Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстанда быйыл жаз эрте келип, аба ырайынын кескин жылышынан улам өлкөнүн түштүк аймактарында жазгы айдап-себүү иштери кызып, калган жерлерде талаа жумуштарына кам көрүлө баштады. Анткен менен былтыркы алган түшүмдөрүн толук сатып бүтө элек дыйкандар быйыл эмнени эгип, кайсынысынан көбүрөөк пайда табам деген суроо алдында турат. “Азаттыктын” кезектеги таңкы талкуусу жазгы айдоо иштерине даярдык кандай жана быйыл кандай өсүмдүктөрдү айдоо пайдалуу деген маселеге арналды.

Талкууга Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков жана өкмөт аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалайбек Далбаев катышты.

“Азаттык”: Жумабек мырза, мына бүгүн 1-март - жаздын алгачкы күнү. Кыргыз эли жаздын келиши менен айдап-себүү иштерине кам көрчү, бирок быйылкы аба ырайынын демейдегиден ысык болушу айдап-себүү иштерин эрте жана тез бүтүрүүгө мажбурлап жатат. Ушул күнгө карата Кыргызстандын жазгы талаа иштери боюнча жалпы абал кандай?

Жумабек Асылбеков: Өкмөт быйыл жазгы талаа иштери боюнча 29-январда №31 токтом кабыл алып, алдыда көрүлө турган чараларды бекиткен. Ошол токтомдун негизинде региондор менен сүйлөшүп, кайсы жерде кандай өсүмдүктү айдоо боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Өткөн жылы экспорттун көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 73% көп болду. Быйыл да ушул деңгээлди кармоо зарылдыгы бар.

“Азаттык”: Таалайбек мырза, Ысык-Көлдөн бир дыйкан ушул күндө алты тонна картошкам бар, аны кайда сатарымды билбейм деп билдирди. Жашырганда эмне, былтыркы картошкасын, сабизин, алмасын сата албай жаткан дыйкандар быйыл кандай өсүмдүктү көбүрөөк айдасак, кайсынысы пайдалуу болот деп баш катырып турган чагы. Дыйкандарга кандай кеңеш бересиз? Быйыл кайсы региондо кандай өсүмдүктөрдү айдоо зарыл жана ал кайсы жерде жакшы түшүм берет?

Таалайбек Далбаев: Быйыл дыйкандарга интенсивдүү өсүмдүктөрдү, жашылча-жемиштерди көбүрөөк эккиле деген кеңеш берип жатабыз. Себеби, буга чейин биздин дыйкандар көп айдап келген буудайды сатууга талап аз.

Чүй облусунда былтыр 5000 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Аны сатууда кыйынчылык болгон жок. Быйыл 11 миң гектар жерге айдоо керек деген кеңеш берип жатабыз. Себеби, дүйнөлүк божомол боюнча кантты өндүрүү быйыл 20% аз болот.

“Азаттык”: Демек, дыйкандар кайсы өсүмдүктөрдү айдоого басым жасашы керек?

Жумабек Асылбеков: ЕАЭБге өткөндөн кийин жашылча-жемиштерге талап көп болот. Анан Чүй облусунда былтыр 5000 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Аны сатууда кыйынчылык болгон жок. Быйыл 11 миң гектар жерге айдоо керек деген кеңеш берип жатабыз. Себеби, дүйнөлүк божомол боюнча кантты өндүрүү быйыл 20% аз болот. Ошон үчүн кант кызылчаны көп өстүрүү керек. Андан тышкары Ошто пахта аянтын кеңейтүү керек. Анткени быйыл пахтанын дүйнөлүк баасы өсөт. Ал эми кредиттердин көбү мал чарбачылыгына берилет. Бул да жөн жерден эмес, себеби мал чарба продукциясын көп өндүрүү, анын негизинде быйыл тоют өндүрүүгө басым жасоо зарыл.

“Азаттык”: Таалайбек мырза, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Даир Кенекеев кечээ айыл чарбасында чечүүчү роль ойногон беш фактор бар, алар: үрөн, күйүүчү май, суу, техника жана аба ырайы деп белгилеп, облуста аба ырайы менен үрөн гана жетпейт деп билдирди. Башка региондо мындан башка да көйгөйлөр болсо керек. Жер-жерлерде ушул беш фактордун абалы кандай?

Таалайбек Далбаев: Үрөн маселеси толук чечилип калды. Польша берген 40 миллион долларлык кредитке техника алынып, дыйкандарга лизинг түрүндө берилип жатат. Өзбекстандан 100 миң тонна жер семирткич алынды. Төө буурчак жыл сайын 50 миң гектар жерге айдалып, 90 миң тонна түшүм алынчу. Быйыл 100 миң тонна өстүрүү зарыл, аны сатуу боюнча Түркия менен азыртан сүйлөшүү жүрүп жатат.

Угармандын пикири: Мен Бишкектин 27 жаштагы тургуну Элдар Шабдановмун. Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясы кечээ Сокулукка барып, 50 миң гектар жерге отургузулган алманын мыкты сортун көрсөтүштү. Өкмөт жакшы токтомдорду кабыл алып, бирок кагаз жүзүндө эле калтырып коет. Ошон үчүн Жаш ишкерлер ассоциациясына жаш кадрыңарды кошуп, элге көбүрөөк экскурсияларды өткөрүүнү сунуштайм.

Кыргызстандын жашылча-жемиши

Кыргызстандын жашылча-жемиши

“Азаттык”: Жумабек мырза, мына быйыл Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген жылдын түшүмүн алат. Ал сөзсүз түрдө мыкты маркетингди талап кылат. Быйыл Кыргызстандын өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылышы үчүн кандай өсүмдүктөрдү кандай көлөмдө жана кайсы региондо өстүрүү аныкталдыбы?

Жумабек Асылбеков: Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 691 миң тонна дан азыгы, 591 миң тонна картошка, 685 миң тонна жашылча, 742 миң тонна мөмө-жемиш, 367 миң тонна эт, 1,2 миллион тонна сүт, 153 миң тонна кант, 1 миллиард 95 миллион даана жумуртка жана 54,6 миң тонна өсүмдүк майы керек.

“Азаттык”: Өкмөттүн жыйынында Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев азыр суу сактагычтарда 310 миллион кубметр гана суу бар, быйыл аба ырайы аябай ысык, кургакчыл болот деп билдирди. Мындай кырдаалдын алдын-алуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?

Жумабек Асылбеков: Былтыртан баштап тамчылатып сугарууга өтүп жатабыз. Сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдү тамчылатып сугаруу керек. Чүйдө 1900 гектар жерге тигилген жүгөрүнү ушундай ыкма менен өстүрдүк. Tomat.kg деген жаңы ишкана күнүнө 170 тонна помидор өндүрөт экен, алар да тамчылатып сугарып жатат. Ошон үчүн быйыл сууну аз талап кылган өсүмдүктөргө басым жасоо зарыл. Анан суу каналдарын тазалап туруш керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG