Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

УКМК: Чотонов боюнча тергөө аракеттери жүрүүдө


Дүйшөнкул Чотонов
Дүйшөнкул Чотонов

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгонуна байланыштуу УКМК Дүйшөнкул Чотонов боюнча да тергөө аракеттерин жүргүзүп жатат.

УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, айрым бир жагдайларды тактоо үчүн Чотонов УКМКга алынып келинди.

Дүйшөнкул Чотоновду бүгүн таңкы саат 6.30дарда үйүнөн кармап кетишкенин жакындары кабарлаган.

25-февралда Башкы прокуратура оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш ишин козгогон. Аны 26-февраль таңда Венадан Европа Кеңешинин Парламенттик ассамлеясынын жыйынынан Бишкекке учуп келгенде Бишкектеги аба майдандан УКМК кармаган эле.

Учурда Текебаев Коопсуздук органынын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камакка алынды.

Башкы прокуратура Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясы боюнча орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыптоодо.

Мындан соӊ Леонид Маевскийдин бул иш боюнча видео тасмасы интернетке тараган.

Анда Маевский 2010-жылы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен бир нече жолу жолукканын жана 1 миллион доллар бергенин айтып берген.

Дүйшөнкул Чотонов буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген.

Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG