Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

"Тыңчы" мыйзамы эркиндикке каршы


Укук коргоочулар митингге чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

Укук коргоочулар митингге чыгышты

12-апрелде парламент комитети “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулабастан эле кабыл алды. Эми ал 14-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Укук коргоочулар комитеттин бир катар мүчөлөрүнүн жоктугуна карабай, мыйзам долбоорунун каралышын сындап, аны эптеп эле көз жазгырып, өткөрүп жиберүү аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Исмаилова: маанисиз мыйзам

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот жана укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттеринде "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" мыйзам долбоору караларын 11-апрелдин кечинде сайттан көргөн укук коргоочулар бүгүн дароо Ак үйдүн алдына чогулушту.

Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, депутаттардын тийиштүү тараптарга алдын ала маалымат бербей туруп, маселени шашылыш, жашыруун күн тартибине койгону кооптонууну пайда кылды.

- Ошондуктан биз тез аранын ичинде чыгып, депутаттарга айткыбыз келди. Комитеттин ичинде талкууласа талкуулашсын, бирок бул маанисиз мыйзам. Анткени анын авторлорун- мурдагы депутаттар Надира Нарматованы, Турсунбай Бакир уулун, Нуркамил Мадалиевди, кыскасы "Ар-Намыс" партиясын эл бул жолу шайлаган жок. Алар эбак парламенттен кеткен. Ал эми Орусия Думасынын “чыккынчы” деген мыйзамы Кыргызстандан форматына эч убакта шайкеш келбейт. Ошондуктан аны алып таштап, тынч, биз менен өнөктөштүктө иштөө керек. Ушул саясий тизме, коррупциялык жол менен келген депутаттар мыйзамды окуп, биз менен иштесин. Биз ачыкпыз, кол сунабыз, бирок ошол эле учурда басмырлоого жол бербейбиз.

- Ошол комитеттин бир нече мүчөсү чет өлкөдө иш сапарда жүрөт. Маселени бүгүн отурумга кое салып, алардын жогунан пайдаланып, эптеп алып өткүлөрү бар.
Азиза Абдрасулова

Ак үй алдында чогулган укук коргоочулардын үнүн депутаттар уккан деле жок. Комитеттин жыйынында мыйзам долбоору талкууланбай туруп эле жактырылып, 14-апрелде парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды. Комитеттин төрайымы Галина Скрипкина мыйзам долбооруна түзөтүүлөр киргизилип, ал мурдагысынан бир топ эле айырмаланып, жумшартылганын айтып, мындан улам андан чочулоонун кереги жок деп соороткондой болду.

- Бул мыйзам экинчи окуунун режиминде каралып жатат. Аны менен көп убакыт иштегенибизди айткым келет. Азыр ага эки өзгөртүү кирип жатат. Биринчиден, коммерциялык эмес, эл аралык уюм деген эмне экендигине аныктама берүү керек. Экинчиден, алар ачык иштеп, өздөрүнүн бюджетин жарыялап турушу керек. Алардын укугун бузгандай талаптар деле жок. Мындан улам биз Жогорку Кеңешке комитеттин чечимин жактырып, мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алууну сунуштайбыз.

Укук коргоочулар депутаттардан "шектенет"

Митингден соң комитет жыйынына баш баккан “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова андагы маселени кароонун жол-жобосу бузулганына кейиди. Мыйзам долбооруна башынан эле каршы пикирин айтып жүргөн комитет мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Чолпон Жакупованын жоктугунан пайдаланып, мыйзамды өткөрүп жиберүүгө кам урулганы ачык эле байкалып калганын айтат укук коргоочу.

- Ошол комитеттин бир нече мүчөсү чет өлкөдө иш сапарда жүрөт. Маселени бүгүн отурумга кое салып, алардын жогунан пайдаланып, эптеп алып өткүлөрү бар. Мындай түзөтүүнү киргиздик, эки эле пунктту калтырдык демиш болуп, ал эми парламенттте мурунку эле эскини алып өтүп кетет деген коркунуч бар. Комитет азыр эптеп эле бизди чачыбыздан сылагандай мамиле кылып жатат да.

- Парламентте бул мыйзамдын өтөөрүнө көзүм жетпейт. Мен өзүм каршымын. Анан кесиптештеримди дагы каршы добуш берүүгө чакырам.
Рыскелди Момбеков

Укук коргоочулар өткөн парламенттен мурас катары калган бул мыйзам долбоорунун маңызы, дегеле бейөкмөт уюмдардын ишмердүлүгү, табияты туурасында жаңы парламенттеги эл өкүлдөр арасында терең билгендер аз экендигин белгилеп, бул жагдай анын өтүп кетүүсүнө жол чаап бериши мүмкүн деп кооптонушат.

Момбеков: Мыйзам добоорун колдобоого чакырам

КСДП фракцияснын депутаты Рыскелди Момбеков мыйзам долбооруна караманча каршы экендигин айтып, эгер ал кабыл алынып кала турган болсо, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына көлөкө түшүрөрүн белгиледи. Мындан улам ал өз кесиптештерине акыл калчап добуш берүүгө чакырууда:

- Парламентте бул мыйзамдын өтөөрүнө көзүм жетпейт. Анткени каалайбызбы, каалабайбызбы биз Орусияны же бир башка мамлекетти туурайбыз деп, батыш мамлекеттери менен, өзгөчө демократияга салым кошкон мамлекеттер менен алакабызды бузуп алышыбыз мүмкүн. Мен өзүм каршымын. Анан кесиптештеримди дагы каршы добуш берүүгө чакырам.

“Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоору парламентке 2014-жылы май айында келген. Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан. Долбоор ошондон бери коомчулукта кызуу талкууланып, карама-каршы пикирлерди жаратып келет. Укук коргоочулар мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстан адам укугу кордолгон тоталитардык өлкөгө айланышы ыктымалдыгын коңгуроо кагып келишет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG