Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Ооганстанда талибдер барымтага алган кыргызстандык жаран Нургазы Конушбеков мекенине келди.

Аны туткундан куткарууга Кыргызстандын атайын кызматы киришкен.

Конушбеков 12-июнда таңга маал Стамбул-Бишкек аба каттамы менен учуп келди. Бою жапалдаш, буга чейинки сүрөттөрүнөн кыйла арык, бир аз сакал койгон Нургазы Конушбековду туугандары менен кошо журналисттер жарданып күтүп алды.

Суроолорго үнү каргылданып, толкунданып жооп берип жатып, эң ириде өлкө жетекчилигине, чекисттерге, тагдырына кабатыр болгон элге ыраазычылыгын билдирди:

- Мен от күйгөн жерлерге учуп жүрөм. Ал жакта ушундай окуялар болбой койбойт. Орусия да болгон аракетин жумшап, азыр барымтада калган өзүнүн жаранын бошотуп алсын дээр элем. Мен барымтада жалпысынан 48 күн болдум. Биз аба ырайына байланыштуу конууга аргасыз болгонбуз. Мен талиптерге эч кандай доом жок. Жакшы эле мамиле кылышты.

Конушбеков барымтада өзүнчө отурганын, талибдер ага сый мамиле жасаганын, тамак-аштан кыйналбаганын билдирди:

- Лагман, оромо, манты деген жок аларда. Алардын өздөрүнүн улуттук тамактары бар. Эми анын баарын силерге айта албайм, куурулган жумуртка, картошка, аш, айран, сүт такай болуп турду. Мага алар мейман катары мамиле жасашты. Бизди ар бирибизди өз-өзүнчө бөлүп койгон. Мен эркин эле жүрдүм. Айрым блогерлер жазып аткандай, чуңкурда колу-бутума кишен салынып отурган жокмун. Алар деле аң-сезимдүү адамдар. Биздей эле кишилер. Үрөй учурган эч ким жок.

Конушбековду көп деле сүйлөтпөй туугандары жетелеп кетти. Аэропортто тосуп алган жакындары журналисттерди кагып-силкип, маектешүүдөн эмнегедир баш тартышты.

Буга чейин маалымдалгандай Конушбеков Ооганстанда МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен Кабулга учуп баратып, Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгон. Андагы он адамды талибдер барымтага алган.

Туткунга түшкөндөрдүн арасында кыргыз жараны бар деген маалымат тарагандан кийин президент аны бошотууга болгон аракетти көрүүнү тапшырган. Бир катар мамлекеттик мекеме-министрликтердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Кубан Арзыкуловдун маалымдашынча, атайын кызмат Конушбеков кайсы жерде кармалып турганын аныктап, бошотуу жолдорун караштырган:

- Ушул жылдын 28-майында УКМКнын кызматкерлеринин тобу Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин биринде талибдердин жетекчилиги менен жолуккан. 31-майда талиптердин жетекчилери биздин кызматкерди бошотууга макулдугун беришкен. Талибдер биздин жаранды 9-июнда бошотуп, жанынан алынган болгон документтери менен беришти. Талибдер барымтадан бошоткон үчүн акча сурашкан жок.

Арзыкулов Кыргызстандын атайын кызматы Орусияга да кол-кабыш кылып жатканын белгиледи:

- Азыр барымтада Орусия менен Ооганстандын жараны калды. Ушул тушта Түркиянын 8, Кыргызстандын 1 жараны бошотулду. Талибдердин бул кадамын кыргыз элине, өлкө жетекчилигине карата сый мамилеси деп бааласа болот. Азыр биз алар менен сүйлөшүүнү улантып жатабыз. Биз Орусияга алардын да жаранын бошотушууга болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Биздин мекендешибизди талибдер кайсы өлкөгө өткөрүп бергенин азыр айта албайбыз.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Конушбеков учкуч болуп иштеп жүргөн МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак ооганстандык жеке компанияга таандык болгон. Ал тик учак кандай кызмат көрсөткөнү, кыргыз жараны кандай шартта иштеп жүргөнү белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG