Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Кыргызстанда ооганстандык кыргыздарды түпкү мекенине, же болбосо башка ыңгайлуу бир жайга көчүрүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Мындай кадам зарылбы жана ага түрткү болгон жагдайлар кайсылар?

Кыргыз өкмөтүнүн ооган кыргыздарды мекенине алып келгенге мүмкүнчүлүгү жетеби? Буга дипломатиялык башка эрежелер жол береби? "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Чүй университетинин ректору, профессор, филолог Сулайман Кайыпов жана өкмөттүн социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдуманап Муратов.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Жакында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун качкындар комиссарлыгынын өкүлү менен жолукканда шарты каттаал Кичи Памирди жердеген кыргыздардын чакан тобун Ооганстандын жашоого ыңгайлуураак башка жагына, же Кыргызстанга көчүрүүгө көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылган экен. Бул маселе балким штаб квартирада көтөрүлүшү мүмкүн экен.

Мындан тышкары жакында кыргыз өкмөтү вице-премьер-министр деңгээлинде өкмөттүк комиссия түзүптүр. Бул да Кичи Памир кыргыздарын көчүрүп келүү, башка жакка жайгаштыруу маселесине байланыштуу экен. Бул демилгелердин келип чыгышына эмне себеп болду? Бул маселе азыр кандай жүрүп жатат?

Абдуманап Муратов: Оогандын Кичи Памир тоолорунда жашаган кыргыз боордошторубуз бар. Жалпы эсеп менен алганда 2 миңдей киши жашайт экен.

Аларды Кыргызстанга алып келеби, же башка жерге көчүрөбү деген маселе көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу биздин депутаттар тарабынан жакында эле айтылган. Андан тышкары президент Алмазбек Атамбаев Түркияга барганда ал жерде Ван деген жерде жашаган кыргыздар менен жолугушуулар болгон. Алар да өзүнүн тарыхый мекенине кайтсак деген каалоолорун айтышкан экен.

Ошолор боюнча азыркы убакта өкмөт тарабынан атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп жатат. Бул комиссия кыргыздарга жардам берүү максатын көздөйт. Азыр комиссия түзүлүп жатат. Бул комиссиянын курамына өкмөттүк, бейөкмөт, кызыкдар уюмдардын бардыгы кирип, бул иштерди аткарат.

"Азаттык": Башка бир топ саясатчылар айтып атышат, Памир кыргыздарынын абалы, жашоо тиричилиги, саламаттыгы начар, медицина жетишсиз, эрте карып кетет экен деген сыяктуулар канчалык жөндүү? Аларга чын эле Кыргызстандан жардам керек болуп жүрбөсүн, балким Кыргызстан кыргыздарга жардам берүү аркылуу кандайдыр бир колдоо көрсөтүү керектир?

Сулайман Кайыпов: Мен аларды барып көргөм, көп жылдан бери изилдеп жүрөм, 20дан ашык алар тууралуу китеп жазгам.

Аларга жардам бериш керек. Биринчиден, өзүлөрү да турмушун таштап жиберишкен. Мурдагы Рахманкул хандыгы убагындай тыкыйган турмуш жок. Алар өздөрү "эгер бейиш бар болсо, Памирдин топурагынын алдында" деп айтышат.

Ооганстандагы апийим деген балекет ошол жерге кирип отуруп, турмуштары, ден соолуктары начарлап кеткен. Эгер кыргыздар чындап эле боору ооруп, колунан келип атса, аларга мектеп, оорукана куруп береби, башка жардамдарды береби, Ооганстандын жетекчилери менен байланышып, ал маселени чечиш керек. Алар жөн эле жайылып жаткан мал эмес да, алар бир өлкөнүн жарандары.

Анан бул жерден эки кыргыз топтолуп алып, "көчүрүп келебиз" дегени туура эмес. Көчүрүп келе албайт. Анын укуктук, мамлекеттик, саясий жактары бар. Келгенден кийин физикалык, маданий адаптациясы бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG