Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Ооганстанды тооруган коркунучтар


2001-жылы Ооганстанда антитеррордук операция жүргүзүү үчүн Бишкектеги “Манас” аба майданында АКШ өнөктөштөрү менен бирге аскерий база ачкан. База 2014-жылы жабылган.
2001-жылы Ооганстанда антитеррордук операция жүргүзүү үчүн Бишкектеги “Манас” аба майданында АКШ өнөктөштөрү менен бирге аскерий база ачкан. База 2014-жылы жабылган.

2014-жылы НАТОнун аскерий күчтөрү чыгарылып кеткенден кийин Ооганстан Борбор Азияда күчтөнүп келаткан радикалдык күчтөрдөн жабыркап калышы мүмкүн.

Бул маселе НАТОнун тынчтык үчүн өнөктөштүк программасынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен НАТО бюросу уюштурган Бишкек конференциясында сөз болду. Анда эл аралык эксперттер менен дипломаттар аймактык коопсуздук маселесин талкуулашты.

Бишкек конференциясында НАТО Ооганстандан чыгып, Орусия менен Батыштын тиреши курчуп турган маалда коопсуздук күн тартибиндеги маселе экени белгиленди. Эл аралык жана аскер маселелери боюнча эксперт Мурат Бейшенов конференциянын маанисине токтолду:

- НАТОнун аскер күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки абал кандай болот? Бүгүн өтө маанилүү көйгөйлөр айтылып жатат. Азыр ар кандай пикирлер, ар түрдүү сунуштар айтылды. Бирок дүйнөдө кандайдыр бир “кансыз согуштун” учкуну байкалып жатканынан Ооганстан көйгөйү биринчи орунга чыкты. Себеби, ал жактагы окуялар Борбор Азияга таасир этиши мүмкүн.

Буга чейин эксперттердин көпчүлүгү коалициялык күчтөр Ооганстандан чыкса, Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна коркунуч туулушу мүмкүн деген пикирге көбүрөөк басым жасап келишкен. Бул жыйында, тескерисинче, өз алдынча сыноо алдында турган Ооганстан, Борбор Азияда күчтөнүп калган радикалдуу күчтөрдөн жабыркап калышы мүмкүн деген ойлор айтылды. Себеби, эми ал жакта кара күчтөргө өз идеяларын жайылтууга каршылык анча эместей туюлат. Кыргызстандык политолог Шерадил Бактыгулов:

- Коркунуч туудурган азыр Ооганстан эмес, тескерисинче, бардык өлкөнүн ички күчтөрү Ооганстанга кооптуу. Ошол Ооганстанда коркунуч алып келген күчтөрдү колдогондор ар бир өлкөдө бар. Эми алар ишин уланта беришет. Сириядагы “Ислам мамлекети” тобун мисал келтирсек болот. Бүгүнкү жыйында так ушундай маселе талкууланып жатканы жакшы.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген эксперттер НАТОнун Ооганстанды таштап кеткенден кийинки мамилесине кызыгышты. НАТОнун Борбор Азия менен байланышуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Винников Ооганстан боюнча кийинки кадамдарына кыскача токтолду:

- Азыр көбүнчө Ооганстандагы абалды талкуулап, анын келечегине кызыгып жатышат. Анын туруктуу өнүгүшүнө НАТОнун салымы бар деп айтаар элем. Эл аралык уюмдар Ооганстан көңүл сыртында калбасын каалашат. Эми Ооганстан өз коопсуздугуна өзү жооп берчү мезгил келди. Бирок НАТО алардын өнүгүшүнө өз салымын кошо бермекчи. НАТОнун “чечкиндүү колдоо” деп аталган жаңы миссиясы Ооганстанга колдоо көрсөтөт. Ал программанын алкагында Ооганстан аскерлерине коопсуздук боюнча окууларды, тажрыйбаларды, кеңештерди берип турат. НАТО каржылык жактан да колдоо көрсөтөөрүн убада кылган. Эми Ооганстан кадимки саясий өнөктөш катары биз менен иштеше берет.

Конференцияда 2014-жылы Борбор Азиядагы мамлекеттер өз аймагындагы радикал күчтөргө каршы чараларды күчөтүп, чек арасы тактала элек өлкөлөр бул маселеге өзгөчө маани бериши керектиги айтылды.

Борбор Азиянын, Ооганстандын 2014-жылдан кийинки коопсуздук меселелерин талкуулаган эмки жыйын Тажикстанда өтөт.

2001-жылы түзүлгөн антитеррордук күчтөрдүн чечими менен НАТО Ооганстанга киргизилген. Үч-төрт жыл мурун НАТОнун коопсуздук күчтөрү, коопсуздук чараларын жүргүзүүнү жергиликтүү бийликке баскыч-баскыч аркылуу өткөрүп берип, 2014-жылга чейин аскерлерин чыгарып кетүү чечимине келген болчу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG