Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Июнь окуясынан кийин жергиликтүү жаштар арасында улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн активдүүлүк жогорулап кеткени байкалат. Калабадан кийин айрым жаштарда жарма патриоттуулуктун да күч алганын жергиликтүү байкоочулар айтышат.

Беш жылдан бери республиканын түштүгүндөгү жаштар менен иштешип келаткан Youth of Osh коомдук бирикмесинин жетекчиси Айжан Токтошева ушул жаатта «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген:

- Cиздер калабага чейин, андан кийин деле жаштар менен тыгыз иштешип келатасыңар. Июнь коогалаңы жаңы муундун коомдогу активдүүлүгүн жогорулашына же төмөндөшүнө кандай таасир берди, байкап көрдүңүздөрбү?

- Июнь окуясынын тутанышында да, калабага каршы иш-чаралардын жүрүшүндө да жаштардын орду чоң десек болот. Бийлик же башка уюмдар тарабынан жасалып жаткан түшүндүрүү иштеринде да негизги ролду жаштар ойноп жатты.

Окуя ар кимге ар кандай таасир берди. Аны жалпылап айтууга болбойт. 2010-жылда болгон чатакты ар ким өз кабылдоосуна жараша сиңирди. Активдүү жарандык позициясы бар жаштар калабага чейин деле бар болчу, жаңжал учурунда, андан кийин деле алар ошол позициясын жоготкон жок.

Көпчүлүктө патриоттуулук сезимдери ойгонуп, мекенди коргоого болгон дилгирлик күчөдү. Ошол эле учурда этностор аралык чатак айрым жаштардын аң-сезимин таптакыр башка жакка буруп жиберди. Тагыраак айтсам, кээ бир улан-кыздарда башка улуттарга болгон жек көрүү сезимдер жогорулады...

- Окуянын арты менен айрым жаштарда жарма патриоттук күчөп кеткени да байкалат...

- Адамдардын кабыл алуусу ар кандай эмеспи. Үч жыл муруңку калаба айрым жаштар арасында сынчыл ойлорду, анализдик көз караштарды жоюп салгандай болду. Айрыкча мындай абал моноэтникалык аймакта жашагандардын арасында көбүрөөк байкалды. Коогалаңдан кийин стереотиптер күчөп кетти, бул улут жакшы, мунусу жаман, бул күнөөлүү, мунусу таза, деген сыяктуу.

Улутчулдук маанайдагы ураандар жанданып, адам укуктары экинчи орунга түшүп калган учурлар да кездешип калат. Ошол стереотиптер азыркы учурга чейин коомчулукка таасир таасир берип келатат. Базарларда же эс алуучу жерлерде кез-кези менен мушташтардын чыгып турушу – жаштар ошол стереотиптерден арыла албай жаткандыгында болууда.

- Июнь окуясынан кийин өзбек тектүү жаштар арасында коомдук иштерге аралашуу азайып кеткени айтылган болчу. Бул жаатта азыр абал кандай болууда?

- Коогалаңга чейин деле кай бир улуттун өкүлдөрү активдүү же кай бири пассивдүү болгону жөнүндө так маалымат же статистикалык көрсөткүчтөр болгон эмес. Калабадан кийин гана буга көңүл бурула баштады.

2010-жылдан кийин биз элди ымалага келтирүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырып жүрүп, бир нерсени байкадык: аралаш мектептерде окуган жаштар улутуна карабай жарандык позициясы бар, өзүнүн көз карашына ээ болот экен. Алардын арасында башка улуттарга карата жек көрүү сезими байкалбайт деле. Аралаш улуттар жашаган аймактарда да ушундай көрүнүштү байкадык. Ал эми, моноулуттук аймактарда, бир тилдүү мектептерде окугандардын арасында коомдук иштерге активдүүлүк аз.

Балким сиз айткандай, өзбек тектүү жаштар арасында активдүүлүк жогору эместигинин да чындыгы бардыр. Бирок ал өзүнүн каалоосу менен эмес, балким туугандарынын, ата-энесинин чектөөсүнө байланыштуу болуп жаткандыр. Жаштардын коомдо активдүү болушу үй-бүлөдөгү тарбия, ага карата түзүлгөн шартка көз каранды.

Андан сырткары айрым салттык көз караштар деле улан-кыздардагы активдүүлүккө тоскоол болуп жатат. Мисалы, «кыз киши окубашы керек, коомчулуктун алдына көп чыга бербеши керек» деген сыяктуу.

- Ошондой чектөөдөгү жаштарды коомдук иштерге активдүү аралашуусу үчүн кандай аракеттер бизден талап кылынат?

- Эң жакшы жолу – Ошто аралаш мектептерди көбөйтүү керек. Өсүп келаткан муунга ой-пикирин эркин айтууга жол көрсөткөн лагер, жайкы мектеп, кышкы мектеп сыяктуу иш-чараларга жөнөтүп туруу керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG