Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:26

"Чет элдик тыңчы" мыйзамы добушка коюлат


Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш бүгүн бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк тыңчы” катары таануу боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда талкуулап, добуш берүүгө жөнөттү.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси Турсунбай Бакир уулунун айтымында, аталган долбоор мамлекеттин коопсуздугун жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталган.

Ал өз сөзүндө бул мыйзам долбоору өлкөнүн саясий турмушуна түздөн-түз аралашып жүргөн 10 чакты гана бейөкмөт уюмга коркунуч жаратарын, калган уюмдар эч кооптонбой эле чет элден гранттарын алып, ишмердүүлүгүн уланта берерин белгиледи. Ал он уюмду так айтып бере албаганы менен, ишмердүүлүгү өлкө үчүн кооптуу деп эсептеген укук коргоочу, активисттердин ысымдарын атады.

Турсунбай Бакир уулу

Турсунбай Бакир уулу

- Акча келгени жакшы, биз ага каршы эмеспиз. Биз ушул уставынан чыгып кеткен, Конституцияны бузган бейөкмөт уюмдарды айтып жатабыз. Ошол эле жарандык... эмне деп аталат кыргызчасы? Жанагы Эдил Байсалов башкарган уюмдарчы. Азыркы аны башкарып жаткан Төлөйкан Исмаилова. Фактылар бар. Ютубду ачсаңыздар Эдил Байсаловдун түстүү ыңкылаптарды кантип жасаганы боюнча сөзү бар.

Аталган мыйзам долбоорун “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов жана депутат Талант Узакбаев колдоп чыкты. Кулов мыйзам долбоорунда дагы тактай турган айрым жагдайлар бар экендигин, мисалы “агент” деген сөздү “өкүл” деген сөз менен алмаштырса, кулакка анча өөн угулбай каларын белгилеп өттү.

Талкуу учурунда сөз сүйлөгөн депутаттардын басымдуу бөлүгү бул мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясына каршы келерин, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө башка мыйзамдар жетиштүү экендигин билдиришти.

Депутат Дастан Бекешовдун пикиринде, Кыргызстан бул маселеде Орусиянын жолоюна түшүп кетпеши керек.

Дастан Бекешов

Дастан Бекешов

- Мен мыйзам долбооруна каршымын. Анын пайдасынан зыяны көп болуп калышы ыктымал. Биз бардык жактан эле Орусияны туурай бербешибиз керек. Албетте Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, достук мамиледебиз. Бирок бул алар жасаган нерсенин баарын эле жасай берүү керек дегенди түшүндүрбөйт. Алар деле аны талап кылган жери жок. Ошондуктан бул мыйзам кереги жок деп эсептейм жана кесиптештеримди каршы добуш берүүгө чакырам.

Мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууда талкуудан өтүп, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул арада Бириккен улуттар уюму жана Жарандык тилектештик эл аралык платформасы “Чет элдик агент жөнүндө" мыйзам долбоорундагы айрым жоболор Кыргызстан мүчө эсептелген Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттарга карама-каршы келерин эскертти. Алар мыйзам укук коргоочуларга карата ишенимди жоготуп, жарандык коомдун өнүгүшүнө олуттуу бут тосоорун айтып, кыргыз парламентин мыйзамды кабыл албастан кайра карап чыгууга чакырууда.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова аталган мыйзам долбоору боюнча талкуулар башталып-башталбай жатып, азыртадан эле Кыргызстанда адам укугун коргоочу уюмдарга карата ар кандай басым, каралоо аракеттери сезиле баштаганын жана бул абдан коркунучтуу коңгуроо экендигин белгилейт.

Төлөйкан Исмаилова

Төлөйкан Исмаилова

- Мамлекеттик эмес уюмдар туурасында видеолорду көрсөтүп жатышат. Булар чет мамлекеттерден акча алып жаткандан кийин агенттер, Кыргызстанга жаман нерсени алып келип жатышат деген маанайдагы ЖККУнун алкагындагы толгон-токой видеолор бар. КТРК, 5-канал, НТСтен көрсөтүлгөн беш-алты видео бар. Кыргыз тилдүү гезиттердеги аналитикаларды окуганда да атайын басмырлап, активисттерге каршы чагым уюштуруп, коркунучтуу чөйрөнү түзүп жатышканын байкоого болот.

Медиа-эксперт Кубан Мамбеталиев аталган мыйзам долбоорун сунуштап жана аны колдоп жаткандар шайлоо алдында демократиялык институттарды көзөмөлгө алып, аларды тизгиндөө максатын көздөп жатат деген пикирде. Анын көз карашында эгер бул мыйзам өтүп кетсе, анда ал ар кандай куугунтуктоолорго, басмырлоолорго түздөн-түз жол ачылышы мүмкүн.

- Куугунтуктап, басынтып, колун толгоп, оозун ачырбоо аракеттери башталат. Экинчиден, шайлоо жакындаганда жөн эле ушундай бир популисттик, улутчулдук аракеттер пайда боло калат. "Кыргыз үчүн" жана башка сыяктуу сөздөр айтылат. Андай эле кыргыз үчүн күйүп-бышса, кыргыз үчүн накта пайда келе турган жумуш жасашпайбы! Жок, антпейт. Тилди көтөрүп чыгып, тилди тазалаш керек, же маданиятты сактап, башкалардын баарын четке чыгарыш керек дей беришет.

“Чет элдик тыңчылар" боюнча мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев сунуштаган. Документте уюмду каржылоо сырттан болуп, алар саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары таанылары каралган. Кыргызстанда ушул тапта бул мыйзам долбооруна каршы кол топтоо акциясы башталды. Мыйзамга ылайык, 10 миң кол топтолсо, жарандык демилге аркылуу мыйзамды жокко чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке жаңы мыйзам долбоорун киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ал күчкө киргенден кийин орус бийликтери ишмердиги саясатка байланыштуу деп санаган бейөкмөт уюмдар бир топ чектөөлөргө кабылышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 23-майында орус президенти Владимир Путин бейөкмөт уюмдар боюнча дагы бир жаңы мыйзамга кол койду. Бул мыйзам “ылайыксыз” деп табылган чет өлкөлүк жана эл аралык бейөкмөт уюмдарды сот чечимисиз эле жаап салууга жол ачты. Мамдуманын айрым депутаттары мыйзамга кол коюлары менен Орусияда беделдүү бейөкмөт уюмдар саналган Transparency International, Human Rights Watch, Amnesty International жана "Мемориал", Карнеги фонддорунун ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштады.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG