Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Таласта быйыл кайналы - кара өрүк бактарынын аянттары көбөйөт. Кыш күндөрү таластыктар улам бир районго топтолуп, кара өрүк өстүрүү боюнча жыйындарды байма-бай өткөрүшкөн.

Таластын кара өрүгүн чет элдик базарларга чыгаруу сунушу көп түшүүдө. Бирок облуста экспортко кетчү кара өрүк аз.

Жергиликтүү тургун Фарида Саткынбаева 2011-жылдан бери кайналыны багып, өстүрүүнү изилдеп келет. Анын айтымында, кара өрүктүн касиети анын сыртындагы ак кеберинде. Ал кете баштаганда өрүктүн сапаты бузулат.

Таласта аба ырайы күзгө жакын сууп кеткендиктен жемишти табигый шартта кургатуу кыйын. Ошол себептүү ишкер атайын кургатуучу жабдуу сатып алган.

- Башында 10 килограмм кара өрүктү 200 грамм туз, сода кошуп кургатчу элем. Улам изденип отуруп арык жээгинде өскөн жалбыз кургатууга жакшы экенин билдим. Аны сууга салып жапжашыл болгуча кайнатабыз. Ага кара өрүктү салып эки мүнөт кармап, кайра муздак сууга салабыз. Түштүктө кара өрүктү күнгө жайып эле кургатса болот, Таласта болсо сентябрдан тарта күн муздайт. Мындан улам 300 миң сомго заводдон кургаткыч жабдыктын үлгүсүн алып, аны усталарга жасатып алдым. Ичине 250 килограмм кара өрүк батат.

Бишкектеги Ош базарынын кургатылган жер-жемиш сатылган бөлүгү

Бишкектеги Ош базарынын кургатылган жер-жемиш сатылган бөлүгү

Фарида быйыл 120 килограмм кара өрүк кургаткан. Ушу күндө кардарлар үйүнө чейин келип, килограммын 400 сомдон алып кетет экен. Ишкердин айтуусунда, облус боюнча кара өрүктү кургатып саткандар бирин-серин.

Бакай-Ата районунун акими Канымет Осмонбеков мындай цехтерди көбөйтүү заман талабы экенин белгиледи:

- Жакында эле орусиялык инвесторлор келди. Кара өрүк кургаткан чоң цех куралы, базар баасынан эки-үч сомго кымбат алабыз да, сыртка ушул эле райондон экспорттойбуз деп сүйлөшүп кетишти. Бакай-Атада 21 мектептин шашке тамагынын менюсуна кара өрүктүн компотун кошолу деп жатам. Медицинада пайдалуу азык экени далилденген. Мектептердин бакчасына да кара өрүк көчөтүн тигүү керек. Жер үлүшүнө бак отургузууга уруксат берген мыйзам кабыл алынып калса, эл кара өрүктү көп тигет эле. Муну сатууда кыйналбайт экенсиң.

Аким кара өрүктү казакстандык, ирандык ишкерлер да сурап жатканын айтууда. Былтыр күзгө таяп баасы 45 сомго чейин чыкты. Киреше даамын таткан таластыктар эми кара өрүктүн сырткы базардагы баасын иликтеп, кардар издей баштады.

- “Агрардык платформа” деген уюмдун жардамы менен Калифорниядан келген окумуштуу Кыргызстанды түрө кыдырып, агрардык экономиканы иликтеп көрүптүр. Анын корутундусу боюнча Талас облусунун Бакай-Ата району кара өрүк өстүрүүгө ыңгайлуу экен. Мен жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурган бизнес сапар менен Украинага да барып келдим. Ал жерде болгон бизнес-форумдун катышуучуларына өзүбүздүн цехте кургатылган кара өрүктү сунуштадым. Ошол жерден бир кардар "быйыл 150 тонна кара өрүк кургатып бере аласызбы?" деп сурады. Мен баары аба ырайына байланыштуу экенин айттым, - дейт бакайаталык ишкер Сагынбек Жоробеков.

Сагынбек аксакал баласы менен бирге Жалал-Абад облусунда ачкан цехте 40 тоннага жакын кара өрүк кургаткан. Ишкер экспортту жакшыртуу үчүн кара өрүк өндүрүүчүлөр биригиши керек деген пикирде:

- Үч килограмм кайналыдан бир килограмм как чыгат. Быйыл жок дегенде 200 тонна кургатылган кара өрүк чыгаруу үчүн 600 тонна кара өрүк керек. Мынча тоннаны жалгыз-жарым чогулта албайбыз жана сата да албайбыз. Ошондуктан кара өрүкчүлөр биригишибиз керек. Быйыл Украинанын Багбанчылык академиясынан окумуштуу келип, кара өрүктү илимий жол менен өстүрүүнү үйрөтөт. Ошону көргүлө. Мен ошого карата өзүмдүн айылыман жер аянтын даярдап отурам.

Расмий маалыматтарга таянсак, былтыр сыртка 1500 тоннага жакын кара өрүк чыккан. Таластыктардын ар бир короосунда кеминде алты-жети түп кара өрүк бар. Эми кайналыдан киреше табууга толук көзү жеткендер ишкерлерге илешип, үлүш жерлерин да бакчага айлантууну көздөп жатышат. Бирок айыл чарба адиси Нурила Кыйлыбаева үлүш жерлерди бакчага айлантуудан этият болууга чакырды:

- Кара өрүктү бир гектар жериң болсо, анын 5-10 сотыхына отургузсаң болот. Бирок бир гектардын баарына толук айдап салса, бул кооптуу. Калган азык-түлүктөр эмне болот, аларды ким айдайт?

Жала-Абадда кара өрүк кургаткан таластык ишкер Сагынбек Жоробеков учурда кургаткан кайналыны Бишкектеги, Оштогу соода жайларга 150 сомдон сатууда. Ишкердин айтуусунда, Таластын кара өрүгү эттүү келип, сыртын ак кебер каптап турат. Түштүктүн кайналысы андан айырмаланып кабыгы жука, кургатканга ыңгайлуу келет дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG