Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Багышбеков: күч эмес, мыйзам болсун


Талас, 7-апрель, 2010-жыл
Талас, 7-апрель, 2010-жыл

Бузурман Багышбеков 2010-жылы 6-апрелде Таластагы элдик толкундоого 100дөй спортчу балдар менен катышып, Бакиевдин бийлигин кулатууга салым кошкондордон.

Багышбеков милиция менен кагылышуусу учурунда желим ок жеген. "Эми заман башка, сүрмө топтун күчү менен бийликти басып алуу аракетине жол бербеш керек" деп эсептейт.

Бузурман Багышбеков достору менен 3 жыл мурда аянтта куралдуу милиция менен элдин кагылышканын мындайча эскерди:

- Биз келгенде Ак үйдүн алдында бөтөлкөлөр, таштар топтолуп туруптур. 200 чамалуу эле киши бар экен. Анан Ак үйдү элден бошоткону милициялар келээрин угуп, Таластын элин коргогону ошол жерде туруп калдык. Күүгүм болуп калган, биз алар менен мушташат экенбиз деп турганбыз, бирок алар келип эле эскертүүсүз көздөн жаш агызуучу, желим куралдар менен ата башташты. Бизде курал жок болгондуктан эл менен кошо артка чегиндик. Анан Ак үйдүн артына топтолуп, куралчан аскерлерге чабуул жасадык.

Талас шаарындагы Апрель баатырларына тургузулган эстелик
Талас шаарындагы Апрель баатырларына тургузулган эстелик
Багышбеков желим, газ менен куралданган милициянын колунан облустук акимчиликтин имаратын элдин колуна алуу учурунда мурдуна желим ок жеген.

- Таш менен уруп, милицияларды артка сүрүп жатып, желим ок жедим. Ошонун айынан ушул күнгө чейин азап чегем.

Бузурман Багышбеков учурда апрель окуяларынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо” жарадарлар коомунун Талас облусу боюнча бөлүмүн жетектеп келет. Каарманыбыз “ошондогу окуялардын атын жамынып, пайда тапкандар көбөйдү”, - деп зээни кейиди.

- Андайлар көбөйүп кетти. Алар Кудайдын алдында өздөрү жооп беришет. Анткени “биз революция кылдык” деп эле ар кайсы чоңго кирип, ар кайсы партиялардан акча, медаль алгандар көбөйүп кетпедиби. Аларды каракчылар дейт элем. Анткени Таласта элдин баары эле революцияга катышпадыбы.

Бузурман Багышбековдун оюнча, бийлик имарттарын сүрмө топтун күчү менен басып алуу учуру өттү. "Эми баарын мыйзамга, акылга таянып чечүүчү мезгил келди" деп эсептейт. Ал күзүндө өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо 25 жашында Талас шаардык кеңешке депутат болуп шайланды.

- Бийликке мыйзам жол менен келиш керек. Антпесе мурдагы бийлик сымал мыйзамсыз кетесиң да. Өткөн шайлоодо шаардык кеңешке өттүк. Элиме кызмат кылсам деген оюм бар.

Каарманыбыз сөзүн “3 жыл мурунку болгон окуялардан сабак алсак” деп жыйынтыктады.

- Кааларым: ал күндөр кайталанбай, элдин каны төгүлбөй эле койсун. Каза тапкан балдардын жакындары ушул күнгө чейин кан жутуп келатат. Жаштарга айтаарым, бардык иштерди мыйзам менен жеңсе болот. Шейит кеткендердин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
XS
SM
MD
LG