалимдер канчага калат?

Гүлзат Болотова: Мугалимдер алты айга калышат. Ооганстанга виза жарым жылдан ашыкка берилбейт экен. Кичи Памирде үч жыл мурда үч бөлмөлүү мектеп ачылыптыр, ал жакта 55 бала окуп атат, бирок кыргыздар мектепке балдарынын жибербейт, себеби, ал жакта урду, пушту, англис тилдеринде окутулат, кыргыз тили окутулбайт.

Жаңыл Жусубжан: Азыр Тажикстандан ар түрдүү кысымга туш келип, мургабдык, жергеталдык кыргыздар тарыхый мекенине кетип атышыптыр. Өзбекстандагы кыргыздарды өзбектештирип атат деп айтып атышат. Кытайдагы кыргыздардын абалы анча жаман эмес, алардын өзүнчө маселелери бар. Кыргыздын бул жерлери 19-кылымдын экинчи жарымынан баштап геосаясий зарылчылыктан улам Кытай, Улуу Британия жана Орусиянын ортосунда бөлүнүп калган. Кийин ар кайсы мамлекеттин катарында калып отуруп, Кыргызстан кыргыз жерлеринин бир гана бөлүгүн ээлеп турат. Ал жерлердеги кыргыздар баары Кыргызстанга көчүп келип алса, мына силер Ванга кеттиңер, оогандык кыргыздар Улуу Памирди, Кичи Памирди таштап кетсе, кыргыздардын тарыхый жерлери кичирейе береби?

Касымбек Шакир: Ооганстандагы Памир кыргыздардын жери эмес.

Жаңыл Жусубжан: Кандайча алардын жери эмес.

Касымбек Шакир: Азыр ал жер Ооганстандын жери деп турат. Ал жерде жашоо жакшы болсо эч ким көчпөйт эле. Анын үстүнө, биз көчүрбөсөк, баары өлүп калса, ал жерлер баары бир калат.

Жаңыл Жусубжан: Демек,ооган кыргыздары тукум курут болуп баратыптыр да?

Касымбек Шакир: Ооба, азыр аларда аялы өлгөн бирөө аялсыз калат, себеби аялдар төрөттө көп өлүп, жетишпейт. Болбосо 11-12 жаштагы кызга үйлөнсө туура болобу? Аны үйлөгөндө деле, ал кийин төрөгөндө өлүп жатпайбы. Кыргыздар жашаган жер эле, ал жерде кыргыздар турсун дей берсе, андан бизге, Кыргызстанга канчалык пайдасы бар?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG