Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Ыңкылаптын айрым катышуучулары нааразы


Талас, 6-апрель, 2010-жыл
Талас, 6-апрель, 2010-жыл

Таласта көз карандысыз комиссия былтыркы апрель окуяларында жараат алгандарга компенсация кандай берилип жатканын иликтөөгө алды.

Талас облусунан былтыркы окуяга катышып, жараат алды делген 456 адам компенсация алышкан. Бирок чыныгы жарадарлар албай калып, окуяга катышпаган адамдар алган учурлар бар деген даттануулар арбын.

2010-жылдын 6-7-апрелинде жарадар болгондордун жараатына жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин жардам берилген. Бардыгы 456 адам, анын ичинен 272си нааразылыкка чыккандар, калганы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болгон.

“Элдик козголоңго катышып, бирок компенсация албай калдым” дегендердин бири Шайыргүл Туткучева буларды айтты:

- Ыңкылапта алдыңкылырдан болуп жүрдүк. 6-апрелде башталган, түнкү саат 3тө да жүрдүк.

Суу ташып берип, түтүнгө калдык. Мен ал күнү жыгылып, колумду чыгарып алгам, оюбузда эч нерсе жок жүрдүк. Үйлөрүндө “кудай сактасын” деп жаткандар акча алып, алдыда жүргөн биз эч нерсе алган жокпуз.


Апрель ыңкылабынын дагы бир катышуучусу Гүлнара Акботоева да нааразы.

- Үйүндө жаткандар алганына биз абдан таң калып жатабыз. Чын эле жарадар болгондор, үйлөрүнөн эле дарыланып, бирок албай калгандар көп. Жок дегенде барып катышса да мейли эле, 7 миң сом берип, 50 миңден алышкан экен. Биз ошого капабыз.

Таластагы нааразылык акциясы, 6-апрель, 2010-жыл
Мындай нааразы адамдар саны артып, жыйынтыгында облуста 18 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Анын мүчөсү Асыл Мамырова комиссиянын ишинен кабар берди.

- Ыңкылапка катышпагандар керек болсо бир үй-бүлөнүн баары акча алды деп арыз түшүп, ошонун негизинде комиссия түзүлгөн. Комиссиянын мүчөлөрүнүн айрымдары отпускада болгондуктан ар ким өз алдынча иш алып барып жатат. Жыйынтык чыкса маалымат беребиз.

Ошол окуяда жаракат алды делинип, каражат алгандар соттук-медициналык экспертизадан өткөндө пара берген деген сөздөрдү тактоо үчүн аталган мекеменин облустук бюросунун башчысы Нурдин Көкөевге кайрылдык:

- Амбулатордук карточканын, же тез жардамдын справкасынын негизинде, облпрокуратурадан токтом алып келгенден кийин биз оорунун даражасын чыгарып беребиз.

Талас, 6-апрель, 2010-жыл
Жөлөк пул алгандардын козголоңго катышы бар-жогун облустук прокуратуранын тергөөчүсү Азат Сатинбаев иликтеп, анын колу коюлган токтом чыгыптыр. Облустук прокуратурага барганымда Сатинбаев башка жумушка которулганын, бул ишти уланта турган башка кызматкер келе электигин айтышып, маалымат берүүдөн баш тартышты.

6-7-апрель күндөрү жарадар болгондордун көпчүлүгү Талас облустук биргелешкен ооруканасына кайрылышкан. Аталган оорукананын жетекчиси Шершенбек Жумашалиев:

- Бизге кайрылбай туруп справка берилген эмес деп ишенимдүү айта алам. Ошондо бизге кайрылып тизмеде болсо, азыр да болсо кайрылгандарга аныктама бергенге укугум бар. Кайрылбай туруп “билбей калдым, справка бере сал” дегендерге эч бере албайбыз.

Ошентип дээрлик бир жарым жыл мурда болгон ыңкылаптын айрым жактары ачылууда. Көз карандысыз комиссия ким чын эле ыңкылапка катышкан, кимиси салымына жараша компенсация алганын аныктайт. Эгерде нааразы тараптын жүйөлөрү чын чыгып, компенсация берүү жагында кыңыр иштер ашкереленсе, ал тууралуу кийин дагы кабарлайбыз.
XS
SM
MD
LG