Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Кыргызстан быйыл Ооганстанда элчилик ачат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Самаргүл Адамкулова “Ооганстан – 2014-жылдан кийин” деген эксперттик талкуу маалында билдирди.

Бишкекте өткөн иш-чарада талдоочулар 2014-жылы Ооганстандан АКШ башында турган коалициялык күчтөр чыгарылып кеткенден кийин аймактагы коопсуздук кандай болот деген суроого жооп издешти.

Мурдагы тышкы иштер министри жана ШКУнун мурдагы баш катчысы Муратбек Иманалиев Кыргызстан менен АКШ алакасы “Манастагы” транзиттик жүк ташуучу борборго негизделген деген оюн тегерек үстөлдө белгиледи. Иманалиев бул пикирин кыргыз бийлигинин транзиттик жүк ташуучу борбор боюнча чечимин комментарийлеп жатып айтты.

Иманалиев 2003-жылы “Манас” аба майданына антитеррордук коалициялык күчтөрдүн аскерий базасын жайгаштыруу кыйыр болсо да, БУУнун резолюциясы менен кабыл алынганын белгилеп, базаны чыгарып жатып, ошондо коюлган максаттар аткарылган-аткарылбаганын Кыргызстан суроого укуктуу деген ойдо.

Мындан тышкары дипломат Ооганстандагы радикал динчилдердин коркунучу Кыргызстандан алыс эмес экенин да белгилей кетти.

- Ооганстан проблемасы талиптерден же Ооганстандан эле келип жаткан проблема эмес. Бул биздин проблема. Эгер көңүл бурсаңыздар, биздин өзүбүздө ниети жакшы эмес уюмдар пайда болду. Башкы коркунуч мына ушунда жатат. Ооба, балким алар башка мамлекеттердеги, анын ичинде Ооганстандагы уюмдар менен байланышта болушу мүмкүн. Андыктан көйгөй ал уюмдардын Борбор Азияда пайда болуп калганында. Өткөн жылдары Казакстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда болгон окуялар буга күбө.

Ал эми көз карандысыз эксперт Валентин Богатырев аймактагы коопсуздук жана жалпы абал Ооганстандагы жагдайдан эмес, ириде дүйнөлүк саясий күчтөрдүн аймактагы өз ара атаандаштыгынан жана өлкө лидерлеринин алмашуусунан көбүрөөк көз каранды деп эсептейт.

- Биринчиден, 2014-жылы аскерлердин бүт эле Ооганстандан чыгып кетет деп күтүү туура эмес. Бул көп убакытты талап кылган иш жана ал жакта чет элдик аскерлер кийин да кала берет. Экинчиден, 2014-жылы аскерлер чыгарылгандан кийин Ооганстандын өзүндө чоң өзгөрүүлөр болот деп айтууга да болбойт. Мурда кандай болсо, абал ошол бойдон кала берет.

Үчүнчүдөн, жакынкы келечекте Борбор Азияда Ооганстанга, же андан аскерлердин чыгышына байланыштуу чоң өзгөрүүлөр болуп кетпейт. Борбор Азиядагы өзгөрүүлөр башка процесстерге байланыштуу. Мисалы, бул биринчиси - тышкы күчтөрдүн аймакта жайгашуусуна жараша болот. Экинчиси - Казакстандагы жана Өзбекстандагы өлкө жетекчилеринин алмашуусунан көз каранды. Ушул эки нерсе Ооганстанга караганда Борбор Азиядагы абалга көбүрөөк таасир этет.


Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Самаргүл Адамкулова Кыргызстан быйыл Ооганстанга элчилик ачууга камылга көрүп жатканын айтты. Анын белгилешинче, Кыргызстан Ооганстанды калыбына келтирүү, чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоо максатында, эки тараптуу, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдар менен кызматташып келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG