Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда, Кыргызстан адам кулчулугунан жабыр тарткан мамлекеттердин катарына кирет. Он жыл бою ар кандай амалдар менен кыздары күңчүлүккө же сойкулукка, эркектери кулдукка сатылып жатканына карабастан, сырт жакка агылгандардын саны дале көп.

"Арай көз чарай" талкуусуна катышкан: Африканын Ангола мамлекетинде иштеп, жапа чегип келген кыргыз жараны Мелисбек Мамбетов, мигранттар менен иштешип келаткан «Замандаш» партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов, Кыргызстандын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин расмий өкүлү Адилет Бейшеналиев жана миграция боюнча эл аралык уюмдун Таластагы өкүлү Гүлнара Камалдинова бул маселеге кайрылышты.

«Азаттык»: Мелисбек мырза, элдин баары азыр негизинен Орусия менен Казакстанга барат. Көнгөн жер, кыргыздар бар, жаманчылык, жакшылыктарда бири-бирине каралашат дегендей. Сиз кандай тагдыр менен алыскы Анголага барып калдыңыз, ал жерде көргөн күнүңүздү кыскача айтып берсеңиз?

Мелисбек Мамбетов: 2008-жылы Талас облусуна караштуу Арал айылынын тургуну Нусупов Алымбай, Нусупов Кадырбай деген жана Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы Данкеев Канат деген тааныштарыбыз Анголада жумуштар бар, курулушта иштейсиңер деп алып кетишкен.

Ал жакка барганда биздин дагы 18дей жаран бар болчу. Ал убакта орус туугандарыбыздан Николай Горич деген башында турган экен. Ал ар бир айлыкты өзү көзөмөлдөп турчу. Биз баргандан үч айдан кийин Горич Москвага эс алууга кеткенде Нусупов менен Данкеев анголдор менен тымызын сүйлөшүп, алардын фирмасын өздөрүнө которуп, бул жактан бизди чыккыла деп жатышат деп калп айтып, баарыбызды чыгарып, өзүнүн туугандары, жакындары менен жашыруун ошол объектиде калып иштешкен.

Бизди чөл, кумдун арасына алып барып таштап коюп, Алымбаев менен Данкеев качып кетишти. Биз ошол жерде бир жылга жакын шалаш тигип жашап калдык. Акчабыз жок, бул жакка келерибизге дагы күмөн болуп калганбыз. Бир жыл жашыруун иштеп жүрүп, анголдордон паспортубузду сатып алдык, көрсө аларды залогго таштап койгон экен.

Дагы жарым жылдай иштеп, жол киребизге акча таап, аябай кыйналып кайтып келдик. Ал жакта оорулар көп болот экен, көп балдарыбыз малярия, ич келте менен оорушту. Николай Горичтин фирмасын булар алдап алып алгандан кийин анын жүрөгү кармап, каза болуп калды.

Узак сапарга аттанаар алдында...
«Азаттык»: Сиз Анголага баратканда бул эмне деген өлкө, эмне деген оорулар бар, кантип иштейт - ошолордун баарын билип алып бардыңыздар беле?

Мамбетов: Мен бараарда Анголада иштеп жаткан кыргыз жигиттер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн элем, алар да Талас жактан болчу. Алар айлыктарын бул жакка салып жатканын өз көзүм менен көргөм. Бизди туристтик фирма менен алып барып, жумушчу виза бастырып беребиз деген. Визага деп паспортубузду алып койду, ошол бойдон паспортубуз да, акчабыз да жок, ошол жакта калып калдык.

Алымбай менен Канат бизден кийин 30тай бала алып барган экен, аларды бир жылдай иштетип, кайра салып жиберишкен. Алар кошуналарынан карыз алышкан экен, үйүндө ызы-чуулар болуп, өз өмүрүнө кол салгандар, ажырашып кеткендер болду.

«Азаттык»: Сиздер бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылдыңыздарбы?

Мамбетов: 20дай адам кайрылганбыз. Бирок алар Африкадагы болгон нерсени биз бул жактан териштире албайбыз деп жатышат.

«Азаттык»: Адилет мырза, азыр эле Мелисбек мырзанын айтып бергенин уктуңуз. Мындай окуялар чанда кездешпейт, биз угуп жүрөбүз. Негизи сиздердин министрлик сыртка кетип жаткандарды кантип көзөмөлдөйсүздөр?

Адилет Бейшеналиев: Ушундай окуялар өтө өкүнүчтүү. Бирок биздин кыргыз жаран кандай жолдор менен кетет? Биринчи өзүнүн тууганы, достору, кошунасы аркылуу кетет. Паспортту алат, чек арадан өтөт, ошону менен ал кишинин изи эч жерде калбайт. Ал киши кайда, эмнеге чыгып кеткенин биз билбейбиз. Бир проблемага дуушар болуп калганда гана биздин жарандар менен контакт болот, ошондо гана ушул киши бул жерде иштеп жаткан экен, ушундай жол менен чыккан экен деп билип калабыз.

Кайрылгандар көп. Көбүнчөсү Орусия мамлекетинде болот. Айлыгын аз төлөп, же такыр төлөбөй коёт, же паспортторун алып алган учурлар болот. Ушундай учурда биздин министрлик иштей баштайт, биздин өкүлчүлүккө, коомдук диаспораларга билдиребиз. Биздин Конституцияга ылайык эч кимге айтпай чыгып кетүүгө укуктуу. Өз алдынча чыгып кетип жаткандар менен иштеш бизге өтө оор. Ошон үчүн биздин министрлик: өз алдынча кетип жаткандар кете берсин, мында альтернатива мамлекеттик орган аркылуу деген схема иштеп чыгалы деп турабыз.

Кыргыз жарандарын чет мамлекеттерде ишке орноштуруш үчүн лицензия алыш керек. Азыркы күндө 9 өлкө бар лицензиясы менен, бул Орусия жана Араб өлкөлөрү. Ал эми Африка боюнча бир дагы жумушка орноштуруу агенттиги бизден лицензия алган эмес. Биз бул жарандар бар экенин билген эмеспиз, кетип баратканда бизге кайрылышкан эмес.

«Азаттык»: Мухтар мырза, сиздердин уюм Кыргызстан эгемендик алып, миграциянын жаңы толкуну башталгандан бери эле иштеп келатасыздар. Эсимде, былтыр кулчулукка сатылган ондогон балдар сиздердин партияга келип, арызданып жүргөндөй болду эле. Мындан 10-15 жыл мурда, элестүү айтканда, элдин көбү караңгы эле, жөн эле бири-бирин ээрчип кете берчү эле. Азыр Интернет, толтура кызматтар бар, брошюраларды поезддерде таратышат. Ошого карабастан, эмне себептен кыргыз жарандары дайыма эле алданып калат?

Мухтар Өмүракунов: Биздин мигранттардын алданып калышынын эң биринчи себеби - бул миграция боюнча толук маалыматынын жоктугу, барганда кандай коркунучтар бар, аны толук билишпейт.

Экинчиси, жумушка орноштурам деп алып кетип жаткандар өзүлөрүнүн айылдаштары, тааныштары, туугандары, алар алып барып, кайра өздөрү алдап жатышат. Мисалы, буга чейин жакын туугандарын, кошуналарын 1-2ден адам алып кетишчү. Мунун артынан бизнес кылууга көзү жеткенден кийин азыр массалык адам сатуу башталды.

Быйыл бизге 3-4 даттануу болду, мисалы, Пермден 43 адам, Хабаровскиден 30 адам, Владивостоктон 9 адам кайрылган. Азыр Сочиде 100гө жакын адамдын кулчулукка сатылганы боюнча маалымат бар. Статистика боюнча биринчи орунда курал сатуу, анан маңзат сатуу, андан кийин эле адам сатуу экен. Пайда түшкөн жерде шугулдангандар абдан көп болот экен.

Дагы бир нерсе: биздин өкмөттүк органдардын көргөн чаралары жетишсиз. Бул жерде Миграция министрилиги гана эмес, Ички иштер министрлиги, прокуратура, Тышкы иштер министрлиги комплекстүү иштерди алып барышы керек. Адам сатуу боюнча соттолгон адамды мен уга элекмин. Бардык иштер сотко жетпестен жабылып калат.

«Азаттык»: Гүлнара айым, кулчулук боюнча кайрылган адамдар көп деп азыр эле айтылды, Таласта сиздерде 189-түз байланыш кызматы деген бар экен. Ага кимдер, эмне маселе менен чалышат? Ал жөнүндө эл кайдан билет?

Гүлнара Камалдинова: Бул долбоор Кыргызстанда 2006-жылдан бери иштеп келатат, Кыргызстандын ар бир облусунда жана Бишкек шаарында бар. Таластагы биздин «Айкөл» борбору 2007-жылдан бери иш алып барабыз.

Биздин негизги өнөктөшүбүз Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги болуп эсептелет. Ички иштер органдары менен тыгыз байланышта иштейбиз. Маалымат жана кеңеш берүү, кулчулукка кабылып калган адамдарды издеп таап, аларды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо, психологиялык, юридикалык жана медициналык өңдүү жардамдар көрсөтөбүз. Маалымат берүү өнөктүктөрүн өткөрөбүз. Ар кандай брошюра, буклеттерди, коопсуздук паспортторду таркатабыз. 189-тез байланыштын негизги максаты - кулчулукка кабылып калууну алдын алуу, чет жакка кетип жаткан адамдарга маалымат берүү.

Бир айда 50дөн 80ге чейин адам кайрылат, "чет жакка жумушка кетип жатат элек, укугубузду билип алалы" дегендер, же жумуш издегендер бар. Легалдуу түрдө жумушка орноштурган фирмалардын даректери бар бизде, ошолордун даректерин алып кетишет.
Бир жыл жашыруун иштеп жүрүп, анголдордон паспортубузду сатып алдык, көрсө аларды залогго таштап койгон экен.


«Азаттык»: Адилет мырза, азыр Сочиде 300-400 кыргыздар бар экен. Орусия абдан чоң акчаларды салып жаткан бул шаар мындан ары кыргыздардын бара турган жери болот болуш керек. Жакында бирөө мерт болуп, сөөгү келди. Аны «Чернобыль ардагерлери» аттуу фирма жиберген экен. Ага сиздердин министрлик лицензия бериптир. Мигранттар менен иштөө фирмаларына лицензияны сиздер кандай жоболорго негизденип бересиздер?

Бейшеналиев: Сочиге «Чернобыль ардагерлери» фирмасы жөнөткөн. Бул фирмага биздин министрликтен лицензия берилгени чын. Сочидеги окуядан кийин лицензиясы токтотулду.

«Азаттык»: Адамдардын убалына калган ошол фирмага кантип уруксат бердиңиздер?

Бейшеналиев: Лицензия алыш үчүн жеке агенттиктин Орусия болобу, башка чет мамлекеттик партнеру менен келишими болуш керек. Ошол келишим «Чернобыль ардагерлери» фирмасында бар болчу, мыйзамда көрсөтүлгөн документтин баарын бизге көрсөткөн. Ошол учурда талаптарга жооп бере турган фирма болчу. Аягында ушундай жаман окуя болуп калды.

«Азаттык»: Бир адам мерт болду, ал үчүн эми ким жооп берет - ошол фирмабы, же өкмөтпү? Өмүракунов мырза да айтпадыбы, адам сатуу факты боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес, бир да адам соттолгон эмес деп. Сиздер ушул ишти сотко ашырсаңыздар болобу?

Бейшеналиев: «Чернобль ардагерлери» фирмасынын материалдары толугу менен ИИМге, УКМКга берилген. Эмгек мигранты ким менен келишим түзгөн, ошол келишимде кандай шарттар каралган, келишимдин негизинде жооптуу тараптар бекилиш керек. Аны сот чечет.
Африка боюнча бир дагы жумушка орноштуруу агенттиги бизден лицензия алган эмес.


«Азаттык»: Мухтар мырза, Сочидеги абал боюнча азыр айтып өттүңүз, угушубузда ал жакта 300-400 адам ачка отурат. Сочиде сиздердин өкүлүңүздөр барбы, алар укуктук жана башка жагынан жардам бере алышабы?

Өмүракунов: Бизде Сочиде уюшулган диаспора азырынча жок. Сочиге жакын Краснодарда бар. Ошол Сочиде бир жаран каза болгондо Краснодардагы диаспоралар аркылуу алып келгенге жардам бердик. Орусиянын жүзгө жакын субъектиси бар, ошонун 41инде иштейбиз. Озүбүздүн өкүлчүлүгүбүз жок болгон жерде жакын жайгашкан облустардан өкүлдөрдү жиберип, жардам көрсөтөбүз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG