Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Торун жайган маңзат бизнеси


Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 10 миңге жакын баңги катталган. Бирок адистер иш жүзүндө бул сан алда канча көп экенин айтат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 10 миңге жакын баңги катталган. Бирок адистер иш жүзүндө бул сан алда канча көп экенин айтат.

Ооганстандан өткөн маңзаттардын дээрлик жарымы Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу өтөт. Анын бир бөлүгү Орусияга кетет, экинчи бөлүгү өлкө ичинде калат.

Героин дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда, белгилүү, таасирлүү жана кымбат маңзаттардын бири.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү героиндин 90 пайызы Ооганстанда даярдалат. Кыргызстан - Ооганстандын маңзаттарынын кардары жана андан ары Орусияга, Европага жеткириш үчүн колдонулчу транзиттик борбор.

Бириккен улуттар уюмунун адистеринин пикиринде, Кыргызстандын чек аралары ооган баңгизаттары үчүн ачык.
Бириккен улуттар уюмунун адистеринин пикиринде, Кыргызстандын чек аралары ооган баңгизаттары үчүн ачык.
Бириккен улуттар уюмунун Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын отчетуна ылайык, Ооганстандан маңзаттар Балкан жана Түндүк маршруттары аркылуу Батыш өлкөлөрүнө тарайт. Түндүк маршрут - Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Орусияга жетет.

Маңзаттарды колдонуп жүргөндөрдүн айтымында, азыр Кыргызстанда героиндин 1 граммы сапатына жараша 1000 сомдон бир жарым миң сомго чейин сатылат. 1 грамм баңгинин талабына жараша бир дозадан эки-үч дозага чейин жетет.

Анаша 250 мл стакан менен сатылат. Бир стаканы миң сомдун тегерегинде. Бул да чеккен кишинин талабына жараша бир жумадан бир айга чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми гашиш ширеңкенин кутучасына салынып сатылат. Бир кутуча 3000-5000 сомго чейин жетет. Гашишти четинен үзүп, томолоктоп, тамекинин ичине салып чегишет. Гашиш анашага караганда күчтүүрөк, ошон үчүн кымбат. Бул да үч-төрт күндө же эки жумада түгөнүп калат.

Баңгилер жугуштуу ооруларды жайылтпашы үчүн өлкөнүн ири шаарларында бекер ийнелер таратылат.
Баңгилер жугуштуу ооруларды жайылтпашы үчүн өлкөнүн ири шаарларында бекер ийнелер таратылат.
Ушул маңзаттар кыргызстандык баңгилердин арасында популярдуу болуп, эң көп суроо-талапка ээ. Мындан сырткары соңку жылдары өлкөдө өңү-түсү дарыга окшогон синтетикалык маңзаттар да баңгилердин арасында белгилүү болуп жатат. Анын бир таблеткасы сапатына жана күчүнө жараша 500дөн 1000 сомго чейин.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Орусиянын федералдык агенттигинин маалыматы боюнча, жыл сайын Борбор Азия аркылуу Орусияга жана Чыгыш Европага 18 миллиард долларлык маңзат ташылат. Кыргызстан аркылуу Ооганстандан 6 миллиард долларга тете маңзат өтөт.

Макаланын аудио варианты бул жерде:

"Данисте": Торун жайган маңзат бизнеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:46 0:00
Түз линк

Бириккен улуттар уюмунун Кылмыштуулукту жана маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча жылдык отчетунда Кыргызстандын чек арасынын жакшы корголбогону жана коррупция бул өлкөнү ооган баңгизаттары үчүн маанилүү транзиттик борборго айлантканы белгиленет.

Баңгизаттар Кыргызстандан ар кандай жолдор менен чыгат
Баңгизаттар Кыргызстандан ар кандай жолдор менен чыгат
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат берген маалыматка караганда, быйылкы жылдын алты айынын ичинде үч жарым тоннадан ашык маңзат кармалган. Бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу, 10 жарым тоннага аз.

Бирок адистер НАТО Ооганстандан чыгууга камынгандан бери маңзаттардын өндүрүлүшү жогорулаганын жана 2014-жылдан кийин кыйла өсөөрүн билдирип жатышат. Бул, албетте, транзит болуп өтүп аткан Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койбойт.
XS
SM
MD
LG